Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Кыргызстанда журналисттер, коомдук жана медиа уюм өкүлдөрү орусиялык телеканалдар өлкөдөгү саясий жараяндарга одоно кийлигишип жатат деген тынчсыздануу билдирди.

Кеп “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу орусиялык НТВ сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөн берүү жөнүндө болууда. “Консенсус” коомдук корунун аткаруучу башчысы Данияр Нарынбаев бул кайрылуу туурасында “Азаттыкка” кеп салып берди

Д. Нарынбаев:
Түшүнүп атабыз, бул Кыргызстан тараптан чыккан бир демилге, бирок ошол эле учурда Орусия жетекчилигинин буга тиешеси жок деп терең ишенем. Бул журналисттердин өздөрүнүн ыкмалары: балким бирөөлөр сурангандыр, балким төлөп бергендир, ошондой деп баалайм. Бирок Орусиянын телеканалынын жетекчилери биздин акыбалыбызды жакшы түшүнүп, ушундай кылганы абдан туура эмес. Менимче, биздин коомубуз буга сөзсүз түрдө реакция кылбаса болбойт.

- Айрым талдоочулар буга чейин Орусия каналдары аркылуу да үгүт өңүтүндөгү материалдар кетип жатканын айтып, мындай көрүнүштөр Кыргызстандагы саясий ички процесстерге түздөн түз кийлигишүү деп баалашкан эле. Мунун артында геосаясий оюндар турабы?

Д. Нарынбаев: Жок, мен ошол партия лидерлеринин, партиялардын ишин уюштурган топтордун демилгеси гана катары баалайм. Бул жерде геосаясий оюн деле жок, бул болгону шайлоонун алдында болуп аткан күрөштүн бир түрү.

- Орусиялык теле каналдар аркылуу мына ушундай саясий күрөштүн жүргүзүлүшүнө кандай баа бересиз? Эгерде ушундай көрүнүш Кыргызстанда болсо анда ички мыйзамдардын чегинде кандайдыр бир чара көрсө болот эле. Ал эми азыркы шартта Орусиялык теле каналдарга каршы кандай иш чараларды көрүп, эмне кылса болот?

Д. Нарынбаев: Бул жерде бир гана жол бар, биздин коомчулук кайрылып, буга өзүбүздүн мамилебизди билдирип турсак телеканалга ошол деле жетиштүү болот деп ойлойм.

- Ал эми Кыргызстанда алдыда негизги шайлоо турат анан Орусия кандайдыр бир саясий топтун бийликке келишине кызыкдар деген пикирлер да байма бай айтылууда. Сиз ушундай пикирге кошуласызбы?

Д. Нарынбаев: Сөзсүз түрдө бар да, кантип эле жок болсун. Алар да байкап турушат, бизде болуп аткан окуяларды иликтеп жатышат. Ал жакта "Кыргызстанда парламенттик форма бузулуп кетсе, кайра президенттик башкарууга кайтып келсе" деген ойдогу саясатчылар жок эмес, ошондуктан балким алардын да кызыкчылыгы бардыр.

- Жакында эле Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да "Кыргызстан үчүн да, Орусия үчүн да парламенттик система бул катастрофа" деп билдирген болчу. Орусиялык сыналгы каналдар аркылуу Кыргызстандагы айрым саясатчылар жөнүндөгү материалдар ошол президенттин айткандарынын кесепети эмеспи?

Д. Нарынбаев: Жок, антип мен байланыштырбайт элем. Себеби бул саясат деген абдан кылдаттык менен жасай турган иш, антип айтууга негиз жок эсептейм. НТВда көрсөткөн материал бул саясатчылар эмес, журналисттердин бири менен сүйлөшүп кылган иши. Артында кандай кызыкчылык болгонун биз алдына ала айта албайбыз, балким жөн гана өтүнүч болгондур же болбосо акча берилгендир, негизи мен ушинтип баалайт элем.
XS
SM
MD
LG