Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

У.Казакбаев: Тартип коргоо органдары реформага муктаж


Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү абал боюнча билдирүү таратты. Анда эл аралык иликтөөнүн зарылдыгы баса белгиленген. Бул билдирүүдө мындай окуянын кайталанбашы үчүн чукул аракеттер көрүлүшү керектиги белгиленген. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна укук коргоочу Урмат Казакбаев жооп берди.

- Эл аралык Human Rights Watch эл аралык уюму Ош, Жалал-Абаддагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүрүшү керектигин айтууда. Бул иликтөөнүн бүгүнкү күндөгү орду канчалык?

Урмат Казакбаев: Менимче, эл аралык иликтөө болуш керек. Себеби мен “өзбек улутундагы биздин жарандар же кыргыз улутундагылар күнөөлүү” деп айталбайм. Анткени күнөө тигил тараптан да, бул тараптан да кеткен. Укук коргоочуларда да, журналисттерде да бар. Бир тарапты эле күнөөлөө эч жакшылыкка алып барбайт. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөрдү издебей, иликтөө жүргүзүш керек.

Мындай окуялардын белгиси Маевка, Петровкада байкалган. Бирок укук коргоочулар, журналисттер ошол белгилерге көңүл бурган эмеспиз, бийлик да көңүл бурган эмес. Аны кайра курал катары, саясий упайларды алуу үчүн колдонгон. Бир эле жолу бар: бири-бирибизге сабырдуу болуп, түшүнүү менен элдешүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек.

- Human Rights Watch эл аралык уюмунун маалымдамасында кыргыз өкмөтү качкындарды кайтарганы менен аларга эч кандай шарт түзүлбөгөндүгүн мисал катары айтууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?

Урмат Казакбаев: Мен ал жакта болбой туруп деле айтсам болот, берилген маалыматтын чындыгы 70 пайызга жетет. Себеби бийлик азыр шарт түзүп бермек тургай, буга чейин референдум өткөрүп алалы деп болгон күчүн ошол жакка жумшаган. Бул, мен ойлойм, азырынча туура түшүнүш керек. Эгерде бийлик эч кандай шарт түзүп бербей же эч кандай көңүл бурбаса ошондо бийликтин чоң күнөөсү болмок. Анткени бизге буга чейин референдум, тынчтык керек болду.

- Ушул эле убакта тургундарга тартип коргоо органдары тараптан басмырлоолор болуп жатканы кабарланган экен.

Урмат Казакбаев: Биз бардыгыбыз билебиз, тартип коргоо органдарынын 95 пайызы паракорчулук менен тамактанат. Бирок муну туура түшүнсө болот. Анткени айлыгы аз, паракорчулук менен тамактанса ал кантип эле таза иштеп бермек эле? Мен ойлойм, бул окуяларда укук коргоо органдарынын күнөөсү көбүрөөк. Мындан ары бири-бирибизди кечирип, тазалануу жараянын жүргүзүшүбүз керек. Экинчиден, тартип коргоо органдарын, сот системасын реформа кылыш керек деп бийликке сунуштарды берсе эң чоң иш болмок.

XS
SM
MD
LG