Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал 2009-жылы начарлады. Укук коргоочулар оппозиция лидерлеринин камалышы, соттолушу, бир катар журналисттердин сабалышына жана киши колдуу болушуна байланыштуу ушундай баа берүүдө.

2009-жылы адам укуктарын коргоо жана сактоо жагынан Кыргызстан артка чегингенин жергиликтүү да, эл аралык укук коргоочулар да айтып жатышат. Алар мындай көрүнүштөр “демократия аралчасы” аттыкан Кыргызстандын эл аралык чөйрөдө аброюн кыйла түшүрөт деп ырасташууда.

Кыргызстандын башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун өтүп бараткан жыл өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында бир топ иштер аткарылып, алдыга карай жылыштар аз да болсо бар экенине токтолду:

- Бул аралыкта тынч митингдерди өткөрүү боюнча альтернативдүү мыйзамды иштеп чыктык. Ал Венециялык комиссиянын корутундусун алды. Жакында аны Жогорку Кеңешке сунуш кылганы жатабыз. Андан сырткары кыйноолорго каршы мыйзамдын факультативдүү долбоорун парламент ратификациялап берди. Мына ошонун негизинде эксперттер менен бирге мыйзамды иштеп чыгып, парламентке сунуштайбыз.

Оңдой турган иштер көп...

Акыйкатчы адам укуктары жаатында оңдой турган иштер көп экенин да белгилеп өттү. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагына сырттан келген укук коргоочу, журналисттерди киргизбей койгон учурлар дал ушул жылы көбөйгөнү - терс көрүнүш.

- Өлкөдө пикет, митинг өткөрүү бир топ кыйын болуп калды. Бул жагынан бир топ артка кетип жатабыз. Андан сырткары кээ бир жерлерде жарандарыбыз камалып, сабалып жатат. Петровкадагы, Балыкчыдагы жана Ноокаттагы окуя да бизге аброй алып келбейт. Ушул жагынан да көп кемчиликтер болууда. Кээ бир саясий лидерлердин үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Бул боюнча да өз пикиримди айтып жүрөм. Кыскасы адам укугу жаатында баары жакшы болуп атат деп айтуудан алысмын. Жакшы нерселер да болуп атат, жаман жагы да бар.

Кыргыз бийлигинен өтүнүч

Бир жылдын ичинде эле сырттан келген 5-6 укук коргоочу Кыргызстандын аймагына кире албай кайра кеткенге мажбур болушкан. Айрымдарына 5-10 жылга өлкөгө кирбөө чечими кабыл алынды. Алардын ичинен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан келген укук коргоочу Негина Бахрыеваны “Манас” аэропортунда өлкөгө киргизбей коюшкан.
Президенттик шайлоодо жаштардын, айрыкча студенттердин укугу бузулду. Башка партияны колдогон студенттер куугунтукка алынган учурлар кездешти.


Ага чейин орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев, украиналык журналист Евгений Грибовски, эл аралык укук коргоочулар Марина Габитова, Бахрам Хамроев, Ивар Дали киргизилген эмес болчу.

Мына ушундай көрүнүштөргө Европа Комиссиясы да тынчсызданып, билдирүү менен чыккан. Анда кыргыз бийлигинен алардын артынан сая түшүүнү токтотууну суранган. Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар ушундан улам өлкөдө абал кооптуу боло баштады деген тейде тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Миң жана бир пикирлер

Башкы прокуратуранын мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жасоо башкармасынын ага прокурору Нурбек Жороев тынчсызданууга негиз жок экенин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө айткан эле.

- Тынчсызданууга негиз жок. Мамлекет жетекчилиги тарабынан колдон келишинче адам укуктарын коргоо боюнча саясат жүрүп жатат. Так жана толук аткарсак эле баары жакшы болот.

Жарандык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда атуулдар өз укуктарын билбегендиктен улам өзгөчө мамлекеттик укук коргоо органдарынан запкы жеп, бейкүнөө жазаланып, кыйнап-кыстоолорго чалдыккан фактылар көбөйүп баратканын айтып коңгуроо кагышууда. Депутат Роза Отунбаева адам укуктары маселесинде абал оор экенин белгиледи:

- Эл аралык мекеме, уюмдар берип жаткан баага караганда Кыргызстан орто кылымдын заманына кетип баратат. Элдин баарын эле зынданга тыгайын деп атат окшойт азыркы бийлик. Азыр Кыргызстанда жашаганга кепилдик жок болуп калды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда адам укуктары маселеси кадыресе жогору турарын белгилеп келет. Анын пикиринде Баш мыйзамда да адам укуктары жакшы бекитилген.

- Бирок кеп методология маселесинде болуп жатат. Анткени Конституцияда кепилдик берилген укуктарды биздин менталитетке ылайыктуу кылып механизмдерин табыш керек. Ошондо адамдын укугу жакшы иштеп кетти деп айта алабыз.

Салыштыруудан бардыгы билинет

Жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев Кыргызстан адам укуктарын коргоо жагынан бир топ иштерди жасашы керектигин белгиледи.
Тартип коргоо кызматкерлери айрымдарын үйүнөн, айрымдарын окуп аткан жеринен колуна кишен тагып алып кетишиптир. Анан алардын башына мылтык такаган учур болуптур.


- Мен Тажикстанга барганда ал жактан Кыргызстанда адам укуктары бир топ жакшы экен деп оптимисттик маанайда кайтам. Европа, АКШ өлкөлөрүнө барганда көңүлүм чөгүп, тескерисинче, пессимисттик абалда болуп кайтам. Негизинен өлкөнү салыштырганда да ким менен салыштыра турганыбызды аныкташыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, анда биз алга жыла турган, жасай турган иштерибиз көп. Бизде укук бузуулар абдан чоң жана кескин кезигип жатат.

Жетишкендиктер жана жаштар укуктары

2009-жылдын укук жаатында жетишкендиктеринин бири – акыйкатчынын жылдык баянына жаштар параграфынын киргендиги. Аны жаш укук коргоочу жана активисттер өлкөнүн аймактарын кыдырып, иликтөөнүн негизинде даярдашкан.

Жаш укук коргоочулар региондордо укук маселени иликтеп, мониторинг жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жаштардын көбү өз укуктарын билбей тургандыгы, билгендери укугун коргоп чыгуудан корко турганын көрсөткөн. Жаш укук коргоочу Урмат Казакбаев окуучулардын укуктары бузулган фактылар көп экенин “Азаттыкка” белгиледи:

- Менин таң калганым - өзгөчө мектеп окуучулардын укугу көп бузулат экен. Коммунисттер фракциясынын депутаттары менен жолугушууда окуучулар өз проблемаларын ачык айтышкан. Ошонун эртеси эле тартип коргоо кызматкерлери айрымдарын үйүнөн, айрымдарын окуп аткан жеринен колуна кишен тагып алып кетишиптир. Анан алардын башына мылтык такаган учур болуптур. Албетте ушинтип басынтып атса алар бизге эмес, ата-энесине эч нерсе айтпайт да.

Дагы бир жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулованын белгилешинче укугу бузулган жаштардын саны дагы деле арбын. Айрыкча 2009-жылы президенттик шайлоодо студенттердин укуктары көп тебеленген. Арасында куугунтукка учурагандары да болгон. Укук коргоочунун айтымында, өтүп бара жаткан жыл жаштар үчүн оор жылдардын бири болду.

- Биринчиден, президенттик шайлоодо жаштардын, айрыкча студенттердин укугу бузулду. Башка партияны колдогон студенттер куугунтукка алынган учурлар кездешти. Мындан сырткары жаштар үчүн чоң проблема - тартип коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармоолор болду. Жаштардын паспортун текшерип, жанында жок болсо кармап кеткен учурлар арбын катталды. Быйыл бир кадам алдыга жасасак, эки кадам артка жылдык.

Г.Абдырасулова жаштардын өз укуктарын билбей тургандыгын жана ушул багытта окуу жайларда, мектептин жогорку класстарына сабактар, лекциялар киргизилсе деген ойдо.

Сен укугуңду билесиңби?

Мына ушул суроо менен “Азаттык” айрым жаштарга кайрылып көрдү. Алар өз укуктарын билеби, же кандай учурда укуктары бузулуп жатат?

Марат: Адам укугу боюнча кыргыздарда көптөрү эле билишпейт. Ошого жараша мамиле кылышат. Мисалы, МАИ кызматкерлерин эле алалы, жөндөн жөн эле кайдан кааласа айдоочуларга укукту билбегендиктен болбогон күнөөлөрдү мойнуна коюп, акча алып жатышат. Нааразы эле болобуз.

Чыңгыз: Азыр мурдагыга караганда жаштар өз укугун жакшы билип калды деп ойлойм.

Махабат: Кыргыз жаштары өз укугун билет деп эле ойлойм. Коомдо болгон талаптарга жооп берип жүрсө, эч качан бузулбайт деп ойлойм.
Адам укугу боюнча кыргыздарда көптөрү эле билишпейт. Ошого жараша мамиле кылышат.


Дамира: Адамдардын укуктары тебеленди деген чын эле. Азыр акчасы бар, бийлиги бар кишилер эле утуп, ошолор эле бийлеп келе жатышат. Мен өзүм да ошондой абалга туш болуп, бирок укугумду коргоп калганга жетиштим.

Жанарбек: Кыргызстанда иштеткендер негизинен эле бай адамдар да. Алар иштетип акчасын бербей коет. Ушул жагынан да адам укугу тебеленип жатат.

Ошентип укук коргоочулар 2009-жыл адам укугун сактоо, коргоо жаатында абал оор болду деп жыйынтыкташат. Алар абал келерки жылы жакшы жакка өзгөрүшүнө көп деле ишенбегени менен, үмүттөрү чоң. Анткени үмүт эң акыркы өлөт эмеспи...

"Азаттыктын" архивинен: Укук коргоочунун укугун ким коргойт?

Укук коргоочу Максим Кулешов психикалык ооруканада бир күн жатып чыкты. Аны милиция 4-мартта Ак үйдүн алдына кезектеги акциясын өткөргөнү чыккан учурда кармап кеткен. (ESu, MiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG