Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Чүйдө кулаган учактын “кара кутусу” изилденүүдө


Кыйраган учактын дөңгөлөгү.
Кыйраган учактын дөңгөлөгү.

КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитети “Манас” аэропортунун жанында кулаган түркиялык My Cargo компаниясынын учагынын «кара кутусун” изилдеп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган "Боинг" үлгүсүндөгү учактын “кара кутулары” 19-январда Москвага жеткирилген.

“Кара кутуларга” катуу зыян келгени үчүн андагы маалыматты штаттык жол менен алууга мүмкүн болгон эмес. Буга байланыштуу комитеттин адистери Кыргызстан, Түркия жана АКШнын тиешелүү өкүлдөрү менен маалымат жазылган интерфейсти калыбына келтирүү иштерин баштаган.

Анын алгачкы жыйынтыгы боюнча “кара кутуда” кырсык маалындагы маалыматтар бар экени аныкталган. Учурда изилдөө иштери уланууда.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон. Алардын ичинде учак экипажынын мүчөлөрү - төрт түрк жараны бар. Ошондой эле 23 үй кыйраган. (BkA)

XS
SM
MD
LG