Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

К. Абдымен: 3 партия бир коалицияга биригиши ыктымал


Саясий серепчи Кубан Абдымен өлкөдөгү шайлоодон кийинки саясий кырдаал тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Парламентте коалиция түзүү маселеси азыртадан эле коомчулукта катуу талкууга алынып, коалиция түзүү чечими сырткы күчтөрдөн көз каранды деген пикирлер айтылууда. Мындай пикирге кошуласызбы?

К. Абдымен: Чындыгында өлкөдөгү азыркы кырдаал бир эле Кыргызстандан көз каранды эмес деген пикирлер туура. Бирок экинчи жагынан алганда Орусиянын таасири канчалык деңгээлде экенин айтыш кыйын. Ошентсе да парламентке келген беш партия эки топко бөлүнөөрү талашсыз. Бири Орусиянын кызыкчылыктарын коргогон тарап болот. Ал эми экинчи жак өз алдынча болгону менен Батыш тараптагыларга жакыныраак позициясы менен белгилүү.

- Ал эми сиздин жеке пикириңиз боюнча парламентте кайсыл партиялар коалицияга биригиши мүмкүн?

К. Абдымен: Жаңы Конституцияга ылайык, президент парламентте көбүрөөк добушка ээ болгон партияга коалиция түзүү сунушу менен кайрылат. Эгерде “Ата Журт” ошол бойдон биринчи орунда кала турган болсо, коалиция түзүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп турганы көрүнүп турат. Себеби коалиция түзгөнгө кеминде эле үч партия болбосо алар көпчүлүктү ала тургандай депутаттык добуштарга ээ эмес. Элүүдөн ашса да алтымышка жетпей калып атат. Ошол себептен менин жеке оюмда, президенттин экинчи тапшырмасы ошол КСДП партиясына берилет, ал партия түзгөн коалициянын мүчөлөрү болуп “Ата Мекен”, андан кийин оор сүйлөшүүлөрдон соң “Республика” кошулат деген ойдомун.

- Мына азыр эле белгилүү болуп тургандай, парламентте эки карама каршы көз караштагы коалиция болот өңдөнөт. Бири парламенттик башкарууну колдосо, экинчиси президенттик башкарууга ыктап, өлкөнү кайра президенттик башкаруу нугуна салуу аракетин көрүшү толук ыктымалдыгы айтылууда. Мындай демилге өлкөнү кайрадан саясий кризиске кептебейби?

К. Абдымен:
Менимче саясий туңгуюк болот деп айтуу азырынча эрте. Себеби “Ата Журт” партиясы да, “Ар-намыс" да азыркы Конституцияны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин түшүнүп жатат. Парламенттеги өзүнүн талабы менен Конституцияны өзгөртүп коюп, президенттик мамлекетке айланабыз деп аракет кылганы эч кандай майнап бербейт. Бирок ошол эле мезгилде булар кандайдыр бир себептер менен коалициялык өкмөт түзүп калып, үч жүз миң добушту топтой тургандай бир мүмкүнчүлүктү колдонуу аракетин көрсө, анда канчалык деңгээлде ийгиликтүү болорун айтыш кыйын, бирок андай кадамга бара тургандай мүмкүнчүлүгү бар. Акыркы учурларда ошол эле “Ата Журттун”, “Ар-намыстын” катарында турган айрым адамдардын "биз азыр ушул парламенттик республика болгондон кийин ушуну да баштан өткөрүп, кадам жасап көрөлү, эгер болбосо андан кийин коомчулуктун чечимине ылайык аракет кылабыз" деп айткан сөздөрү белгилүү.

- Кыргызстанга сырткы күчтөрдүн таасири күч экени байма-бай эле айтылып жатат. Муну көбү да танган жок. Сиздин оюңуз боюнча эмне кылганда жана качан Кыргызстан сырткы күчтөрдүн таасиринен арылып, өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүнө толук ээ болот?

К. Абдымен: Сырткы күчтөрдүн таасиринен арылуу үчүн Кыргызстанда бир гана жол бар. Бул - экономиканы өнүктүрүү. Эгерде биз экономиканы өнүктүрө албасак тышкы мамлекеттерден финансылык жактан көз каранды бойдон кала беребиз. Экинчиден, ошол финансылык жактан келип чыккан экономикалык маселелерибизди чечкендей мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү бойдон кала берет. Андыктан экономиканы өнүктүрүш үчүн башкалардан жардам сураганга аргасыз болобуз. Жардам сураганда эле алардын таасири күчөй берет. Ошондуктан Кыргызстан дагы бир топ мөөнөткө сырткы күчтөрдүн таасири алдында кала берет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG