Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Орусиянын экинчи базасын Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча меморандумдун оош-кыйыштары туралуу саясат таанучу Карыбек Байбосунду сөзгө тарттык.

- Карыбек мырза, өзүңүз кабардарсыз, орус-кыргыз президенттеринин 1-августта Чолпон-Атада кабыл алган меморандуму азыр эл аралык деңгээлде кызуу талкууга түшүп турган кези. Орусия өзүнүн аскер бөлүгүн жайгаштыруу аркылуу кандай кызыкчылыкты көздөп жатат?

- Орусиянын кызыкчылыгы бул жерде албетте жетектөөчү ролду ойноп атат. Биринчи иретте андай чоң державалар өзүн башка территорияларда, айталык Американын базасы жайгашкан, же Кытайдын кызыкчылыгы жайгашкан чөлкөмдөрдө азыртан алдын-ала чараларды көрүп, өзүнүн коопсуздугун бекемдеш үчүн биз сыяктуу мамлекеттердин жерин пайдаланышы - бул турган иш. Ал эми Кыргызстан үчүн мындай мамиле бир нече катмардан турган коопсуздук маселесин чечүүгө жардам берип атат. Биринчи алкак - бул ички коопсуздугубуз. Экинчи алкагыбыз, жакынкы чектеш мамлекеттер менен болгон мамиледеги коопсуздугубуз. Сырткы үчүнчү алкак, бул чоң дүйнөлүк масштабдагы коопсуздук маселесин иштеп чыгуу маселеси.

- Бул маселеде Өзбекстан дароо эле каршы экендигин айтып, билдирүү таратты тышкы иштер министрлиги аркылуу. Өзбек тарап анда үч мамлекеттин чек аралары тогошкон аймакка Орусия базасын жайгаштыруу улуттар ортосунда жаңжалды жаратат деп атат. Ушул Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле ЖККУнун ишмердүүлүгүнө кандай таасир этиши мүмкүн?

- Мен азыр мамлекеттик ишмер болбогондон кийин оюмду ачык эле айта алам, бул Өзбекстанда Кыргызстандын жерин басымга алуу, же болбосо баскынчылык менен акырындап жерди ээлөөгө пландары болгон демек жана башка агрессивдүү айрым программасы болушу мүмкүн. Болбосо мынчалык катуу чычалабайт эле. Болбосо Орусияда Өзбекстанга кол салалы, же алардын экономикалык кызыкчылыгын жулуп алалы деген эч кандай план болгон эмес да. Бул жерде болгону бул жагы Пакистан, бул жагы Ооганстан сыяктуу кайнап турган чөлкөмдө Орусиянын кызыкчылыгын коргош үчүн, анын үстүнө Американын базасы Кыргызстанда тургандан кийин, түштүк багытында дагы бир база ачуу менен Орусия өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жасап аткан иш чарасы болгон. Бул жерде Өзбекстандын чычалап атышы бизди ойлондурбай койбойт.

- Ушул аскердик бөлүк буга чейин Орусия айтып келаткан тез аракеттенүүчү жаматтык күчтөрдүн уңгусу болуп бербейби. Ушуга чейин жетиши мүмкүнбү сүйлөшүүлөр?

- Бизде 2000-жылдардан бери эле союдаш, же жамаатташ катары Орусия менен Кыргызстандын ортосунда келишим бар. Ошол келишимдин аткарылышынын бир учугу ушул базаны жайгаштыруу болуп эсептелет.

- Азыр алдыда дагы бир талаш болуп атат. Мисалы Орусия ММКсындагы маалыматтарга караганда, алар айтып атат базаны Ошко жайгаштыруу ыңгайлуу Орусия үчүн деп, Кыргызстан болсо Баткенге жайгаштырууга кызыкдар болуп жатат. Сиздин оюңузча, кайсы тарап Кыргызстан үчүн ыңгайлуу. Эгерде Кыргызстан Баткенди каалап атса, ал кандай максатты көздөйт?

- Баткен тарапта көбүнчө Ооганстандан келип аткан коркунучтар бар да. Ошондуктан Баткен тарапты жабыш керек Кыргызстандын ою боюнча. Ал эми орустар үчүн ал жердин территориялык мүмкүнчүлүгү бир аз ыңгайсызыраак. Мен ойлойм, тил табышат болуш керек. Болбосо экиге бөлсө деле болот, Баткенге бирди, бери жака бирди.

- Кыргызстан бул базаны жайгаштыруусунун саясий-аскерий жагы түшүнүктүү, каржылык жактан кандайдыр бир пайда алышы мүмкүнбү?

- Кыргызстан жактан каржылык бир аз болушу ыктымал, өзүнүн үлүшүн кошпой койбойт да жок дегенде 5 пайыздан 20 пайызга чейин. Ал эми чыгымдардын көбүн албетте Орусия Федерациясы көтөрөт да.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG