Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Апрель ыңкылабынан соң кыргызстандыктар башка мамлекеттерге кетүүсү күч алганы кабарланууда. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын? “Азаттык” айрым кыргызстандык адистерге жана качкындарга кайрылды.

“Азаттык”: Бул жакка ооп келип аткан кыргызстандыктар атуулдукту мурдагыдан көп алчу болду деген кеп айтыла баштады. Санкт-Петербургда ушул маселе кандай?

Таалайбек Абдиев: Сандар менен айтканда августтун башында арыз менен кайрылгандардын саны 15 пайызга артты.

“Азаттык”: Арыз бергендер жалаң эле кыргыздарбы же өзбек, орус жана башка улуттан да барбы?

Таалайбек Абдиев: Биздеги статистика боюнча мурда жүз киши атуулдук алса, анын 80 пайызы кыргыз болор эле. Азыркы күндө аралашты. Негизинен өзбектер келип атышат. Мурункуга салыштырганда орустардын саны көбөйдү. Корей улутундагылар келип атат. Өзбек улутундагылар үй-бүлөсү менен келүүдө. Бала-бакырасы менен кайрылып атышат. Мурун андай болчу эмес. Эркектер бул жерге келип, атуулдук алып, иштеп, айлык таап, үй-бүлөсү Кыргызстанда кала берчү. Азыр бул жерде иштегендер эне-атасын алып келип атышат.

“Азаттык”: Сиз айткан 15 пайыз канча киши болот: жүз кишиби, миң кишиби?

Таалайбек Абдиев: 15 пайыз – бир аптадагы абдан жогорку сан. Азыркы тушта орто эсептен алганда 45 адам кайрылчу болду. Бир айга чегере келгенде 180 адам кайрылууда.

“Азаттык”: Алардан арыз түшкөн күндө да ал тез арада каралбаса керек.

Таалайбек Абдиев: Кыргызстан жана Орусия арасында келишим негизинде кишиден түшкөн арыз 90 күндүн ичинде каралып ары же бери болот.

“Азаттык”: Демек Орусиянын атуулдугун алган кыргызстандыктар абдан көп деп айтуу эртеби?

Таалайбек Абдиев: Ага эрте. Негизинен бул жакка келгендер туугандары болууда. Жатарга жери, акча жагынан каражаты жетишерлик кишилерге туугандары келип атышат.

“Азаттык”: Ал арада июндагы коогалаңдан кийин келгендердин айрымдарынын максаты башка. Мисалы, Ош шаарынан Москвага келген Хабибулла аттуу киши эл аралык коомчулуктан баш паанек издөөдө.

Хабибулла: БУУнун алдында качкындарды тейлеген уюм бар экен го. Ошол уюмдан баш паанек алуу үчүн аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Ал эми Жалал-Абаддан келген Арсланбек аттуу жигит Орусияда орун алууну каалайт.

Арсланбек: Эгер бизге кыштак ажыратып беришсе, атуулдук берсе, Орусиянын чегинде кайсы гана жери болбосун жер бере турган болсо ач калбайт элек, жан сактап кетер элек.

“Азаттык”: Ал эми Кыргызстан элчилигинде юрист болуп иштеген Алмаз Абдисияев буларды айтат:

Алмаз Абдисияев: Эки мамлекеттин ортосундагы келишимге ылайык, жеңилдетилген жол менен Орусиянын атуулдугун алууга болот. Мунун алдында үч айдан алты айга дейре текшерүүлөр болот. Көптөгөн кагаздар даярдалат, атайын органдар аркылуу иш алып барып, кыскасы ошол адам боюнча маалыматты так жана толук алгандан кийин гана атайын комиссиянын чечими менен ал адамга атуулдук берүү маселеси чечилет. Ал эми биздин жарандардын Орусия атуулдугун алгандан кийин кайра Кыргызстанга кайтып барып, Кыргызстандын атуулдугун калыбына келтирүү бир айдын ичинде ишке ашат.

“Азаттык”: Кыргызстандык жарандар, эгерде Орусия жараны болуп кетип, кийин кайра Кыргызстанга кетем десе тоскоол жок экен да?

Алмаз Абдисияев: Эч кандай бөгөт жок. Айып санкциялары каралган эмес. Ал жагынан эч кандай оорчулук болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG