Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:29

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстанга келди


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа.

25-июнда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа менен ЖККУнун кырдаалга көз салуу боюнча жумушчу тобу да келди. Николай Бордюжа иш сапарында Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов менен жолугушат.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязовдун айтымында, ЖККУнун өкүлдөрү менен жолгушуу учурунда сүйлөшүлчү башкы маселе - Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу болмокчу.

- Албетте Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу маселеси сүйлөшүлөт. Ошондой эле кырдаалды жөнгө салууда ЖККУнун мындан аркы ишмердүүлүгү кандай болору каралат. Алар абал менен өздөрү таанышып чыгууну каалап жатышат, биз аны колдойбуз.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстандагы башаламандыктарга байланыштуу көмөк көрсөтүү программасынын алкагында 9 тик учак бөлүү каралганы айтылган. Андан тышкары ЖККУ Кыргызстандын милициясын техникалык каражаттар менен жабдууга жардам бермекчи.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов мына ушул маселелер бүгүнкү жолугушууда дагы такталарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан ушул тапта техника жагынан жардамга муктаж болуп турат.

- Биздин атайын кызматтар кылмышкерлерди издегенге жетишпей жатат. Алардын тажрыйбасы көбүрөөк. Ошол жагынан жардам сурайбыз. Анан курулуш жагынан жардам сурайбыз. Анткени күйгөн, талкаланган имараттарды кайра тургузууга биздин өкмөттүн күчү жетпейт. Менимче ЖККУ жардам берүүдөн баш тартпайт болуш керек. Орусиядан эки тараптуу кызматташуунун алкагында гуманитардык жардам келип атат. Биз техникалык каражаттарын күтүп атабыз.

ЖККУнун Кыргызстанга жасап жаткан бул жардамы - “Убактылуу өкмөттү таануу дегендик эмес” деген оюн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Ал Орусия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обаманын жолугушуусунда Кыргызстанга басым жасалып, түштүктөгү окуяны өлкөнүн ич ара иши катары кароо керектиги эки тараптан тең айтылганын белгиледи. Ошондой эле ал эки чоң держава президенттери референдум тууралуу эмес, шайлоо тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

- Берилчү жардамдар стратегиялык өнөктөш катары гуманитардык техникалык жардам болуп эсептелет. Муну саясий жардам катары кабыл алсак туура эмес болот. Ушундай оор заман болуп турганда Эфиопия, Гондураста жана башка мамлекеттерге болсо деле Орусия колунан келген жардамын берип жүрөт. Кыргызстанга берилчү жардам да мына ушундайлардын бири. Бир айырмачылыгы – Орусиянын президентинин айтымында, Кыргызстанга эң жакын жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары мамиле жасалып жатат.

Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчакеевдин баамында, ЖККУнун жардам берүү чечими Орусиянын коопсуздук стратегиялык кызыкчылыгынан жана Кыргызстан менен карым-катнашынан улам да кабыл алыны.

- Биздин эки тараптуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусия менен тынчтык орнотуу, тынчтык коопсуздугун сактоо жана уюшкан кылмышкерлерге, радикал, террорчуларга каршы күрөшүү жолу боюнча бул туура болуп эсептелет. ЖККУнун Кыргызстанга берген жардамы зор, муну чоң жардам деп эсептесек болот.

ЖККУнун делегациясы кандуу окуя болгон Ош жана Жалал-Абад облусуна барып, абал менен жакындан таанышуусу күтүлүүдө. Бул маселе бүгүн Роза Отунбаева менен болгон жолугушуудан соң аныкталат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG