Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Орусия жардамы, “Дастан” ишканасы жана геосаясат


К. Бакиев менен Д. Медведев 2009-жылы февралда жолугушкан
К. Бакиев менен Д. Медведев 2009-жылы февралда жолугушкан

Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Москвадагы эки тараптуу февраль макулдашууларынын негизинде Кыргызстандын капчыгына Орусиядан алгачкы 150 млн. доллар түштү. Бул окуяга аралаш айрым басылмаларда каржылык жардам көрсөтүү аркылуу Орусия Кыргызстандагы курал чыгаруучу ишкананы толук өз көзөмөлүнө алууга жетишкендиги жазылды.

Кыргыз оппозициясы бийликке келсе биринчи кезекте башка колго өтүп кеткен мамлекеттик менчикти кайтаруу аракеттерин көргүсү келет. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай пикирин “Дастан” ишканасы менен байланыштырып билдирди. Ишкананын 47% акциясы Орусия менен Кыргызстан февраль айында кабыл алган жоон топ макулдашуулардын катарында карыздын эсебинен Орусия тарапка өткөнү маалым.

Орусиянын Кыргызстандын карызын кечишин, кредит, грант берүүгө макулдук беришин кыргыз бийлиги жана анын жактаган саясий чөйрө өлкө үчүн чоң утуш деп баалап келатат. Кыргызстандын карызын “Дастан” икшанасынын эсебинен эле жаап коюу Орусия тараптан жасалган өтө олуттуу ишара катары бааланууда.

Ал эми жергиликтүү оппозиция кыргыз бийлигин акчага азгырылып, Орусиянын кызыкчылыгына жетеленип кетти деп алигүнчө сындап жатат. Бул биринчи кезекте “Дастан” ишканасы менен байланыштырылат. Исмаил Исаков, маселен, Орусия Кыргызстандын карызын кечип, карыз акча берип, ошол эле мезгилде “Дастан” аркылуу экономикалык, саясий, аскерий жактан утту дейт:

- Бардык нерселер бир колго тийип атат. Булар ошол чыгарган продукцияны башка өлкөлөргө кымбат баада сатышат. Биздин акционерлер мен турганда эле Индия менен бир канча миллион долларга келишим түзгөн болчу. Мунун бардыгы эми башка мамлекетке, Орусияга кетип атпайбы.

Исмаил Исаковдун айтымында, Кыргызстан Орусияга бардык мүмкүнчүлүктү бир колго топтоп алышына шарт түзүү менен бирге курал сатып баюу деген дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.

“Евразианет” сайты болсо Орусия Кыргызстанга грант берип, иш жүзүндө “торпедо” чыгарчу ишканага көзөмөлдүк кылып калды деп жазып чыкты. Ишкана чыгарган бул курал Ысык-Көлдөгү Орусиянын ижарасындагы аймакта сынактан өтөрү буга чейин эле коомчулукка белгилүү. Талдоочу Базарбай Мамбетов муну “Азаттыкка” дагы бир ирет тастыктады:

- Азыр деле “торпедо” чыгарылат. Бирок “торпедонун” өзү эмес, аны башкара турган аппараты чыгарылат, аны Киров заводунун Ысык-Көлдөгү мурдагы сыноочу жайында сынашат.

Бирок талдоочу сынак жүргүзүүчү аймакты “Дастандын” акцияларын Орусияга берүү тууралуу макулдашуу менен байланыштырууга болбой тургандыгын белгиледи. “Дастан” ишканасынын калган акциясы кыргызстандыктардын колундабы-жокпу, ишкананын тиешелүү акциясын Орусия карамагына алуунун шарттары кандай деген өңдүү суроолор жабык бойдон турат.

Кандай болгон учурда да Орусия менен Кыргызстан ортосундагы февраль макулдашуулары экономикалык гана алака катары баалоо чегинен алда качан эле чыгып кеткендиги айкын. Жергиликтүү жана батыш маалымат каражаттары тарабынан ал Орусиянын Борбор Азияда таасирин күчөтүү, АКШнын Кыргызстандагы базасын чыгаруу максаты менен байланыштырылып келет.

Ал эми “Евразианет” сайты болсо жаңы келген 150 млн. доллар акча президент Курманбек Бакиевдин бийлигин чыңдоого, алдыдагы шайлоого пайдаланыларын болжогон. “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев авторитардык режимге колдоо көрсөтүү аркылуу Орусия кыянатчылык кылып жатат деп билдирди.

Мындай көз карашты колдобой тургандыгын Базарбай Мамбетов:

- Ал - оозуна алы жетпеген саясатчылардын айтканы. Андай деп айтууга болбойт. Президентибизден, өкмөтүбүздөн ушинтип шектене берсек болобу. Президенттик шайлоого деле анча акча кетпейт, - деп негиздеди.

Расмий бийлик болсо Орусия берген алгачкы 150 миллион доллар максаттуу, ачык-айкын чыгымдаларын убада кылуу менен бирге, акчаны кайда жумшаарын тактап бере элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG