Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстан: бектер кетет, эл калат


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Бразилия, Кытай, Индия жана Орусия өлкөлөрүнүн саммитинде Курманбек Бакиевдин президенттик кызматтан чегинип, өлкөдөн чыгып кетишин “Кыргызстандын “кооптуу жолдон” өтүп кеткенинен үмүт эттирет” деп билдирди.

Орусиянын лидери Д.Медведев Кыргызстандын жаңы жетекчилиги Бакиевдин бийлиги маалында өнөкөт болгон каталарды, атап айтканада, коррупция менен кландык адаттардан алыс болот деген үмүтү бар экендигин кошумчалады.

15-апрелде Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Курманбек Бакиев кошуна Казакстанга өтүп чыгып кеткенин билдирген. Бакиев президенттик кызматтан чегингенин билдирген арызын чабарман аркылуу Казакстандан жиберген. Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн АКШ, Орусия жана Казакстандын президенттери, ЕККУ жана Евробиримдик арага түшкөнү дайын болду.

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы жетекчисин сыртка чыгарып жиберүүдө көмөк көрсөтүүдө Орусия менен АКШ арачы болгону - “сокурдун жаман саясаты” болду деп сындаган. Анын пикири боюнча Москва менен Вашингтон тескерисинче Кыргызстандагы окуяларды катуу айыпташы керек болчу.

Le Mond гезити жарыялаган макалада Борбор Азия боюнча адис Патрик Домбровский буларды айтат:

- Өлкөнүн жаңы жетекчилиги түшкөн жол жана саясый багыттар белгисиз. Алар узак жылдар диктатура менен жакалашып такшалган оппозиционерлер эмес, Акаев менен да, Бакиев менен да жыты сиңишкен кишилер.

Азыркы учурда Кыргызстандын жаңы утурумдук бийлиги элге берген убададан улам тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү кыйла орчундуу кадам болорун серепчи Санабор Шерматова айтат:

- Элдик өкмөт бир нече буйрук чыгарды. Анын биринчиси – тарифтерди кризис болгонго чейинки деңгээлге түшүрүү.

Адистердин айтымында, баалар элди кайрадан чууга салышы мүмкүн. Себеби Орусиядан келип аткан мунайдын бажылык баасы өскөн. Ошондон улам абал кайра курчушу мүмкүн. 14-апрелде Орусиянын өкмөт башчы Владимир Путин буларды белгиледи:

- Кыргыз элине биздин мамиле дайыма артыкча болгон. Ошондуктан Кыргызстан үчүн оор учур болуп атканда кыргыз досторубузду колдоого тийишпиз.

Белгилүү болгондой, Орусия 20 миллион долларды грант түрүндө жана 30 миллион долларды жеңилдетилген карыз түрүндө берүүнү убада кылды. Андан тышкары 20 миң тонна тазартылган муунай бериле турганы да айкын. Бирок аларды кандай баа менен берээри белгисиз.

XS
SM
MD
LG