Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Укук күнүндө Кыргызстан салабаттуу жыйын курду


Акыйкатчы Турсунбек Акун.
Акыйкатчы Турсунбек Акун.

Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын 60 жылдыгын Кыргызстан да белгиледи. Акыйкатчы бул күнү жыйын өткөрүп, ага эл аралык, жергиликтүү укук коргоочулар, расмий бийлик, оппозиция өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан адам укуктарынын жалпы Декларациясын урматтаган, ага баш ийген өлкө жана демократиянын баалуулуктарын сактоого умтулат. Бүгүн Бишкекте өткөн салтанаттуу жыйында мамлекеттик расмий бийик жетекчилер ушундай көз карашты туюнтушту. Буга саясий, экономикалык, социалдык укуктарга кепилдиктер, өлүм жазасынын алынып салынышы, жаза өтөө мекемелериндеги реформалар, жаза өтөп жаткан аялдар менен өспүрүмдөргө берилген мунапыс, “Миң жылдыктын чакырыктары” долбооруна катышуу укугун Кыргызстандын алышы өндүү мисалдар келтирилди.

- Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча дүйнөлүк камкордуктардын идеяларына берилген бойдон калат жана мындан ары да адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин сактоону улантат, - деди жыйында сүйлөгөн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу.

Адам укуктарын өнүгүүнүн башкы факторуна айландыруу жеңил иш эмес деди өз сөзүндө премьер-министр Игорь Чудинов. Ал акыркы күндөрү президенттин менчикти коргоо, коомдук ордо кеңеш (коомдук палата) түзүү боюнча чыгарган жардыктары, адамдардын укуктарын коргоо, бийлик менен коомчулуктун өнөктөштүгүн арттыруу үчүн жасалган олуттуу кадам деп санады. Чудинов ошондой эле быйыл 60 жылдыктын алкагында адам укуктарын коргоо жаатында Кыргызстан тогуз доклад даярдаганын белгиледи:

- Адам укуктарын коргоо жаатында Кыргыз республикасы тогуз доклад даярдап, сунуш кылды. Алардын катарында “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү” эл аралык пакттын аткарылышы тууралуу жобонун, Кыйноолорго каршы Эл аралык Конвенциянын аткарылышы боюнча докладдар бар.

Анткен менен укук коргоочулар менен оппозициялык күчтөр ыңкылаптан кийинки жылдары адам укуктары Кыргызстанда начарлап кеткендигин тынбай кайталап жатышат. Жыйында сөз алган “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова ириде жарандардын социалдык, саясий укуктары чектелип жаткандыгына кабатырланды. Эркин ой айтуу укуктарына азыркы мезгилге караганда Акаев башында турган мурдагы бийлик учурунда жарандар көбүрөөк ээ болуп келишкенин келишкендигин белгиледи. Кыргызстанга караганда, Өзбекстанда нааразылык акцияларга чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңири, деди Абдырасулова.

Ноокаттагы чатакты эске салган укук коргоочу диний абал коркунучта турат деп тынчсызданды. Анын эсебинде сот жообуна тартылган 32 киши жалпысынан 575 жыл жаза алышкан. Алардын катарында жашы жете элек улан да, аял да бар:

- Бийликке кайрылгым келет: жазалоочу ыкманы тандап албай, мекендештерибиз эмне себептен ар кандай агымдардын таасирине берилип жатканынын себебин изилдегиле. Ошолордун кесепеттерин изилдөөгө чакырам. Имараттарды басып алууну ноокаттыктар кимден үйрөнгөнүн эстеп коюуга чакырамын.

Абдырасулова ошондой эле Кыргызстанда эркин ой айтуудан, эркин сүйлөөдөн корккондордун, чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун саны өсүп баратканын айтты Булардын катарында СДПнын мурдагы жооптуу катчысы Эдил Байсалов, "Де-Факто" гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова, Таластагы укук коргоочу Улукбек Осмонов өңдүү чет өлкөгө чыгып кеткен жергиликтүү жарандардын аттары аталды:

- Мына жүздөгөн адамдар четте качып жүрүшөт. Бардыгынын артында кылмыш жоопкерчилиги турат. Ушулардын бардыгын кайра карап чыгуу керек. Мекендештерибиз келсин. Алар – кылмышкерлер эмес. Мен бийликти массалык маалымат каражаттарына куугунтукту токтотууга чакырам. Борбордук шайлоо комиссиясын тез арада реформалоого чакырам. Адам укуктарына байланышкан берүүлөр үчүн УТРКдан аптасына түз эфир берип турууга чакырам.

“Коомчулугукта курч пикирлердин айтылып жатышынын өзү Кыргызстанда демократия бар экендигинен кабар берет” деди акыйкатчы Турсунбек Акун жыйында. Ал ошондой эле кыргызстандык жарандардын ар кандай кысымдарга каршы күрөшүүнүн ордуна чет өлкөлөргө чыгып кетишин жактабай тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда акыйкатчы сөз эркиндиги артка кетти деген пикирди колдоду. Буга мисал катары элдин калың катмарына сиңген “Азаттык” радиосун УТРКнын жаап жатышына кабатырланды:

- “Азаттык” үналгысы Кыргыз республикасында кыргыз демократиясынын өнүгүшүнө, адам укугунун корголушуна, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы азыркы бийликтин келишине, калыстыктын болушуна өтө чоң роль ойногон. Ошол “Азатыктын” берүүлөру чыкпай атат. Канча жерди кыдырып келдим. Ошто, Нарында болдум. Жарандардын бардыгы кайрылып атышат бизге президентке айткылачы, премьерге айткылачы деп.

Акыйкатчы Турсунбек Акун басма сөздөгү абал, анын ичинде “Азаттык” менен “Би-Би-Си” жагдайын президент Курманбек Бакиевге жеткирүүнү убада кылды. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгына арналган Кыргызстандагы бүгүнкү жыйында оппозиция өкүлдөрүнө сөз берилген жок.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG