Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

16-апрелде Бишкекте болгон конференцияда Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодекси кабыл алынды. Журналисттер канчалык деңгээлде этикалык жана кесиптик стандарттын алкагында иш алып барып жаткандыгы “Азаттыктын” тегерек үстөл жыйынында талкууланды.

Талкууга “Манас” университетинин окутуучусу Бакыт Орунбеков, Маалымат каражаттарына даттануулар боюнча комиссиянын мүчөлөрү, Таластагы ММК ресурстук борборунун жетекчиси, Маалымат каражаттарына даттануулар боюнча комиссиянын мүчөсү Гүлбара Иманкулова, Алмаз Исманов жана Шамаралы Майчиев катышты

- 16-апрелде Бишкекте болгон конференцияда Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодекси кабыл алынды. Менин баамымда жыйынга расмий чакырылган бийлик өкүлдөрүнөн сырткары журналисттер, басылмалардын жетекчилеринин көпчүлүгү барышкан жок окшойт. Мындай мамиле журналисттик кесипке олуттуу маани берилбеген кайдыгерликби же азыр коомдо пайда болгон жоопкерчиликсиз мамилелердин бириби? Гүлбара айым сиздин пикирди уксак.

Гүлбара Иманкулова:
- Менимче бул конференцияга көбүнчө борбордогу журналистиканын өкүлдөрү келген жок. Катышуучулардын 80 пайызы регионалдык журналисттерден турду. Биз муну кандай деп түшүнсөк болот.

2007-жылы декабрда биринчи жолу Кыргызстан журналисттеринин съезди өткөн. Анда катышуучулардын көбү борбордогу журналисттерден туруш керек болчу. Бирок көптөрү келген эмес, мен дагы тааныштарымды көргөн, жолуктурган эмесмин. Андан бери 1 жыл 4 ай өттү.

Биз комиссия тарабынан көп даттанууларды карап чыктык, көп салым коштук. Биз ойлогонбуз бул жолу абал өзгөрөт го деп. Бирок тилекке каршы Бишкектеги журналисттер дагы эле тоготпогондой болуп атат. Абал азыр ошондой.

-Кыргызстан журналисттери канчалык деңгээлде этикалык жана кесиптик стандарттын алкагында иш алып барышат? Бул боюнча Бакыт мырза сиздин пикриңизди уксак?

Бакыт Орунбеков:
- Өнүгөм-өсөм, демократия жасайм деген өлкөлөрдө мындай эрежелер бар. Жалпы өлкөгө тиешелүү журналисттердин этикалык кодекси тууралуу, ал тургай ар бир редакциянын, ар бир телерадио берүүлөрдүн өзүндө дагы ички тартиби, ички эрежеси катары ушундай этикалык кодекстерди иштеп чыгып, ошону аткарышат.

Бул жалпы демократиянын өзүнө, адамкерчиликке, жалпы өсүүгө чоң пайдасын тийгизе турган чоң документ, эреже катары эсептелет. Бирок тилекке каршы Кыргызстанда ушундай аракеттер болуп атат, аны аткаруу, ага баш ийүү, ага окуп үңүлүү, өздөштүрүү деген нерсе болбогону мен үчүн дагы кызык нерсе.

Алмаз Исманов: - Азыр бул кодексте негизги проблема борбордук жана регионалдык болуп бөлүнүп кетип атабыз. Бишкек шаарында жайгашкан көбүнчө республикалык ММКлар кодексти эмне кыласыңар, пайдасы жок, керексиз дешип, ишенбей, тоготпой, ушундай мамиле кылып атат. Региондо болсо көп ММКлар мамлекеттик болобу, көз каранды болобу, кичинекей, чоң болобу айырмасы жок, баардыгы эле колдоп жатышат. Борбордо көп ММКлар өздөрүн профессионалдуу деп эсептешет экен.

Бакыт Орунбеков: - Мен дагы Алмаз мырзага кошулат элем. Мен регионалдык, борбордук гезиттерде иштедим. Мисалы, негизги чуулгандуу чыгып аткан, соттошууларга кабылып аткан материалдардын журналисттердин көбү борбордо иштейт. Ар кимиси өзүнө хан, өзүнө бек, өзү билип өтүгүн төргө илип жазып аткандан бар.

Мисалы, эки колду боорго, же көкүрөккө алып моюнга ала турган жагдайларыбыз дагы бар. Эгерде ушул убака чейинки соттошуп аткан учурларыбыздын көпчүлүгүндө тилекке каршы журналисттер калпыстык кетирип койгондуктан, жалганды жазып койгондуктан, кимдир бирөөнү, кайсы бир топтун, кайсы бир саясий күчтүн заказын аткарып койгондугу билинип калып атпайбы.

Ал эми бул кодексте жазылып атат: журналист бейтарап болуш керек, кайсы бир топко, саясий күчкө, башкага баш ийбеш керек, ага кызмат кылбаш керек, анын куралы болбош керек деп. Анан биз соттошууга келгенде эле бизде демократияны, сөз эркиндигин басып атат, муунтуп атат дейбиз. Андай болсо биринчиден өз ички эрежебизди сактайлы. Кодекске тиешелүү пунктар ММКлар жөнүндөгү мыйзамдын өзүндө да жазылуу. Демек биз мыйзамды да аткарбай атпайбызбы.

- Гүлбара айым, ушул өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген Этика кодексиндеги негизги өзгөчөлүктөр кайсылар?

Гүлбара Иманкулова:
- Мурунку биринчи кабыл алынган кодекс 20 беренеден турса, жаңы кодекс 23 беренеден турат. Кечээги талкууда бир нече берененин тегерегинде кызуу талкуу болду. Атап кетсек, журналист өз иши үчүн белектерди ала алабы-албайбы? Анткени көп адамдар айтат, эгерде социалдык жактан көйгөйлөрдү алып чыксак, көбүнчө пенсионерлер бизге белек катары бир нерселерди алып келип берет, тамак жасап берет, анны алсак болобу, тамагын жесек болобу, ал адам таарынып калат.

Ошол боюнча талкуу болду. Ошондой эле журналист өзүнүн ичинде жалаң мыйзам чегинде гана далилдерди чогултуш керек деген бар. Анда дагы көп талкуу болду. Анткени айтып атышат, азыркы күндө биздин өлкөдө мыйзамдуу түр менен маалымат чогултканга өтө кыйын. Ошондуктан журналисттердин көбү мыйзамсыз жагын да колдонушат. Анткени бир кат жөнөтүп коюп эле мамлекеттик уюмдардан 1-2 айлап күткөндөр болот. Дагы кызуу талкуу журналист кандайдыр бир саясий партияга мүчө болобу, болбойбу ошол боюнча болду.

Шамаралы Майчиев: - Бир кемчилик бар, көбү саясатташкан. Анан эки тарапты угуп, дагы калган информациялык булактан маалыматты алып жазыш керек деп. Көбүнчө биздики бир тарап кылып журналисттер өз оюн берет. Көбүнчө фактыларды өз ою менен алмаштырып коюшат. Ушундай кемчиликтер бар.

- Бакыт мырза, буга кошуласызбы?

Бакыт Орунбеков: - Кошулам, кыргыз журналистикасынын, өзгөчө кыргыз тилинде жазып аткан журналисттерге мен таң калам. Мисалы бир кишиге күйүп атат, бир кайгылуу окуя болду, же чечилбеген, чырмалышкан маселе болду. Мына маселени жазып атканда жабыр тартып аткан адамдын тарабына өтүп алып, ошого кошулуп алып, аны менен кошо кийип, экинчи тарап менен журналист кошо урушуп атат. Ошондой жагдайлар көп. Ал эми экинчи тарапты да сурап кой да, бул эмне үчүн болду, эмне үчүн бул маселени чечпей атасың деп. Журналисттин милдети ошол. Журналист кайсы бир тарапка ооп алып отурбаш керек. Эгер чындык болсо, анда ортого тур дагы эки жакты угуп, экөөнү тең бер.

- Гүлбара айым сиз эмне дейсиз?

Гүлбара Иманкулова: - Көп учурда журналисттер өз пикирин ММКларда бере берет. Мисалы эки тараптуу кылбай, өзүнүн оюн берет, жалпы гана өзүнүн ою катары бербей, аны бүт коомчулуктун пикири катары сунуштайт. Көп учурда ошол эле ММКларда пикирлер менен жаңылыктар бөлүнбөйт. Мисалы атайын рубрика менен бөлүп, өзүнчө атайын пикир деген сөздөр менен бөлүнбөй, жаңылык лента менен кете берет. Мунун баардыгы окурмандарга, угармандарга чоң таасир этет. Булар жаңылыктын арасындагы журналисттин ой пикирин өзүнө кабыл алат.

- Журналисттик этика боюнча биздин журналисттерге эмне каалоо тилегиңиздер бар?

Бакыт Орунбеков: - Биз алдыга жылышыбыз керек, өнүккөн өлкөлөрдүн үлгүсү менен жылышыбыз керек, айлананы караш керек. Алдыга кетип аткан демократиялык принциптерди орнотобуз десек, анда ар ким өзүнөн башташ керек. Журналисттер, мисалы, кимдир бирөөгө күнөө арткандан мурда өзүнөн баштап, өзүнө ылайык, тиешелүү мыйзамдарды, эрежелерди аткарып калыс пикирлерди берсек. Анткени коомдук пикирди бузбашыбыз керек, такыр тескери жака жетелебешибиз керек. Журналисттер акты ак, караны кара деп жазса деген тилегим бар.

Гүлбара Иманкулова: - Борбордогу журналисттер менен регионалдыктардын айырмасын айтып кетпедикпи. Борбордогу журналисттер ойлойт, мен өнүгүп бүттүм, жеткен профессионал болуп калдым дешет. Региондо болсо көбүнчө өнүгүүгө кандай болсун мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонгонго аракет кылат. Кандай десек да баардыгын билүүгө мүмкүн эмес. Азыркы күндө турмуш интенсивдүү өнүгүп атат. Ошон үчүн бүгүнкү кабыл алган стандарттар эртең туура эмес болуп калышы мүмкүн. Баарын билем дебей баары бир улам өнүгүүгө аракет кылып туруш керек, ошондой максат коюш керек ар бир журналист.
XS
SM
MD
LG