Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан “Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Орусиянын “Единая Россия” партиясы менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнү Москвага учуп кетти.

Буга дейре СДПнын лидери орус премьер-министри В. Путин менен жолугушуп келген эле. Парламенттик шайлоо алдындагы мындай сапарлардын орун алышы тууралуу жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев "Азаттыкка" маек курду.

- Алдыдагы парламенттик шайлоодон эл аралык коомчулук эмнени күтөт?


М. Намазалиев: Менимче, Кыргызстанда тынчтыктын орношун күткөн эл аралык коомчулук албетте шайлоонун таза жана тынч өтүшүн, жыйынтыгы менен эл да, партиялар да макул болушун күтөт. Ал эми кайсы партия, канча пайыз орун алат - бул чоң мааниге ээ эмес. Бирок кайсы бир партияларга басым жасап, колдоо көрсөтүп жатышы да мүмкүн. Себеби алар ошол партиялар аркылуу өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк алышы ажеп эмес.

- Мисалы, кайсы өлкөлөр?

М. Намазалиев: Мисал катары Орусияны айтсак болот. Орусиянын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы абдан жогору болгондуктан акыркы учурда Кыргызстандын саясий процесстерине терең аралашып жатат. Азыр бир нече партиялар орус президентинин Кыргызстандагы парламенттик башкаруу тууралуу айткан пикирин колдоп, ошондой ураандарын айтып жатышат. Менимче, бул жөн жерден эмес.

- Саясий партиялардын лидерлери шайлоо алдында Орусияга алмак-салмак каттап жатканы байкалууда. Мындай көрүнүш кыргыз саясатчылары расмий Москванын батасын алууга, алардын колдосуна ээ болууга ашык болгондой элес калат. Чынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына Орусия кандай таасир эте алышы мүмкүн?

М. Намазалиев: Азыр дээрлик бардык партиялар Орусияга кошомат кылганга аракеттенүүдө. Мисалы, өткөндө да бир партия Кыргызстанда туруп, “биз Орусияны колдойбуз, биз Орусия менен биргебиз” деп аянтчадан кыйкырып жатат. Канчалаган саясатчылар Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен уламдан-улам жолугушуп жатат. Ал эми алар өз кезегинде өздөрүнүн Кыргызстандагы базаларында техникалык персоналын көбөйтүү аракеттерин көрүүдө. Демек алар да өз кызыкчылыктарын көздөп жатат. Эгер алар катуу киришсе албетте биз өзүбүздун позицияларыбызды уттуруп коебуз. Андыктан биз азырынча эч ким менен урушуп-талашпай, эмне себептен бизге парламенттик система керек экендигин жакшы түшүндүрүп, бардык өлкөлөр менен туруктуу алакаларды түзүшүбүз абзел. Орусиянын шайлоого карата таасири тууралуу кеп кыла турган болсок, алар мүмкүнчүлүктөрү чоң мамлекет болгондуктан албетте кааласа таасир кылалат деп ойлойм.

- Кыргызстандагыдай болуп Грузия жана Украинада да бийлик алмашкан. Ал жакта да парламенттик, президенттик шайлоолор өткөн. Бирок шайлоо алдындагы саясий процесстер кандай болду эле?

М. Намазалиев: Албетте демократиялык баалуулуктарын толук кандуу орното албаган, экономикасын жакшы көтөрө албаган өлкөлөр ар дайым чет өлкөлөргө барып, алардан жардам сурап жүргөн учурлар көп эле кездешкен. Ал эми Украинаны карап көрсөк, ал жактын саясатчылары ар башка өлкөлөргө чыгып турушат. Ал эми биздин алардан айырмабыз - биз бир гана өлкөгө барып турабыз. Башка өлкөлөргө "биз Орусиянын стратегиялык кызыкчылыгындабыз, бирок силер менен да кызматташсак болот" деп ар кандай убадаларды берип, тилекке каршы аткарбай келген учурларыбыз көп эле кездешкен.

Грузияда болсо абал башкача. Мисалы, президент Михаил Саакашвили келгенде аны Орусияда, Грузияда жакшы эле кабылдап жатышкан. М. Саакашвили эң алгачкы расмий сапарын АКШга эмес, Орусияга жасаган. Бирок Кремлдин башчысы Саакашвилиге бир нече талаптарды койгондо ал макул болбой койгон. Себеби ал талаптар Грузиянын өнүгүшүнө каршы келип калмак. Мына ошондон кийин Орусия менен Грузиянын алакалары начарлап кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG