Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова аймактагы адам укугунун абалы, кыйноолорду азайтуу маселелери боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Июндагы тополоңдон кийин адам укугу жаатта аймактагы абалга кандай баа бересиз?

А. Аманова: Быйылкы жыл адам укугу үчүн эң оор жыл болду. Адам укугунун бузулушу, айрыкча жашоого болгон укугунун бузулушу укук чөйрөсүндө олуттуу, чоң татаалдыктарды алып келди. Июнь окуясынан кийин адам укугунун сакталышы боюнча иликтөөлөрдү жакшы жүргүзбөгөндүгү, эл арасында укуктук саясат болбогондугу, элдердин укуктук билиминин төмөндүгү буга абдан таасир этти.

“Азаттык”: Июнь коогасынан кийин массалык түрдө камоолор болду. Камалгандардын абалы кандай, сиздер көзөмөл жүргүзүп жатасыздарбы?

А. Аманова: Камалгандардын абалы өтө жакшы деп айтуу кыйын деп мен дайыма айтып келем. Себеби айрыкча биздин Жалал-Абад облусунда СИЗОнун жоктугунан Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайларында камалып турат. Адамдардын саны көп. Убактылуу кармоочу жайларда кишинин саны нормадан өтө ашык болот. Алардын шарттарын жакшы деп айта албайм. Бирок укуктук жардам берүүгө аракет кылып биздин өкүлчүлүк алардын укугунун сакталышына көзөмөл жүргүзүп келебиз.

“Азаттык”: Убактылуу кармоочу жайларда кыйноолоорду алдын алуу боюнча дагы кандай чараларды көрсө болот, абалды өзгөртүү мүмкүнбү?

А. Аманова: Бул жаатта Жалал-Абадда эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда абал оор. Мунун ар кандай себептери бар. Ошол себептерди жок кылмайын кыйноону токтотуп коюу өтө кыйын. Себеби кыйноо фактыларын далилдөө да өтө кыйын. Али да болсо биздин сот органдар ошол айыпталып, соттолуп жаткан кишинин өзүнөн ошол кылмышка күнөөлүмүн деп күнөөсүн мойнуна алган фактыны алар өкүмдүн негизи кылып алышат. Мындай көрүнүш өзгөрбөсө дагы деле тергөө органдары кылмышка шектүү адамдарды айыбын мойнуна алдырыш үчүн кыйноо ыкмасын пайдалана беришет. Бул биринчи себеби деп ойлойм.

Экинчи себеби, Жалал-Абадда бир канча жылдан бери айтылып келгенге карабастан СИЗО жок. Ошондуктан кармаган да, сураган да, арызды башка органдарга жеткирген да милиция кызматкерлери болуп, аларга бөгөт койгон шарттар жок. Ошондуктан областа кыйноону алдын алуу боюнча биринчи шарт СИЗОну бүтүрүш керек.

Азыр биздин мамлекеттик бюджети өтө тар экенин билем. Бирок көп эле эл аралык донорлор Кыргызстанга өтө жакшы жардам берип жатат. Ошол донорлордун берген материалдык жардамын Жалал-Абадда курулуп бүтпөй калган СИЗОну бүткөрүп берсе Ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында 48 саат турса, 48 сааттан кийин чыгып кетсе, ошол милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолордун болушуна тоскоолдук болуп, кыйноо жаатта абал кичине оңолот эле.

“Азаттык”: Алима айым, кечээ сизге жетекчиңиз, акыйкатчы Турсунбек Акун эскертүү берген экен. Сиз муну кандайча түшүндүрөсүз?

А. Аманова: Массалык маалымат каражаттарда, айрыкча Интернетте айтылган сөздөр толук берилбегенде маани өзгөрүп калат. Кайсы бир сайтка менин “кыйноолор жок, кыйноолор болбой жатат”, деген сыяктуу сөзүм кеткен экен. Мен аны окуп алдын алып, оңдоюн дедим, бирок ага жакшы көңүл бурбай койдум эле. Ал эми Акыйкатчынын, жетекчинин туура эмес кеткен маалыматка чара көрүү анын милдети деп эсептейм.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG