Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Быйыл Орусия Кыргызстанга 2 миллиард доллар кредитин бере тургандыгын ырастоодо.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Игорь Чудиновдун 15-январдагы Москвадагы бир күндүк иш сапарында мына ушул маселе, эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катышты өнүктүрүү жайында кеп болду. Жакынкы күндөрү президент Курманбек Бакиевдин Москвага иш сапары башталганы туру.

90-жылдардын башында союздук биримдик урап, эгемен өлкөлөр советтен калган орус акчасы менен экономикалык алака-катыш жүргүзүп калган чакта чогулган Кыргызстандын Орусияга карызы өткөн жылы 192 миллион 319 миң долларга жетти. Африка менен Азиянын тежемел өлкөлөрүнүн олчойгон карыздарын кечип ийген орус өкмөтү андай берешендикти кечээки өнөктөш республикаларга карата жасаган жок. Ошол себептүү ансыз деле 2 миллиард ашуун тышкы карызы бар Кыргызстандын кезектеги кредитти алышы керекпи-жокпу маселеси чыгууда.

Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева Орусия кредити Кыргызстандын мойнуна түшкөн карыздын оор жүгү болорун айтып, ири кредиттин жоопкерчилигин мамлекет башчысы өзүнө алышы керектигин билдирди.

- Мен эсептейт элем, ошол жерге улуттук кызыкчылыкты тебелетип берип жатканы деп эсептейт элем. Биз бир айттык, эки айттык. Мына азыркы Кыргызстандагы оор экономикалык жагдайды пайдаланып, суунун ээси болуп башка өлкө келип атат.

Роза Отунбаева газ маселесин Кыргызстан толугу менен Орусиянын колуна тапшырып бергенин, эми болсо анын суу ээси болушуна жол ачылып жатканына токтолуп, мындай жагдай өлкөнүн эгемендигине шек келтирчү кооптуу көрүнүш экенин эскертти.

Энергетика менен саясатты ортого салдырган Орусиянын 2 миллиард доллар кредити Кыргызстанга бөлүнө тургандыгын мындан эки жыл илгери Бишкектеги Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйынына келген а кездеги орус президенти Владимир Путин ырастаган. Кредиттин 300 миллиону Кыргызстан бюджетин колдоого, калганы “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушуна жумшалары маалымдалууда.

Социализм заманында курулушунун теңине жакыны бүтүп калган “Камбарата –2” ГЭСин Кыргызстан ушу тапта өз күчү менен улантууда. Станциянын биринчи агрегаты быйыл жыл аягында, маалынан кечигип калса эмдиги жылы ишке киришкени турат.

Кыргызстандагы эң ири “Камбарата –1” ГЭСинин курулушун толугу менен көтөрүүгө өлкөнүн чама-чаркы жетишпейт. Буга чейин ири долбоорго орусиялык “РАО ЕЭС” компаниясы менен биргелешип Казакстандын “Казкуат” компаниясы инвестиция алып келери айтылып келген. Каржылык кризис каптап келгенден бери казакстандык компаниянын аты негедир айтылбай калды.

Парламенттин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун ырасташынча, “Камбарата –1” ГЭСинин кубаттуулугу 1 миллион 900 мегаватты түзөт.

- Ошондо азыркы эсеп боюнча ар бир мегаватт 1 миллион киловатт. Бул курулушка 1 миллиард 900 миллион доллар каражат керек. Азыркы кризис, келчү жабдуулардын кымбаттаганын эсепке алганда “Камбарата – 1” ГЭСинин баасы 2,5 миллиарддан ашып кетиши мүмкүн, деп ойлоп жатам.

Райымбек Мамыровдун айтуусунда, орусиялыктар “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушун биргелешип жүргүзүүгө ынтызар.

- Негизинен туура эле. Себеп дегенде азыр бир гана Кыргызстан эмес, Орусиянын өзү деле мындай чоң курулуштарды өзүнүн акчасына кура албайт. Сөзсүз сырттан инвестиция алып келиш керек.

Социализм заманында Нарын дарыясына 20 ашуун электр станцияларын курууга боло тургандыгы эсептелинип чыккан. Алардын эң ириси, албетте, “Камбарата –1” ГЭСи болмокчу. Адистердин айтуусунда, Кыргызстанга үлкөн инвестиция жүктөп келе турган ири курулуш 10 жыл аралыгында аягына чыгып калышы мүмкүн. Адистердин баамында дүйнөлүк каржы кризис кыстап турган чакта алдагыдай чоң акчанын Кыргызстанга бөлүнүшү кантсе да экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзмөкчү. Анан да 2 миллиард кредиттин көбү миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылчу ири энергетикалык ишкананын курулушуна жумшалат.


XS
SM
MD
LG