Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

"Азаттык плюс" бүтүндөй үй-бүлөсү менен Орусиянын Тюмен шаарында кулчулук торунан кутулуп чыккан оштук тургун Абитжан Муралимов менен маек курду.

"Азаттык": Абитжан, сиз кандайча чет өлкөдөн жумуш таап, ал жакка ким аркылуу кеттиңиз эле?

Абитжан Муралимов: Карындаштарым айтып калышты "Орусияда жакшы маяналуу жумуш бар экен" деп. Сураштырсам ал жумушка оштук бир аял жөнөтөт экен. Аты Уулкан. Ал менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алгач карындаштарым, анан мен, жубайым, уулум, кызым болуп бармай болдук.

Мен ал аялдан кайра-кайра сурадым, "бизди алдап койбойсуңарбы" деп. “Жок, сизди мыкты жумушка жөнөтүп жаткан адамды да ошентип ойлойсузбу? Орусияга барсаңар жумушуңар даяр, тамак-ашы, батири акысыз, жашоо шарты абдан мыкты”,-деди. Кызым менен уулум желим бөтөлкөлөрдү сортировкалап беш миң рублдан, аялым да ушундай эле иште иштеп он миң рубль, өзүмө "жүк ташуучу машина айдайсың, күнүнө миң рублдан аласың" деди. Мен дароо макул болуп, үй-бүлөм менен Орусияга жөнөдүм.

"Азаттык": Сиз жумушка орношуп жатканда эмгек келишимин түздүңүз беле? Өзүңүздүн кулчулукка сатылганыңызды качан билдиңиз?

Абитжан Муралимов: Эмгек келишим түзгөн эмесмин, аны ойлонбоптурмун да. Бул жактан кичинекей эле машинага он төрт адамды салып барышканда кичине күмөн кыла баштадым. Барсак, Ошто айткан убадалардын бири жок. Таштанды төгүлгөн жерден, бөтөлкө чогултуп иштейсиңер деди. Бизди кул катары кагып киришти. Барган жерибизде үч полигон бар экен. Ар биринде жүз элүүдөн адам иштесе, анын көбү кыргызстандыктар экенин көрдүм.

Бардыгы таштанды төгүлгөн жерде, желим бөтөлкөлөрдү чогултушат экен. Аларга "күнүнө мынча кап чогултасың" деп, талап коет экен. Мен барып үч күн иштегенден кийин ал жерде иштеп жаткан бир аял "документтериңер жаныңардабы?" деп сурады. "Ооба" десем бир жылдан бери жанында документтери да жок, айлык акы албай иштеп жүргөнүн, кул катары аны сатып жиберишкенин айтты.

“Кызыңызды азербайжан улутундагыга сатып жиберет, бул жерде жаш кыздар ошондой жолго мажбурланышат. Качып кетиңиз эртерээк" деп кеңеш берди. Ошондо гана биз кандай күнгө туш болгонубузду билгендей болдум. Тез эле он чактыбыз ал жерден качып чыгып кеттик. Ит көрбөгөн күндү көрдүк, жаныбызда акчабыз жок, тамак-ашсыз, жата турган жерибиз да жок. Акыры эптеп Кыргызстанга келдик. Чек арадан өткөндөн кийин эле ыйлап жиберчүдөй болуп, атам менен учурашкансып, "ассалом алейкум" деп Кыргызстаным менен учураштым.

"Азаттык": Абитжан, сиз ал жакты өз көзүңүз менен көрүп кайттыңыз. Тюмендин өзүндө эле тагдыры сиз сыяктуу кыргызстандыктар көппү?

Абитжан Муралимов: Менин билишимче эле беш жүздөй экен. Бизден мурун барган ошол жердегилердин бардыгы кулчулук тагдырга туш болуп, сатылып кеткендер. Бул жактан алып барган аял биз сыяктуулардын үстүнөн акча алып турат экен. Оштук, өзгөндүк, кара-суулук жаш кыздар да ал жакта таштанды терип жүрүшөт. Паспортторун алып коюптур.

Мекендештеримдин таштанды арасынан чыккан тамактарды сугунуп жеп жатканын өз көзүм менен көрдүм. Мен качарда жаш кыргыз кыз кеңеш берди эле, аны мени менен сүйлөшүп турганын көрүшкөн, эми анын тагдырына бушайман болуп жатам.

"Азаттык": Сиз эми өз укугуңузду кантип коргойун деп турасыз?

Абитжан Муралимов: Мен адегенде эле Кыргызстанга келгенден кийин Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылдым. Андан соң бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарына да кат жолдодум. Бирок ошол бизди сатып жиберген аял телефон чалып, менин колумда сенин туугандарың бар экенин билесиңби, мен сенин арыздарыңды бүт жаап койдум деп коркутуп жатат.

Туугандарымдын тагдырын ойлоп, артынан деле түшпөй туруп калдым. Мен кичине тиричилигимди оңдойм деп азыр кайра карызга батып, үйүмдү да сатыкка койдум. Азыр эмне кылышты деле билбей турам, бул ишти ачышка «Азаттыкка» да чоң үмүт артам.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG