Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Акин Токталиев: “Жаңы бийлик мыйзамсыз жол менен келди”


Убактылуу өкмөттүн легитимдүүлүгү тууралуу укук коргоочу, юрист Акин Токталиев “Азаттыкка” маек курду.

- Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров 27-майда маалымат жыйынында мурдагы президент Аскар Акаевдин кол тийбестик макамы алынат деп билдирди. Буга чейин Убактылуу өкмөттүн Декрети менен Курманбек Бакиевдин да кол тийбестик укугунан ажыраткан чечимин чыгарган эле. Мына ушул маселенин укуктук жактан чечилишине сиз юрист катары кандай баа бересиз?

Акин Токталиев: Кыргызда айтат «чуңкур казсаң тайыс каз, өзүң түшүп чыкканга» дейт. Булар башаламандык эле кылып атышат. Биринчи 24-март, 2005-жылы бийликти Акаевден мыйзамсыз басып алышкан. Ошол эле кишилер экинчи жолу мыйзамсыз басып алышты. Кол тийбестикти декрет менен алабыз деп атышат. Кантип алат, эмне кылып алат? Мен ушуну укук коргоочу, адвокат, юрист катары такыр түшүнө албадым.

- Бул маселени укуктук талаага алып келиш үчүн эмне кылуу керек эле?

Акин Токталиев: Укуктук талаага алып келүү үчүн Конституциялык Сотту, парламентти таратпаш керек болчу. Ошонун укуктук талаасына алып келип, андан кийин кемчиликтерин айтыш керек болчу. Конституциялык Сотту “силер ушундай ката кетирип, чөнтөк сот болдуңар, чөнтөк парламент болдуңар” деп укуктук жагына кирип, анан таратыш керек болчу. Жөн эле өздөрү келип алды, ошондуктан бизди чет мамлекеттердин эч кимиси тааныбай атпайбы.

- Ушул эки президенттин кол тийбестик макамын алуу боюнча укуктук жагына келтириш үчүн алдыдагы парламент жана өкмөт түзүлгөндөн кийин көтөрсө болот беле?

Акин Токталиев: Ошонун баарын укуктук талаага кирип, анан көтөрсө болмок. Акаевдин кол тийбестигин алабыз дейт, беш жылдан бери булар эмне теке оттоп жүрдү беле? Биринчи эле жылы ушул А.Бекназаров, Д.Үсөнов кыйкырып жүрбөдү беле, “Аскар Акаевдин 200дөн ашык мүлкү бар экен, жеп алыптыр, ичип алыптыр, 2 миллиардды эки айда алып келип Кыргызстанды жыргатабыз, байытабыз” деп атпады беле. Кана байытканы? Кайра ошол эле кишилер уурдамай, таламайга келишпедиби. Жакында баарыбыз көрүп отурабыз, А.Бекназаров менен Сариев экөө миллионду бөлүшүп атканын, ал акчаны ыктыярчыларга бергенбиз деп кайдагы бир анекдотту айтып атышат.

- Эки президенттин макамын алуу маселенин чечилишине азыркы убакта декрет кабыл алынганы, ошондой эле аны Акаевден алуу боюнча маселени кандай кылып чечүүгө болот?

Акин Токталиев: Чече алышпайт. Себеби биринчи булар элдин атынан сүйлөш үчүн, 6-7-8-апрелде курултай түзүп алып элге айтмак, “эл, укук бергилечи бизге, биз ушуну сүйлөйлү” деп. Же митинг, пикетте элдер биздин атыбыздан сүйлөгүлө деп буларга мандат тапшырбаса, же курултай жыйып алып элдин кепилдигин албаса, силердин атыңардан сүйлөп, жазалы деп. Андай болгон жок да, булар өздөрү мыйзамсыз отурат. Булардын чыгарган укуктарын бир да киши тааныбайт, кийин мыйзмдуу бийлик келгенде булардыкын жокко чыгарып, өздөрүн соттой башташат.

- Эки президенттен кол тийбестик макамын алуу тууралуу азыркы өкмөттүн аракеттерин эл аралык сотко кайрылууга болобу, же бул маселе эл аралык сотто каралбайбы?

Акин Токталиев: Сиз экөөбүз 5-6 киши чыгарып алып, А.Бекназаровду жумуштан алдык, соттодук, биздин коомчулук кабыл алабы? Алар да ошондой, алардыкын эч ким кабыл албайт.

- Бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралуучу “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовго байланыштуу ишке тотколо кетсеңиз?

Акин Токталиев: Мен Урмат Барыктабасовдун адвокаты болуп Башкы прокурор Байтемир Ибраевге үч жолу кирдим. Анын орун басарына да кирдим. Айттым, Кубаныч Кадыров, Эдил Байсалов келди, чет мамлекетке качып кеткендердин баарына иш берип атасыңар, куугунтуктоолорду токтотуп атасыңар, эмне үчүн эле Урмат Барыктабасовго келгенде эле сот аркылуу өтүш керек экен, Бекназаровдун алдынан өтүш керек экен, анын батасын алып туруп анан сотко барып акталышыбыз керек экен. Ошонусу түшүнүксүз болуп атат. Ошондуктан сотко бүгүн кайрылып атабыз. Убактылуу бийлик да чечпей атат, У.Барыктабасовго кепилдик бербей атат.

- Демек У.Барыктабасовго мурда козголгон кылмыш ишин жокко чыгаруу маселеси бүгүн каралат?

Акин Токталиев: Жок, жокко чыгаруу эмес. Муну куугунтуктоо, келсе камалат, издөөдө деген токтом чыгарган, ошону эле жокко чыгарып бергиле деп атам. Ал келсе, анан тергөөгө көрсөтмөк, кандай кылмыш кылганын. Азыр келсе издөөдө деген токтом менен камап коюшу мүмкүн. Андан тышкары учак менен учуп келишсе Убактылуу өкмөт телефон чалыптыр, “келбей эле кой, коридор жабык, учак конгонго болбойт” деп коюшуптур.

- Демек У.Барыктабасовдун мекенине келүү оюнда бар экен да?

Акин Токталиев: У.Барыктабасовдун оюнда бар, келип элиме жардам берейин, тапкан миллиард акчамды Кыргызстанга, элиме жардам берейин дейт. Өзү беш маал намаз окуйт, мен тапкан акчамды аркы дүйнөгө алып кетпейм, кыргыз элиме берип, жакырчылыктан алып чыгайын деген эле ою бар.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG