Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Кыргызстанга Орусиянын аскер бөлүгүн жайгаштыруу ниетин билдирген меморандум апта ичинде талкууга түшкөн талылуу маселе болду.

Орусиянын кошумча аскер бөлүгүн Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу каңшаар кеп АКШ аба-аскерий базасын транзиттик жүк ташуучу борбор кылып кайра түзүү сүйлөшүүлөрү ачыктала башталганда пайда болду. Муну Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен Коргоо министри Анатолий Сердюковдун июлдун башындагы Кыргызстанга чукул сапары тастыктап, кийинчерээк Нью-Йорк Таймс гезитине берген интервьюсунда мунун чоо-жайын президент Курманбек Бакиев өзү да ачыктаган:

- Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук топ түзүү маселеси талкууланды...

Орусиянын аскерий бөлүгүн жайгаштыруу ыктымалдыгын ЖККУнун бейформал Чолпон-Ата саммитинин алкагында кабыл алынган эки тараптуу документ расмий бышыктап берди. Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин кол койгон Чолпон-Ата меморандумунда белгиленгенге караганда кошумча аскер бөлүгү Кыргызстанга батальонго чейинки өлчөмдө жайгашат, андан тышкары кыргыз-орус аскерий кызматкерлерди даярдоочу окуу борбору түзүлөт. Аскерий түзүмдү жайгаштырууга негиз боло турган документтер 1-ноябрга чейин даярдалып бүтөт.

Меморандумда Орусиянын аскерий бөлүгү Кыргызстандын кайсы аймагында жайгашаары көрсөтүлгөн эмес. Башка бир катар маселелердин катарында бул дагы азыр ачык бойдон турат. Инфраструктурасына кызыккан Орусия Ош облусун көздөөдө. Кыргызстан болсо ар кандай террорчул кооптуу жагдайлардан коргонуунун аргасы үчүн Баткен облусуна жайгаштыргысы келет. Орусиялык талдоочулар бул аралыкта аскерий күчтөр эки аймакта тең жайгаштырылышы ыктымал деген жоромолду айта башташты. Мындай пикир билдиргендердин бири орусиялык талдоочу Александр Князев.

Орусиянын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда, болгондо да чек арасы такталып бүтө элек үч өлкөнүн ортосуна жайгашышын ириде кошуна Өзбекстан каалаган жери жок. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда аскерий турум аймактагы кырдаалды курчутат, улуттар аралык араздашууну күчөтүп, экстремисттик аракеттер жанданат деп билдирди. Мындай билдирүүгө Орусия дароо жооп берип, анда орус аскерлери ЖККУ алкагындагы жалпы кызыкчылыкты көздөп жайгаштырылып жаткандыгын, ал бир да мамлекетке каршы багытталбастыгын эскертти. Ал эми ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын айтканына караганда бул маселе боюнча Өзбекстан менен кеңешүү ыктымалдыгын айтты. Ошол эле мезгилде орусиялык талдоочу Александр Князев:

- Орусия өзүнүн улуттук кызыкчылыгын экономикалык, саясий, аскерий жана башка мүмкүнчүлүктөрү азыраак Өзбекстан өңдүү өнөктөштөрүнө ашкере кылчактабай чечүүчү деңгээлде турат, - деп билдирди.

Ал эми кыргызстандык талдоочу Иманберди Жалилов болсо Өзбекстандын каршылыгын ич күйдүлүктүн эле айы, кезектеги көрсөткөн ыдыгы дейт. Муну талдоочу эки өлкө ортосундагы газга, сууга, чек арага байланыштуу эки өлкө ортосундагы чыңалган мамилеге жоруду. Батыштын айрым талдоочуларынын баамында Өзбекстандын аймак үчүн кооптонуусунун артында улуттук кызыкчылык жатат.

Жергиликтүү дагы бир талдоочу, терроризмге каршы күрөш боюнча адис Талант Разаков Орусия жайгаштырып жаткан аскерий топ ошончолук дүпөйүл кылгыдай чоң күчтөрдүн катарына кошкон жери жок:

- Бул нерсени мындай караш керек. Бул кандайдыр бир башка мамлекетке каршы багытталган чоң күч эмес. Батальон деп көрсөтүп атат биринчиден. Экинчиден, ачык эле жазылып турбайбы, эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү жөнүндө, биргелешкен күрөшүү жөнүндө. Менимче, чочулап аткан айрым мамлекеттер өздөрү терроризмге каршы күрөшүп атышат. Ошон үчүн аларга эч кандай коркунуч алып келиши мүмкүн эмес.

Орусиялык расмий өкүлдөрдүн арасында Кыргызстанга жайгаштырыла турган Орусиянын аскерий түзүмүн ашкере көңүл бурууга арзыбаган чакан топ деп, анын кызуу талкууга түшүшүнө таң калган түр көрсөткөндөр да болууда. Президент Курманбек Бакиев да Нью-Йорк Таймс гезитине берген интервьюсунда журналисттердин кызыгуусун азайтууга аракет кылганы бар:

- Бул база эмес, бул эл аралык терроризмге каршы күрөш боюнча борбор. Башкача айтканда бул бизде түштүктө пайда болчу эл аралык терроризмге каршы кантип күрөшүүнү окутуп- үйрөтө турган борбор болушу мүмкүн.

Ошол эле мезгилде талдоочулар Кыргызстандын түштүгүндө жайгаша турган Орусия аскер күчтөрү эл аралык терроризмге каршы күрөштө оңой эмес күч болорун боолгоп жатышат. Маселен, талдоочу Иманберди Жалиловдун айтымында:

- Ошол Ооганстандагы, Пакистандагы талиптерге бир топ позитивдүү да таасир этет. Бир батальон деңгээлинде деп атышат, эгер ал жөө аскер деңгээлинде болсо мунун аскердик күчү аябай чоң. Бул талиптердин түшүнө да кирбеген нерсе. Эгер бул абадан коргонуу базасы болсо ага тең келе турган талиптерде күч жок. Десанттык аскер бөлүктөрү болсо бул нерсе ооган менен талиптерди кошкондо да мындай күчкө ээ болбойт. Ошондуктан алар ар кандай кылабыз деген нерселерин да токтотушу мүмкүн.

Орусиянын аскер бөлүгүн жайгаштыруу жаатында талаш жаратып аткан дагы бир маселе ижара акы болору айтылууда. Меморандумда алдыда тактай турган маселелердин катарында кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна, ижарага байланышкан өңүттөр да бар. Муну эске алган батыштын маалымат каражаттары Кыргызстан АКШ сыяктуу эле Орусиядан каржылык пайда көрүүгө аракет жасашы мүмкүн деп боолгошот. Бирок жергиликтүү талдоочулардын берген бааларында Кыргызстан Кошмо Штаттардан талап кылгандай каражат сурай албайт. Орусиянын Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөш экендиги, экономикалык, каржылык салмактуу көмөктөрү, мындан тышкары ШКУ, ЖККУ, КМШ алкагындагы кызматташтыгы ижара акысын суроого моралдык укук бербейт.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов дүйнөлүк практикада коопсуздугун коргоп берип атканы үчүн тескерисинче өзүнүн аскерий базасын жайгаштырган мамлекетке акча төлөп берет. Ошондуктан, Кыргызстанда деле каржылык пайда табуу жөнүндө ойлонуунун кажети жок.


Расмий Бишкек болсо чоң өлчөмдө ижара акы өндүрүп жаткан АКШнын Ооганстанга жүк ташуучу транзиттик борбору менен акысыз жайгашкан Орусия күчтөрүнүн ажырымы бар деп баса белгилеп келатат. Бул тууралуу президент Бакиев “Нью-Йорк Таймска” берген интервьюсунда:

- Алардын максаттары ар башка.АКШ Оогнатсандагы терроризмге каршы күрөшүп атат. Орусия базасы ЖККУ алкагында коопсуздукту сактап турат, - деген.

АКШ бийлиги болсо кошумча аскерий күч жайгаштыруу тууралуу орус-кыргыз сүйлөшүүлөрүнө алыстан көз салып, бейтарап калууда. Мындай көз карашты июлда Кыргызстанга жасаган иш сапары маалында АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бөрнс да билдирген болчу:

- Бул сыяктуу кандай гана чечим болбосун, ал кыргыз өкмөтүнүн өз укугу болуп саналат. Биздин оюбузда, Кыргызстандын көз карансыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздай турган ар бир кадам маанилүү. Мен баса белгилегендей, бул сыяктуу чечим бул жердеги өкмөттүн өз иши.

Кандай болгон учурда да АКШ деле Орусия деле Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга биринчи кезекте өз кызыкчылыгын аркалап келип атат. Мындай мүмкүнчүлүктү өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу расмий Бишкектин негизги милдети болуусу керек дейт Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген интервьюсунда:

- Бүгүн бизге АКШ, Орусия биздин эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келип атат. Бүгүн биз алардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу учуру келип турат.

Бул аралыкта талдоочулар Орусия өз базасын Кыргызстанга жайгаштыруу эки тараптуу макулдашуунун чегинде чечилеби же ЖККУ талкуусуна түшөбү, эгер андай болсо Өзбекстандын каршылыгы, Беларустун коомай мамилеси уюмдун биримдигине кандай таасир этиши мүмкүн, ансыз да салкындап турган Кыргызстан менен Өзбекстандын алакалары кандай нукка бурулат деген өңдүү суроолордун айланасында баш оорутушууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG