Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Кыргызстандын түштүгүндө күч органдарына айтылып аткан сындар, буга байланыштуу дале болсо тышкы күчтөрдү киргизүү идеясы таркалып атканы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна саясий серепчи, профессор Орозбек Молдалиев жооп берди.

- Ош жана Жалал-Абадда күч органдарына, айрыкча укук коргоочулар, айрым маалымат каражаттары сын пикирлерин айтып атышат. Мисалы, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова өңдүү укук коргоочулар. Мыйзамсыз кармалгандар көптөгөн адам укуктары бузулуп аткандарын айтып атышат. Сиз кандай ойлойсуз, чындап эле тартип күч органдары чектен чыккан учурлар барбы?

Орозбек Молдалиев: Эми укук коргоочулардын арасында деле ар кандай билимдүү, жөндөмдүү адамдар бар. Укук коргоочулар Ош, Жалал-Абад окуяларында өздөрүнүн көпчүлүк жагын, тилекке каршы, көрсөтө албай жатышат. Окуяны кээ бирөөлөр геноцид деп баалашууда. Ушул окуялар башталгандан кийин мага кайрылып, бир укук коргоочубуз негизсиз кармалып атыптыр деп айтып чыккандан кийин мен чалсам ал укук коргоочу уюштуруучулардын бири экен.

Адамдардын жалпы укугунун декларациясынын 29-беренесинде “коомдук тартипти, башкалардын коопсуздугун, бейпилдигин демократияны коргоо учурунда адамдардын укугун чектөөгө киргизилет” деген. Ошон үчүн укук коргоо органдары тарабынан албетте адамдардын укугун чектөөгө аргасыз болуп аткан шартын биз бардыгыбыз түшүнүшүбүз керек. Укук коргоочулар муну аябай жакшы билишет.

Албетте аракет кылып аткан күч органдарынын бардыгы эле “сиз-биз” деп сылык мамиле жасай албай атышат дегендерин көрүп турабыз, алардын деле деңгээлдери ар кандай. Ошон үчүн муну өтө эле апыртпай, бул маселелерди жеринде чечсе болот.

Дагы бир жери бар: кайрылып аткандар – ызаланган адамдар, адамдардын психикасы өзгөрүп калды, азыр бири-бирине тез капа болот. Кээ бирөөлөр атайын өч алайын деген ой менен кайрылышы мүмкүн. Сабырдуулук жана өтө калыстык менен мамиле жасашыбыз керек.

Эми укук коргоочулар десе өзүнчө эле периштедей болгон адамдар деп карабашыбыз керек, алар да тирүү кишилер, алардын да кабыл алуусу өзгөрүп калды, алар да кайгырып атышат. Апрел окуяларынан кийин укук коргоочуларыбызга бир топ нааразычылыктар бар, булардын даярдык деңгээлдери деле начар экен. Ушундай өтө курч кырдаалда кээ бирөө калыс баа бере албай калып атышат.

- Ушул маселеге байланыштуу өлкө түштүгүндө улуттук азчылыктар аскерге, милицияга ишенбей калды, андыктан ал жакка тышкы күчтөрдү киргизүү зарылчылыгы бар деген пикирлер бар. Бул бизге адам укуктарын коргоо үчүн ушундай керекпи же башка мүдөөлөр болушу мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: Тышкы күчтөрдү киргизгендин өзүнүн тартиби болот. Мындай жаңжал чыкканда биринчи мамлекет өзүнүн күчү менен эки тарапты жараштырат жана ошол иштерди жүргүзөт.
Бул жерде тышкы күчтөр, эл аралык уюмдар кеңеш берип турушу мүмкүн, азыр бизде ошолор деле жасалап жатат. Эгерде ички күчтөрдүн алы жетпесе анда ортомчулар киргизилет. Ортомчу адамдардын да аракети жетпей, такыр эле айла болбой калганда анан тышкы күчтөр киргизилет. Мунун өзүнүн тартиптери бар. Анын үстүнө тышкы күчтөр дегенде эле баланча жерде жаңжалга бара коелу деп даяр турган тышкы күчтөр деле жок. Дүйнө жүзүндө отуздан ашык жаңжал болуп атат, БУУнун күчтөрү жетишпейт. Алардын бул жерге келери күмөн нерсе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG