Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Шайлоодон кийинки кырдаал жана өлкөнүн саясий багыты тууралуу суроолорго орусиялык адис Александр Храмчихин жооп берди.

- Кыргыз оппозициясы кайрадан көчөгө чыкты. Муну кандай баалайсыз?

- Азыр ким оппозиция болуп эсептелет? Шайлоонун жыйынтыгы боюнча карай келсек, анда көпчүлүк орун кайра да “бакиевчилерге” өтпөдүбү. Анда оппозиция ким?

- Бир тарап жыйынтыктын ошондой болушуна ич ооруса, экинчи тарап беш пайыздан кем добуш болуп калганына нааразылык акциясын өткөрүп жатат.

"Бүтүн Кыргызстандын" митинги, 18-октябрь, 2010-жыл
- Кептин баары ошол, азыркы тапта кимиси кимге оппозицияда экенин ажырата албай жатат. Кыргызстанда ар кандай чырды күчкө салып, ыңкылап жолу менен басуу адатка айланып калгандыктан кайра да ошондой ык менен максатка жетүү аракети байкалат.

- Кыргызстандагы шайлоодо жеңип чыккан беш партиянын төртөө Кремлдин чакыруусу менен Москвада болуп кайтты. Ошондуктан калк арасында “биз эгемен мамлекетпиз” деген сөздөр көп айтыла баштады. Муну кандай баалайсыз?

- Канткенде да Кыргызстандын саясатын Орусиянын пикирин эске албай жүргүзүү кыйла оор экени айдан ачык. Анын үстүнө тараптар өздөрү бири-бири менен тил табыша албай атышса, өздөрү Москвага чапкылап атышса, анан бул жерде кимге таарыныч болушу мүмкүн? Анын үстүнө апрель-июндагы окуялар болуп атканда “эмне үчүн Орусия кийлигишпейт, эмнеге тыштан карап турду” деген сөздөр болгон. Азыр кайра эмне үчүн Орусия кийлигишет деген таарыныч айтылабы?

- Кыргызстандыктар Кремль тымызын да, ачык да таасирин тийгизип, кийин Жогорку Кеңеште кремлчил коалиция түзүп, анын колу менен өз таасирин бекемдеши мүмкүн деп кооптонууда.

- Албетте Орусия буга аракет жасайт. Кандай гана ири мамлекет болбосун ал өзүнүн таасирин кичи мамлекеттерде арттырууга кызыкдар. Ошондуктан эмне үчүн Орусияга таарынуу керек? Бул анын табигый аракети. Анын үстүнө шайлоодо жеңген партиялардын лидерлери өздөрү Москвага аттанууга даяр болсо, карманган жолу Орусияга жакын болоорун жаап-жашырган эмес. Ошондой эле Кыргызстандын далай атуулдары Орусияда эмгектенишүүдө.

Ири өлкөнүн максаты

- Орусия Кыргызстандагы биримдикти сактоого аракет жасап жатабы, же аны ыдыратуу аракетин көрүүдөбү?

- Кыргызстандагы биримдикти бузуу үчүн Орусиянын кандай кызыкчылыгы болушу керек? Ал ага эмне берет? Албетте Орусия аны кайра бекемдөөгө кызыкдар.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов. 22-сентябрь, 2010-жыл.

- Адистердин баамында, андай аракеттер АКШ жана Кытайдын таасирин чектөө үчүн жасалышы ыктымал. Ушуга кошуласызбы?

- Ооба, Орусия чынында эле Америка менен Кытайдын Кыргызстандагы таасирин азайтууга куштар. Бул табигый көрүнүш. Кайра эле ири мамлекеттердин жүрүм-турумундагы көнүмүш аракет. Ал акыры барып башка ири мамлекетти ал жактан чыгаруусу – көнүмүш аракет. Себеби ал аймактагы башка ири өлкөлөр анын атаандашы болуп эсептелет.

- 10-сентябрда президент Д.Медведев “парламенттик демократия – Кыргызстан үчүн кыйроо” деп айткан. Ушуну кандай түшүндүрөсүз?

- Бир жагынан алганда бул башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары көрүнөт. Ошол эле учурда мурдагы советтик республикалар үчүн парламенттик система азаптуу. Айрыкча Борборун Азия өлкөлөрүндө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG