Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ: КЫРГЫЗ-ОРУС МАМИЛЕСИНДЕ ТОСКООЛДУКТАР БАР


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Президент Курманбек Бакиев Орусияга иш сапары менен барып келди. Президенттин ушул иш-сапары жана кыргыз-орус мамилелери тууралуу мурунку Тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

- Кыргыз президентинин сапары учурунда, Кырызстандын Орусияга болгон карызын кечүү маселесинин башын ачып келгени кабарланууда. Эми Орусия тарап ошол карызды кечиши канчалык реалдуу, мунун ордуна эмне талап кылыш мүмкүн деген суроо туулат?

- Биринчиден, бул маселе үч-төрт жылдан бери көтөрүлүп, каралып жатат. Тилекке каршы бул чечилбей келет. Серепчилер да туура баяндап кетти. Мен дагы айтып кетейин, бул биз тараптан болуп жатат. Биз алган милдеттемелерди аткара албай же аткарганды каалабай коюп жатабыз. Ушуга чейин “Ленин” атындагы завод же “Дастан” заводун Тажикстандын мисалында берип кутулабыз деген сөз болгон. Бирок тилекке каршы башка чечим болуп калган.

- Алар тышкы карызыбызды кечебиз деген күндө дагы анын ордуна кандайдыр бир нерселерди талап кылышы мүмкүнбү?

- Албетте. Ар бир мамлекет ал союздук мамлекет болобу же жөн эле алыс мамлекет болобу карызды жөн эле кече койбойт. Ага улуттук кызыкчылык болот. Алар менен эсептешишибиз керек жана өзүбүздүн алган милдеттенмелерибизди аткарышыбыз керек.

- “Камбарата-1”, “Камбарата-2” ГЭСтерин инвестициялоо сунушу айтылган экен, бул Орусия тарапты канчалык кызыктырат деп ойлойсуз?

- Орусиянын Борбордук Азияда өзүнүн геосаясий кызыкчылыктары бар. Ошону көздөйт албетте. Экинчиден, бул маселе дагы Бакиевдин биринчи иш сапарында эле көтөрүлгөн. Ал ошол кезде жаңы жетекчи болчу. Мен анда администрациянын жетекчиси болчумун. Ошол кезде эле инвестиция жасайбыз. ШКУ саммити бүткөндө Путин айткан 2 миллиард инвестиция кылганга даярбыз. Проектилерди бергиле деген.

- Ал маселелердин кечеңдеп жатышы эмнеге байлыныштуу болуп жатат?

- Эң негизги себеп, бул биз тарапта. Анткени, биздин өкмөт айткан сөзүн жакшы аткара албай жатат. Биз Москваны жөн эле карай бербей, өзүбүздүн мамлекетибиз болгондон кийин, улуттук кызыкчылык болгондон кийин ага шарт түзүп, реалдуу кадамдарга барышыбыз керек. Тилекке каршы коррупцияга байланыштуу, башка өзүбүздүн өкмөттөгү иштеп жаткан кишилердин
профессионалдык деңгээлине байланыштуу ал иштер ишке ашпай калган. Мындан ары дагы жакындаша албайбыз го деп турам.

- Аликбек мырза, кыргыз президентинин Орусияга ыктап жаткандыгы башка мамлекеттер менен мамилени бузбайбы?

- Бул маселе мурун эле ошондой көрсөтүлгөн да. Бакиев жаңы бийликке келгенден баштап эле. Бирок тилекке каршы андан сырткары Орусияга байланыштуу “шпиондук” чатактар болгон. Жакында эле торговый палатанын өкүлдөрү өзүнүн арыз-муңдарын айтышты. Орусиянын бизнесмендери бизде жакшы инвестиция кыла албай жатышат. Биздин экономикага салым кыла албай жатат. Анткени мыйзам да жакшы иштебей жатат. Же болбосо “Канттагы” аскер аба базасындагы чатактар. Андыктан мунун баары чон таасир этет. Анткени, сөз менен айтканда бир маселе, ишке келгенде баш маселе болуп жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG