Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Парламентке өткөн 5 партиянын ичинен 4 партиянын лидери Кремль менен кеңешүү үчүн Москвага учуп кетишти.

Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ачыкталбаганы менен, саясатчылар менен талдоочулардын арасында бул сапарлардын жакынкы келчечекке берчү таасирлери тууралуу бир нече божомолдор калыптанды.

Талкууга катышкандар:

Өмүрбек Абдрахманов – “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү

Бекбосун Бөрүбашев – Саясат талдоочу

Маматназар Жакыпбаев – “Ата Журт” партиясынын мүчөсү

Элмира Ногойбаева – Серепчи

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, “Ата Мекен” партиясынан башка төрт партиянын лидери тең Москвага барды. Сиздер менен Москва сүйлөшкөн жокпу жана ушул коалицияны куруу чечимдеринен сыртта калдыңыздарбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз Москва деген “крышабыз” жок, Москвадан биз акча, буйрук алган эмеспиз. Биз ал сунушту кыргыз элинен алганбыз. Демократиялык, парламенттик системаны киргизген “Ата Мекен” болуп эсептелет. Ошол демократияны көралбай, биздин кошуналар, ошол эле Орусия “булар америкалык, же европалык” деп айтып атат.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, дегеле сиз ушул маалыматты кандай баалайсыз?

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев:
Ар бир саясатчы бийликке келердин алдында ички, сырткы саясатты караш керек. Ички, сырткы карым-катнаш бул тарыхый көрүнүш. Анткени биздин президенттерибиз да ушинтип барышкан, сырт жак менен, ич жак менен кабарлашкан, сүйлөшкөн. Ошон үчүн бул жерде эч кандай мыйзамды буза турган нерсе болгон жок деп айтам.

Бул жакта төрт партия кетип калды, “Ата Мекен” барган жок деп айтып атпайбы. “Ата Мекен” буга чейин өзүнүн Конституциясын көтөрүп алып Венецияга барып келген. Ослого барып Европарламентке отчет берип келген. Ушундай көрүнүштөр бар. Бул жерден бири-бирибизди күнөөлөштүн кереги жок.

Барганда эмне себеп менен барды? Бул башка маселе. Анткени сырткы күчтөрдүн таасиринен сырттап алган Кыргызстанда бир да саясатчы жок. Туура, азыркы убакта, айрыкча апрель окуясынан кийин Кыргызстанда абал оорлоп калды да, өзүбүздүн ички проблемаларды биз сырткы жардамсыз чече албай калдык. Бул факт. Азыркы парламенттик башкаруу жогору жактан бизге таңууланбадыбы. Биз аны көрүп атпайбызбы.

Өмүрбек Абдрахманов: Ким таңуулады, ошону айтып бериңизчи?

Бекбосун Бөрүбашев: Болуптур, айтып берейин. Мен ошондо Конституциялык кеңештин мүчөсү болгом. Ошондо бизге 20дан ашык Конституциялык долбоор келип түшкөн. Ошондо Текебаев өзүнүн гана долбоорун берген да, калганын таштап койгон, калганын карап да койбойбуз деген. Бул эмне, таңуулагандык эмеспи?

Өмүрбек Абдрахманов: Тыштан деп атасыз.
“Ар-намыстын” лидери орусиялыктардын сунуштарына каршы чыкпайт. Бабанов да кандайдыр бир деңгээлде көп каршы чыга албайт.


Бекбосун Бөрүбашев: Тыштан эмес, Кыргызстандын жарандары берген.

Өмүрбек Абдрахманов: Ошондо сенден башкасынын баары 86 киши кол коюп бербедиби.

Бекбосун Бөрүбашев: Кое турбайсызбы мен айтайым. Мен айтам, андан кийин сиз сүйлөңүз да.

Өмүрбек Абдрахманов: Чындыкты айтып жүрсөңүз, экинчи сиз менен келүүгө болбойт.

Бекбосун Бөрүбашев: Келбесеңиз келбеңиз. Мен чындыкты айтып атам.

Күчтөрдүн кызыкчылыгы жана дымагы

“Азаттык”: Ушуга чейин Орусия “Ата Журтту” бийликке “бакиевчил күчтөр” келди деп аябай жаман мамиле кылышкан. Эми “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев ал жакка жөнөдү. Маматназар мырза, кандай максат менен жөнөдү жана орусиячыл күчтөр эмне үчүн “Ата Журттун” лидерин чакырды?
Маматназар Жакыпбаев.

Маматназар Жакыпбаев: Биринчиден, мен “бакиевчил күчтөр” деген менен эч макул эмесмин. Ар бир партиянын өзүнүн платформасы, программасы бар.

“Азаттык”: Менин айтайын дегеним, ушуга чейин Орусия колдоо көрсөткөн эмес, тескерисинче, суук мамиле жасаган. Эми чакырып жатат. Ошол чакыруунун артында эмне турат деп эле сурап атам.

Маматназар Жакыпбаев: Мен ойлойм, бул чакыруунун артында ушул саясий партияны таануу, ушул партиянын күч экенин, эл шайлап тааныгандан кийин чет өлкөдөгү башка мамлекеттер да таанып, колдоп атат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, ал жакта эмне тууралуу сүйлөшүү болушу мүмкүн?

Өмүрбек Абдрахманов: Демократия болгондон кийин эл башка мамлекеттерге баш ийбей калат, өзүнүн эркиндигин баалап, эркин өнүгө баштайт. Мына ошону орус мамлекети эч жактырбайт. Ошон үчүн булар күчтүү президенттик бийликке алып келебиз деп атат. Жанагы төрт партия тең ошого макул. Ошон үчүн аларды чакырып алып, мурда да чакырган, биздин эгемендигибизди тааныбай, биздин ички иштерибизге киришип, мурдагы колониянын ээси экенин билдирип атат.

“Азаттык”: Буга чейин ар кандай, мисалы, азыр курама өкмөт кандай түзүлөт, кайсы күчтөр бири-бири менен биригет деген ар кандай божомолдор болуп жатат. Эми ушул сапардан кийин кандай өзгөрүшү мүмкүн?

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов:
Бул жерден биздин партиялар, саясатчылар ал маселени өздөрү чече албайт. “Муну менен дос болосуң, бирге болосуң” десе бирге болот. Баягы күнү эле “Республика” “Ата Журт” менен эч качан кошулбайбыз деп айткан, эми карап туруңуз, булар эми кошулушат. Атамбаев менен Кулов экөө “эч качан кол алышпайбыз, бетибизди карашпайбыз” деген, булар да карашат. Анткени булардын кожоюну бир. Ошон үчүн аман-эсен болсок “Ата Мекен” дайыма эл менен, керек болсо оппозицияда кала берет. Кыргызстанды гана жактаган, кыргыз тилин, кыргыздын эркиндигин, кыргыздын суверендүүлүгүн жактан саясатын уланта берет.

Маматназар Жакыпбаев: Мен айтат элем, шайлоо өттү, шайлоо алдындагы партиялар бири-бирине асылмай, бири-бирин кара шыбак менен шыбамай деген позицияларды унутсак, мындан кийин коалиция болобу, башка болобу биз кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн ар кандай болсо да коалицияга барышыбыз керек. Себеби күчтөрдү бириктирбесек мындан ары дагы кайра шайлоо болуп, же башаламандык болуп, же чечим чыкпай, ушул бойдон тура беребиз.

“Азаттык”: Ал туура. Коалиция албетте түзүлөт. Бирок Москвага сапардан кийин кантип түзүлөт, күчтөр бири-бирине кандай оойт? Ошол жөнүндө кеп болуп атпайбы?

Маматназар Жакыпбаев: Мен партиянын мүчөсү катары биздин партиянын лидерлеринин, жетекчилеринин келечектеги кадамдарына баа бербей турайын деп ойлойм.

Күттүргөн коалиция

“Азаттык”: Бекбосун мырза, “Республика”, “Ар-намыс”, “Ата Журт”, КСДП Москвага кетти. Эми кеңири коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү калды. Ушул сапарды эске алганда кайсы варианттарына токтолосуз?
Ар бир саясатчы бийликке келердин алдында ички, сырткы саясатты караш керек. Ички, сырткы карым-катнаш бул тарыхый көрүнүш.


Бекбосун Бөрүбашев: Бир канча варианттары бар. Мен коалиция башкаруунун башка формасына жакын көз караштагы партиялардын тегерегинде түзүлөт го деп ойлойм. Бул боюнча эки партия өзүнүн оюн ачык эле айтты, булар – “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары. Азырынча өз оюн так билдирбеген КСДП болуп турат, булар тыныгуу алышты. “Республика” партиясы абдан ыңгайлуу абалда болуп, өзүнүн тиги же бул жак менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгү болуп, өзүнүн шартын пайдаланып атат. “Республика” партиясы кандай позицияны кармайт – ушуну менен бул партия өзүнүн сынагын тапшырат. Көрөбүз жакынкы күндөрдө. Ушул аптанын аягына чейин, же аркы аптанын башында парламенттик коалиция түзүлүш керек, ал өкмөттүк коалицияга жол ачат.

“Азаттык”: Эми кийинки суроону Элмира Ногойбаевага узатсам. Азыр төрт партиянын лидери Москвага кетти, ушул боюнча пикириңиз кандай?

Элмира Ногойбаева: Бул суроо өтө маанилүү болгондуктан мен аябай эмоцияга алдырып жиберишим мүмкүн. Бул өтө таң калычтуу, ошол эле мезгилде акылга сыйбаган иш болуп атат. Эгемен Кыргызстандын болочок өкмөтүнүн тагдыры чечилип жаткан кезде, ошол өкмөттү түзчү лидерлер ийилип, башка өлкөгө барып, ал жактагылар менен өзүнүн келечек пландарын талкуулап, ошого жараша иш кыларын далилдеп жатышат. Ушундан улам Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары эмне болот деген суроо туулуп жатат.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, улуттук кызыкчылыктар менен карама-каршылыктарды сиз чындап эле көрбөй жатасызбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Азыр мен Элмира айымга толук кошулам. Биз катаал мезгилге туш келдик. Ушул мезгилдин туш келип калганына биздин парламенттик башкарууга өтүп атканыбыз бирден бир себеп болот. Анткени парламенттик башкарууга биз даяр эмес болчубуз. Биздин партиялар өздөрү даяр эмес болчу. Партия болбогондон кийин партиялардын лидерлери да саясий лидер катары көпчүлүгү даяр эмес. Ошон үчүн булар кеңеш алуу үчүн тиги жакка, бул жакка жүгүрүп атканы ошондон.

Биз дүйнөгө мактанган Конституцияда андай жобо жок. Мисалы, мурунку Конституцияда Кыргызстандын ички, сырткы саясатын аныктаган, өкмөттүн мамлекеттин тагдырын колуна алган президент болгон. Бизде азыр ушундай мамлекеттик орган жок. Демек мамлекеттик бийлик өзүнүн негизги функциясын жоготуп коюп атат.

“Азаттык”: Элмира айым, Москвага баргандан кийин коалиция түзүүдө кандай схемалар пайда болот?

Элмира Ногойбаева: Партия лидерлерин Моквада бир коалицияга бириктирүүгө аракеттер болот. Эң негизги суроо – бул башкаруу системасын кайра президенттикке алып келүү. Саясий изилдөөчү катар айтарым – бул бир кадам артка таштоо. Биз коңшу өлкөлөрдөй эле кайра эле жарым жартылай авторитардык системага келебиз. Анан кайра эле 2005-2007-жылдардагы окуялар кайталанат.

“Кожоюнуң ким?”

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, мисалы, ушул шайлоого Америка такыр кийлигишкен жок. Бирок “Ата Мекенге” НТВдан чабуул башталганда бул партияны “америкачыл күч” деп аташты. Силер ошого макул болдуңар. Чукул арада эле Орусияны жамандап, азыр сиз да терс мамилеңизди билдирип атпайсызбы?

Кыргызстандын саясатын Владимир Путин менен Дмитрий Медведев аныктайбы?
Өмүрбек Абдрахманов:
Азыр биздин мамлекетибиз коркунучта. Анткени реваншисттик күчтөр Орусиянын жардамы менен ал ыргытып ийген сөөккө жулкунуп барып тиштеп, керек болсо бүт мамлекеттин эгемендигин баарын беребиз, бир гана кожоюн айткандай кылабыз деп атышат. Муну ачык айтышыбыз керек. Кыргыз эли анда кайра ошолорго колония болуп кошулабызбы, же өзүбүзчө эгемен мамлекет болобузбу? Мына ошондо турат азыркы маселе. Төрт партия тең керек болсо биз кошуп беребиз денгендей эле ачык айтып атат.

“Азаттык”: Сиз далилдеп бере аласызбы? Айтып атпайсызбы, “акчада кызыкчылык, Орусия берген акчанын эми отчетун бериш керек да” деп. Ошол боюнча так далилдер барбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Так далилдерди биз эмес, аны органдар изилдеш керек. Биз да ушул партиялар менен катарлаш шайлоого чыктык, биз да анча-мынча акча чогултканбыз. Бирок биздикине караганда алардыкы он эсе көп болуп атпайбы. Он эсе көп болгондон кийин Кыргызстандын акчасы эч качан ага жетмек эмес, тыштан келген акчалар бул партияларга көп жардам берди, муну ачык айтышыбыз керек. Анткени эл да өзү айтып атат, азыр көчөдө чогулуп атышат, дагы митинг жасайм деп атышат, мунун баарын ошолор айтып чыгышат.

Тышкы саясаттын багытын ким аныктайт?

“Азаттык”: “Ата Журт” партиясынын өкүлүнө кайрылам. Буга чейин Ташиев мырза “Ыңгайсыз суроолорго” чыгып, бизге эч кандай тышкы күтөр таасир бербейт деди эле. Дегеле партиянын ичинде Орусия, Америка, тышкы саясат боюнча өзүңөрдүн оюңар кандай?

Маматназар Жакыпбаев: Биздин 500 миңден 1 миллионго чейин атуулдарыбыз Орусияда жүрөт деп айтып атышат. Ошого таянсак бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүш, башка иштер болбосо, мына 7-апрелден бери Өзбекстан, Казакстан менен чек арабыз жабык болсо, Орусияга товар чыкпаса экономика кантип өнүгүш керек.

Элмира Ногойбаева: Орусия жөнүндө сүйлөгөндө биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Орусия – ири держава, улуу цивилизация. Биздин чын эле байланыштарбыз күчтүү. Мына, мен деле орусча сүйлөйм. Бирок түшүнүктөрдү аралаштырбаш керек. Улуу Орусия өлкөсү бар, ошону менен эле Кремлге тиешелүү конкреттүү Кыргызстан боюнча саясат бар – бул башка.
Реваншисттик күчтөр Орусиянын жардамы менен ал ыргытып ийген сөөккө жулкунуп барып тиштеп атышат.


“Азаттык”: Бекбосун мырза, албетте биз дос болобуз, бирок сөзсүз эле Москвага барыш керек беле? Эгерде, мисалы, Америка менен мамиле курууда мамлекеттик департаменттин өкүлү Кыргызстанга келип сүйлөшөт. Эмнеге биздин лидерлер дароо эле Москвага өздөрү учуп барышат?

Бекбосун Бөрүбашев: Бул чындыгында өтө жакшы суроо. Муну менимче, биздин барып келген партиялардын лидерлеринен сураш керек. Москвага барбай эле бул жерден бүтүрүп койсо болмок. Бул жерде одоно иш болуп калды.

Элмира Ногойбаева: “Ар-намыстын” лидери орусиялыктардын сунуштарына каршы чыкпайт. Бабанов да кандайдыр бир деңгээлде көп каршы чыга албайт. Бирок менде “Ата Журттан” үмүтүм бар. Мисалы, Ташиевде улуттун кызыкчылыктарын эске алуу өрчүгөн. Көз карандысыздык деген сезим бар, эмнеси болсо да. Шер-Нияздын жакшы уламышы бар. Калмактар кыргыздарды кырып, багындырып, балдарын алып кетип, алардан жоокерлерди даярдашкан. 20 жылдан кийин ошол балдар кыргыздын калганын жоготуу үчүн жөнөтүлгөндө, кыргыздар комузун алып чыгып, бешик ырын ойной башташкан. Ошондо ал балдар ойгонуп, кайра өз элине кошулушкан. Азыр саткын саясатты ойноп жаткан лидерлер ошол комуздун күүсүн эстеп, ойгонуп, биздин кызыкчылыктарды эстешет.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG