Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Жалал-Абад: Үйсүз жарандардын күйүтү жана үмүтү


Июнь окуяларында үйү өрттөнүп кеткен Шакир Кодировдун үй- бүлөсү мурда наабайкана болгон эски тамда баш калкалоодо.
Июнь окуяларында үйү өрттөнүп кеткен Шакир Кодировдун үй- бүлөсү мурда наабайкана болгон эски тамда баш калкалоодо.

Базар-Коргон районунда июнь айында үйү өрттөнүп кеткен сегиз үй-бүлөнүн жашоочулары ушу тапта көрүнгөн жерде баш калкалоодо. Алар кышта кайда жашаарын билбей, баштары маң. Тополоң окуялардын маалында жалпысынан район боюнча 238 үй-бүлөнүн үй-жайы жараксыз болуп калган.

Базар-Коргон районунда июнь айында өрттөнгөн үйлөр кайра курулууда. Өрттөнгөн ошол үйлөрдүн көпчүлүгүнда курулуш жүрүп, эл аралык уюмдардын эсебинен сегиз үй бүтүп, отуз алтысы аяктаар алдында турат. Дагы ошончо үйдүн чатыры жабылууда. Үйсүздөр кышка дейре турак-жайлуу болооруна ишеним бар. Баш калкасы жокторго мамлекет эсебинен насыя акча да берилип жатат.

- Базар-Коргон районунда өзбек эле эмес, кыргыз жарандарынын да үйлөрү күйгөн. Бир үйдө эки-үч үй-бүлө жашагандар бар экен. Кайрылып келбегендери бар. Ошондуктан мурда 208 үй күйгөн деп чыгардык эле, эми алардын саны 238 ге жетти. Азыркы күндө тиешелүү жардам берилип атат. Үйүн өзүм куруп алам дегендерге 50 миңден, мамлекет эсебинен 200 миң сомдон берилип атат. Ссудаларды биринчи кезекте ошо жапа чеккендерге берип атабыз, кыргыз, өзбек экенине карабай . Кудай буюрса, кышка дейре үйлөр бүтөт,-деди райондун акими К. Артыков.

Анткени менен район борборунда мурда сегиз үй-бүлө жашаган батирдин курулушу баштала элек. Үйдүн ордуна өрттөнгөндөн калган соройгон дубалдар гана турат. Үй ээлерине жаңы курулар тамдын курулай жери ченелип берилген. Алар курулуп берилмек болгон райондун башка аймагындагы көп кабаттуу үйдө жашоодон баш тартышып, эски тамдын ордуна үй куруп берүүнү өтүнүшкөн. Жаңы тургузулар үйдүн ордунда төгүлгөн шагылдан башка курулуш жабдуулары көрүнбөйт. Шакир Кодировдун үй-бүлөсү мурда наабайкана болгон эски тамда баш калкалоодо.

- Оокат-азыктан жардам берип атышат, үй жагынан жардам жок. Кышта билбейм, кантебиз,-деп кейип кепчийт Ш. Кодиров.

Үйсүздөргө буга дейре жайкы чатыр берилген. Бирок өткөн аптадагы жаан-чачындан кийин чатырда жашоо мүмкүн болбой калды. Тамсыз калган Матлюба Кадированын ырасташынча, аларды кантип кыштан чыгуу көйгөйү тынчын алууда. Анткени кийим-кечек, жууркан- төшөнчү, үй-мүлкү түгөлү менен өрттөнүп кеткендиктен үйсүздөрдүн кайда жашары белгисиз. Өкмөттөн ар бир үй-бүлөгө берилген кайтарымсыз 50 миң сом акчаны алар күндөлүк жашоосу менен кийим-кечек сатып алууга сарптоодо. Кышка отун-көмүр камдоону ойлоого тамсыздардын чама-чаркы да жете элек.

- Чатырда жашап болбойт, түбүнөн суу өтүп жатат. Үйлөр өрттөнгөнүнө мына төрт ай болду, жардам келе элек. 50 миң сом жардам берди, ал эмне болот, өзүңүз ойлоп көрсөңүз,-дейт Матлюба.- Барак үйдө жашаган экенсиңер, силерге 200 миң сом болбойт, 50 миң сом болот дешти. Мына кыш келатат, тамак-ашты го эптейт экенсиң, үйүң болбосо, кайда жашаарды билбейт экенсиң. Мына ушу наабайкананы үй кылып алганбыз, мунун түбү цемент, үстү шыйпыр, ичи суук. Бир кийим менен калганбыз, же кийим жок. Менин көрпө-төшөк, килем, паластарыман өйдө күйүп кеткен. Төрт адамбыз.

Курулуш ишканаларынын келип, үйдү тургузууну күткөндөрдүн бири өзбек карыя болду. Анын үй-бүлөсү ушу тапта район борборунун башка көчөсүндө турган уулунун үйүндө жашоодо. Карыя дүйшөмбү күнү эки бөлмө болсо да үйүнүн курулушу башталарына үмүттөнүп турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG