Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Жарык көргөн орус тилдүү “Дело №...” , “МК Кыргызстан” гезиттери өткөн курултай тууралуу баяндамаларды, Орусия Федарациясынын Борбор Азияга саясаты туурасында жазышты...

“Дело №...” гезити “Күбөлөр сөздөрүн кайта алууда” деген ат менен Ишенбай Кадырбековдун сотунун жүрүшү, оппозициялык күчтөрдүн президентке мартка чейин мөөнөт бергени, курултай жөнүндө баяндамаларды басты.

Гезит муну менен катар эле “Исламдын туусу алдындагы нааразылык” деген макала жарыялап, мурдагы акйыкатчы Турсунбай Бакир уулу менен “көмүр көзүрү” аталган Нурлан Мотуевдин союзу тууралуу сөз кылды жана бул боюнча бир катар дин жана саясат иликтөөчүлөрдүн ойлоруна орун берди.

Стратегиялык анализдөө жана болжолдоо институтунун эксперти Кадыр Маликов: “Кыргызстанда коомдук-саясый жана экономикалык абал оор, мына ошонун артында саясатчылардын бийлик күрсүсү үчүн күрөшү жүрүп жатат. Бул күрөшкө эми исламды аралаштырганы калышты. Исламды саясатташтыруу жолою башталды” деп жазат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүнбаев: “Бул уюм биздин агенттиктен каттодон өткөн эмес. Чындап эле алар мусулманбы же исламчыларбы, шарият боюнча туура кылып жатышабы же жокпу, мунусун муфтияттан сураш керек. Ал эми шарият боюнча партия түзүүгө исламда жол берилбейт. Эгер алар саясатка аралашып жатса демек сөзсүз бийликти самап жатат. Бизди эки адамдын биригип алып бүт мусулмандардын атынан сүйлөп аткандары кооптондурууда,”- деди.

Кыргызстандын муфтийинин кеңешчиси Юсур Лома: “Мен алардын мусулмандардын кайсыл бөлүгүнө кирерин билбейт экемин,”- деп жооп берген.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: “Исламды саясатка аралыштыруу өтө опурталдуу. Ал башкарылбаган баш-аламандыкка алып келиши мүмкүн. Бийликтин легитимдүүлүгү, кадыр-баркы элдин көз алдында түштү, урмат-сыйдан кетти. Эгер мартта Кыргызстан жарыксыз кала турган болсо анда анын арты кандай болорун болжоп болбойт. Жаңы конуштар жаңсап эле койсоң көчөгө атып чыга турган жалаң кара тамандардан турат. Мына ушундай жагдай вахавиттердин, а балким талибдердин ойлогон ойлоруна оңдой берди болушу мүмкүн”,- деди.

“Дело №...” ошону менен бирге эле жылуулук менен электрэнергиясына жаңы жылдан тартып баа дагы көтөрүлө тургандыгын маалымдады. Энергетика жана отун ресурстар министринин департамент деректири Эркин Абдыкалыковдун айтуусунда 1-январдан баштап жылуулук, 1-апрелден баштап электр жарыгына баа көтөрүлөт. Электр энергиясы үчүн эл 1 кВт саатына – 84 тыйындан, өндүрүш үчүн керектегендер – 1 сом 22 тыйындан төлөй баштамакчы.

Кыргыз парламентарийлеринин айтуусуна караганда мамлекеттик бюджеттин 44 пайызы жалаң мамлекеттик атка минерлерди бакканга жумшалат. Мындай “ашка жүк, башка жүк” чинвониктердин армиясын эмне үчүн кармап турабыз? Мына ушул суроолорго жооп издеген “Адилет” укук клиникасынын деректири Чолпон Жакупованын макаласы бүгүн жарык көргөн “МК Кыргызстан” гезитине жарыяланды.

Гезит КМШ өлкөлөрүнүн Борбор Азия жана Казакстан боюнча институтунун бөлүм башчысы Андрей Грозин менен интервьюну да сунуш кылды. “Мен эч кимди таарынткым келбейт. Бирок чын-чынына келгенде Орусиянын тышкы саясатында Борбор Азия аймагы анча деле мааниге эмес. Бүгүн саясатты жасап аткандар орус элитасы болуп эсептелсе, анда анын басымдуу бөлүгү Батышка ыктап, Батышка баш буруп турган чагы” деп айтты ал.

Борбор Азия аймагы менен иш жүргүзгөн орус эксперттеринин айткандарына карасак азыркы күндө Орусия Федерациясынын Борбор Азия аймагы үчүн стратегиялык ачык-айкын саясаты жокко эсе, Болгону Кыргызстан үчүн “Газпромдун” “саясаты” бар. Ал саясат бизнесте, андан ашып түшпөйт.

Кабарчынын: “Кыргыздар Орусияга кетип жатат. Анын ордун кытайлар басууда. Ушинтип олтуруп, качандыр бир убакта Фергана өрөөнү Кытайдын провинциясына айланып, “Фер-гань-цяо” деп аталып калбас бекен?” дегенине А. Грозин: “Болушу да мүмкүн. У. Черчилль кезинде Кытай өлкөсүн “табышмактын ичиндеги табышмак” деп атаган. Кытай Борбор Азиядан эмнени каалайт? Ырасмий Бээжиндин да бул аймак боюнча эч кандай программалык документтери жок. Анын үстүнө Кытайдын эчкимге түшүнүксүздүгү да ар кандай ой жорууларга, чочулоого себеп болууда” деп айтты.

Гезит мындан сырткары болуп өткөн курултай тууралуу макаласынын атын “Акмактар жана жолдор” деп атаган. Анда бүгүн элди эрчитип кетет турган жолбашчынын жоктугун оппозициянын өзү да мойнуна алганы жана башка жагдайлары баяндалган.

XS
SM
MD
LG