Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Т.Акун: Тергөө иштеринде мыйзам бузууларга жол берилген


Ош облусунун комендатурасынан маалымдалгандай, Оштогу башаламандыктар боюнча 1045 кылмыш иши козголду. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ош коогалаңына тиешеси бар делип камалган адамдардын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

Турсунбек Акун: Биринчиден, мен Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен сүйлөшүп атайын бир топ жибердик. Нарындан башка региондун өкүлчүлүгү, борбордук аппараттан атайын топ барып, көп күндөн бери иштеп атат. Алар адегенде Ош шаарына барып, азыр Жалал-Абад шаарына келишти.

Биринчи максат – УККнын убактылуу кармоочу жайында жана СИЗОдо жаткандар менен жолугушуу. Алар облустун убактылуу кармоочу жайына кирип чыгышты. Ал жерге буга чейин укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Азиза Абдрасулова кирген экен. Алар “кыйноолорго жол берилген” деп айткан үчүн биз ошолорду текшерүү үчүн кирдик.

Убактылуу кармоочу жайда 39 адам кармалып турат. Ошонун 80 пайызга чукулу өзбек улутундагылар, 20 пайызы кыргыздар. Бирок бул маалыматты так айтуу үчүн мен балдар менен байланыша албай атам.

Азиза Абдрасулова 39 адамды атайын журналга жазып кеткен экен, 9 адам катуу кыйноого дуушар болгон дептир, бирок алардын аты-жөнү жазылган эмес. Бирок андан бери бир жума өтүп кетти, балким көптөрү кетип калган. Бирок биздин балдар кыйналган балдарды толук тапкан жок. Биз алардын кийимдерин көтөрүп, бардыгын текшерип көргөндө алардын ичинде кыйналгандар дээрлик жокко эсе.

- Аларды тергеп, иликтөө иштеринде мыйзам бузууларга жол берилбептирби?

Турсунбек Акун: Мыйзам бузууларга жол берилген. Анткени аларды кармаганда көбү "катуу күч колдонуп кармаган деп” айтышууда. “Бирок убактылуу кармоочу жайда турганда кыйнаган жок” дешти. Ал эми укук коргоочу айткан мурдагы келгендердин кыйналганы тууралуу толук маалымат, аты-жөнү жазылбагандан кийин биздин балдар тапкан жок.

- Ош, Жалал-Абад окуяларын уюштурган ана башчыларынан кармалгандар бар бекен? Же карапайым калк күнөөлүү болуп чыктыбы?

Турсунбек Акун: Ана башчылар деп бөлө албайбыз. Ал жерде дээрлик карапайым эле адамдардын, өзбектин да, кыргыздын да өкүлдөрү. Анан КГБнын СИЗОсуна кирип чыгышты, анда 22 бала кармалып турат. Ошолордон Даутов Аваз деген жигитти катуу сабаган экен, денелеринин баары көк, биздин балдар көрүптүр. Азиза Абдрасулова, эл аралык коммиссия барганда “мени ушул жерден, түрмөдөн сабашты, кыйнашты” деп айтыптыр. Биздин балдарга болсо “кармаганда карама-каршылык болду” деп эки түрдүү айтып атышат. Биздин балдар текшергенде да түрмөнүн жетекчилери ээрчип жүрөт, анан алардын көзүнчө балким жалтанып атабы.

- Базар-Коргондо да камакта укук коргоочу Азимжан Аскаров жатпады беле. Аны менен байланыша алдыңызбы?

Турсунбек Акун: Биздин балдар СИЗОго да кирип чыгышты, алардын акыбалын көрүштү. Ал жакта көбүнчө өзбек балдар, бир гана кыргыз бала бар экен. Азимжан Аскаров боюнча атайын коммиссия Базар-Коргонго жиберип, кечээ эки жолу кирип чыгышты.

Мен телефон аркылуу Азимжан Аскаров менен байланыштым. Ал киши “менин бул жерде эч кандай күнөөм жок. Милиция өлгөндө эки километр алыс тургам, мониторинг кылганы келаткам, анан мени кармап алып, сабап, ушунча күндөн бери кармап жатат” деп арызданды.

Бүгүн да колунан кагаз алат, кечээ да алышты. Бүгүн балдар келсе эртең биз атайын маалымат жыйын өткөргөнү атабыз. Азимжандын өзү менен сүйлөшсөм ал ыраазычылыгын билдирди. Мен да бүгүн Азимбек Анаркулович жана башка жетекчилер менен сүйлөшөйүн деп атам. Анткени мага жеке Роза Исаковна ишти текшерип, аныгын бил деп тапшырган.

XS
SM
MD
LG