Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Үзгүлтүккө учураган акция


Өндүрүш Токтонасыров буга чейин да ушул өңдүү бир нече акцияларды өткөргөн. 9-ноябрь, 2009-жыл
Өндүрүш Токтонасыров буга чейин да ушул өңдүү бир нече акцияларды өткөргөн. 9-ноябрь, 2009-жыл

Ленин райондук соту “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Ө.Токтонасыровго байланыштуу Ленин РИИБи тарабынан козголгон административдик иш козгоо боюнча протоколун “толук толтурулган эмес” деп кайтарып берди. Буга Ленин РИИБнин кызматкерлеринин Ө.Токтонасыровго карата тергөөнүн иш кагаздары анын талабы менен кыргыз тилинде жазылбай, орус тилинде толтурулганы себеп болду. Сот Ленин РИИБ тарабынан Ө.Токтонасыровдун укугу тебеленгенин да белгиледи.

8-февралда Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкты" уктуруу талабы менен УТРК алдына акцияга чыккан. Анын акциясы башталбай жатып үзгүлтүккө учурады. Саат 10дор чамасында УТРК алдына чыгаары менен Бишкек Ленин РИИБнин жана ИИМдин 9-бөлүмүнүн кызматкерлери келип “акция мыйзамсыз өткөрүлүп жатат” деген негизде опузалоого өтүштү.

15 мүнөттөн кийин Ленин РИИБинин кызматкери Талант Иманкадыров “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдон “Азаттык, Азаттык жана Азаттык” деген жазуусу бар плакатты күчкө салып тартып алды. Өндүрүш Токтонасыров буларды белгиледи:
Негизги келген себибин укпай эле, театрдын баары:“Эмне үчүн чыктың? Укугуң барбы?” деген сөздөргө айланып кетти.


- Мен бүгүн уюштуруп жаткан иш-чара ушуну менен алтынчы болуп атат. Буга чейин да мыйзамдын чегинде маалымдама жолу менен ушундай акцияларды уюштуруп келгем. Өткөндөгү акциям тиртип коргоо органынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз токтотулган. Бүгүн да кайталап чыктым. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.

Мындан соң Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Канат Доосовдун жетектөөсүндө Өндүрүш Токтонасыровду колунан кайрып, райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишти.

Акцияга жергиликтүү укук коргоочулардан жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр байкоо салып турушту. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова Өндүрүш Токтонасыровдын кармалышын кескин айыптап, милиция бийликтин кызыкчылыгы үчүн гана камчыланып калганын айтты:

- Милиция бийликтин кызыкчылыгын коргоп атат. Мурда Макисм Кулешов деген жалгыз чыкчу эле. Мына дагы бир адам чыкты. Бул адам эмне кыла алат эле анчалык? Өзүнүн талабын коюп атат. Тим эле койсо болмок да. Болбой эле кайра эле курчап кетип атышат. Эмне үчүн? Булар “Азаттык, Азаттык жана Азаттык” деген сөздөн коркуп атышат.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Бурул Османалиева сөз эркиндиги үчүн уюштурулуп жаткан акциянын тартип коргоо органдары тарабынан үзгүлтүккө учуратылышы - өлкөдө жарандардын эркин чогулуу укугу тебеленип жатканынан кабар берет деди.

- Негизги келген себибин укпай эле, театрдын баары:“Эмне үчүн чыктың? Укугуң барбы?” деген сөздөргө айланып кетти. Адам укуктары, пикетке чыгуу укуктары тууралуу проблема болуп кетти.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү ушул эле күнү Өндүрүш Токтонасыровго Административдик кодекстин 371-беренеси боюнча протокол түзүп, ишти Ленин райондук сотуна өткөрдү.

Акция улана берет

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров тергөөнүн иш кагаздары анын талабы менен кыргыз тилинде жазылбай, орус тилинде толтурулганына нааразычылык билдирди. Ал ошондой эле ага адвокатты өзүнүн каалоосу менен эмес, таңуулап бекитип берүү аракети болгонун судья Сания Бранчаева алдында белгиледи.
Эмне үчүн? Булар “Азаттык, Азаттык жана Азаттык” деген сөздөн коркуп атышат.


Айыпталуучунун мындай жүйөөлөрүн уккандан кийин Ленин райондук сотунун судьясы Сания Бранчаева Ленин РИИБ тарабынан Ө.Токтонасыровдун укугу тебеленген деген
чечимин чыгарып, ага байланыштуу ишти кайра Ленин РИИБге кайтарды.

- Мен сот жараяны учурунда бийликтин буйругун аткарып мени күнөөгө батырып коебу деп ойлогом. Бирок бул киши туурасын айтты.

Ө.Токтоназаров ага байланыштуу Ленин РИИБ кызматкерлеринин кыймыл аракеттери мыйзамсыз деп эсептеп, шаардык прокуратурага арыз жолдоорун билдирди.

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси кийинки акциясын БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына белгилеп жатат.

Ө.Токтонасыровдун акциясы үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

XS
SM
MD
LG