Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Э. Байсалов: Москва сапары натыйжалуу болду


Москвадагы Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанатка Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева да катышты.
Москвадагы Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанатка Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева да катышты.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева бүгүн Москвада Орусия президенти Д. Медведев, өкмөт башчы В. Путин жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Москвага барган топтун курамындагы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов бул сапар ийгиликтүү болгонун "Азаттыктын" түз обосунда билдирди.

- Кыргызстандан барган делегациянын бүгүнкү күнү кандай өттү, кандай расмий жолугушуулар болду?


- Бул Убактылуу өкмөт төрайымынын чет өлкөгө жасаган алгачкы расмий сапары болуп атат. Орусиянын баш калаасы Маскөөдө Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык бардык иш чараларга катышты. Андан тышкары Орусия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведов, өкмөт башчысы Владимир Путин, Мамлекеттик Дума жетекчиси Борис Грызлов, Федерация кеңешинин жетекчиси Сергей Миронов менен расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул сүйлөшүүлөр Орусия жетекчилиги, бардык бийлик бутактары Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн аракеттерин толук колдоорун көрсөттү десек болот. Мындан тышкары албетте Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Ху Цзинтао, Казакстандын жетекчиси Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын лидери Ильхом Алиевдер менен да сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан тышкары дагы бир канча мамлекеттер, маселен Монголия жетекчиси менен да жолугушуу болду. Кыскасын айтканда абдан натыйжалуу, ийгиликтүү сапар болду десек болот.

- Өзүңүз билесиз, буга чейин убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өзүн орусиячыл саясатчы деп атаган болчу. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбү Атамбаев жетектеген Социал-демократтар партиясынан эмеспи, андыктан өлкөнүн тышкы саясатындагы көп багытуулук кандай болот деп ойлойсуз?

- Бул саясат кыргызчыл болуш керек, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгында биздин ички саясатыбыз болобу, тышкы саясатыбыз болобу элдин кызыкчылыгында жүргүзүлүшү керек. Мурунку президенттерибиз тилекке каршы эл жөнүндө ойлобостон, мамлекетти бекемдебестен, өзүнүн үй-бүлөсү, өз чөнтөктөрү жөнүндө ойлоп келген. Төрайым Роза Отунбаеванын, жалпы өкмөттүн саясаты - Кыргызстан үчүн, эл үчүн иштөө.

- Бүгүнкү жолугушууларда көп багыттуу саясат кармалды, колдоо болду деп айта аласызбы?

- Эң биринчиден биз эски көз караштардан баш тартышыбыз керек. Кыргызстанды талашкан эч ким жок. АКШ, Кытай, Россия же жакынкы кошуналарыбыз болобу эң негизгиси Кыргызстанда стабилдүүлүк болсо, кыргыздар жакшы турушса, жашоосу оңолсо, мыйзам бузулбаса, үй-бүлөлүк зөөкүр бийлик орноп, кан төгүү болбосо деген эле жакшы тилекте. Бизди талашкан эч ким жок, баардыгы бизге ийгилик тилеп, колунан келишинче жардам көрсөтүп жатышат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG