Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Р. Отунбаева: Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы абалды түшүндү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен. Бишкек, 2010-жылдын 3-апрели.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен. Бишкек, 2010-жылдын 3-апрели.

Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун сапарынан соң бул уюмдун Кыргызстанга баа бериши таасирдүү болооруна ишенет.

“Азаттык”: - БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапары туурасында оюңуз кандай?

Роза Отунбаева: - Бул Пан Ги Мундун Борбор Азияга жасаган биринчи расмий иш сапары. Ар бир республиканы өз көзү менен көрүп, абалдын кандай экенин сезгени абдан маанилүү. Анктени Орто Азия деле жалпы саясатта азыр ролу зор болуп жатат. Коопсуздук жагынан деле Орто Азия Ооганстандын жанында, анын утушу же анын абалы Орто Азияга көз каранды болуп жатат. Ошондой эле Борбор Азияда мунай менен газдын болушу жалпы дүйнөлүк күчтөрдүн оюнуна айланып кетип атат. Бизден көп маселелерди колдоп, ратификациялап берсеңер деп суранды. Жалпы Кыргызстан үчүн да бул маанилүү иш сапар. Биздеги проблемаларды көрүп кетти, өзү да курч, оор заманда келип жатат.
Роза Отунбаева

“Азаттык”: - Сиздер да БУУнун делегациясы менен жолукпадыңыздарбы. Эмне маселелерди көтөрдүңүздөр?

Роза Отунбаева: - Укук коргоочулар, саясий партиялардын мүчөлөрү Пан Ги Мундун көрсөтмөсү менен анын саясий маселелер боюнча орун басары Линн Пескоу жана Европалык комиссиянын башчысы Ян Кубиш менен жолугуштук. Ошол жерде да азыркы биздин акыбалыбыз туурасында курч маселелер боюнча сөз козгодук. Мисалы мен 7-апрелде элдин баары ар бир облуста чыгып атат, бийликтен элге иштеп атабы, эмнеге иштеп жатканын сурап атат. Конституцияга ылайыктуу кылып курултай өткөрүп атат. Силер кеткенден баштап күч колдонуу аракетте болот, деп айттым. Биз муну менен дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы абалды түшүнүп кетишти, билип кетти деп ишенебиз.

“Азаттык”: - Пан Ги Мун президент, өкмөт менен жолугушканда да адам укуктары, сөз эркиндиги маселесине токтолгонун айтты. Жогорку Кеңеште да айтып өттү. Дегеле БУУнун баш катчысынын Кыргызстанга иш сапары абалды өзгөртө алабы?

Роза Отунбаева: - Таасирдүү визит болот деп ишенем. Анктени азыркы абалда, бизден кийин Казакстан, Өзбекстанга барып атат. Орусия болсо коопсуздук кеңешинин мүчөсү, ошол эле учурда АКШ туптуура сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Бизде курч кырдаал пайда болсо, БУУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү Пан Ги Мунга, анын кеңсесине бардык маалыматты жеткирип жатышат. Ошондуктан булар деле биздеги абалды жакшы билишет. Мисалы Ян Кубиш беш жыл мурда да келип көрүп кетти эле. Бүгүнкү делегацияда Кыргызстанды билген кишилер арбын экен. Алардын баары биринчи жолу экзотикалык Борбор Азия өлкөлөрүнө келип жаткан жок. Булар биздеги абалды ийне-жибине чейин билген адамдар. Ошондуктан булардын келиши, баа бериши таасирдүү болот деп ишенем.

“Азаттык”: - Ал эми БУУнун айткан сунуштары Кыргызстан тарабынан кандай аткарылып, кабыл алынышы мүмкүн?

Роза Отунбаева: - Бир топ идеяларды айтышты. Аялдарга каршы зомбулук, климат боюнча. Булар боюнча Кыргызстанда иш жүрүп жатат. Бирок негизги адам укуктары, анын ичинде социалдык, экономикалык укуктар кирет да, бул жагынан алганда эч тыйылбай эле, Кыргызстанга канча насыя, канча жардам берсе эле бир үй-бүлө өзүнө алып, байлыктардын бардыгы өзүнүн чөнтөгүнө салып атканы азыр шексиз болуп атат. Булардын бардыгына дүйнөлүк коомчулук туура баа берет деп терең ишенүүдөмүн.

XS
SM
MD
LG