Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Ушул аптанын аягында Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизди. Ал Орусиянын Федералдык Кеңешинен колдоо тапса кийинки парламент 5 жылга, президент 6 жылга шайланат.

Орусиянын жаңы демилгеси өнөктөш өлкөлөр колдоп ийиши деле толук ыктымал. Президенттик мөөнөт, кызмат жоопкерчилик жайында “Азаттыктын” бүгүнкү меймандары: белгилүү коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев менен парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Гүлнара Дербишева кеп кылышат.

- Билесиздер, ушул аптанын аягында Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизип, мындан ары парламенттин шайлануу мөөнөтү 5 жыл, президенттикин 6 жылга узартты. Жаңы өзгөртүү азыркы иштеп аткан парламент менен президенттин мөөнөтү аягына чыккандан кийин ишке киргизилет. Бирок да Орусиянын кылган-эткенин сөзсүз кайталоону жакшы көргөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстанда дагы Конституцияны өзгөртүү аракети болушу мүмкүнбү? Сөздү Топчубек мырза сиз баштасаңыз.


Топчубек Тургуналиев:- Мурунку Конституция боюнча ал эки мөөнөт отурду. Д.Медведев анын колбаласы. Мына көрдүңөр, “Единая Россиянын” жыйынында баарын В.Путин башкарды. Д.Медведев болсо аны ээрчиген бала катары эле жүрөт. Мамлекеттик Думанын жетекчиси В.Грызлов менен Федералдык Кеңешти башкарган С.Миронов Д.Медведевдин кадры эмес, В.Путиндин жолдоштору. Көпчүлүгү КГБ тарапта чогуу иштешкен. Эмитен эле Д.Медведевге каршы тымызын иштеп атышат. Атүгүл Д.Медведевди мөөнөтүнөн мурда кетирип, В.Путинди кайра шайлоо өтүшү мүмкүн деген сөз жүрөт. Андай болсо В.Путин эми 12 жыл отурат.

Кыргызстан жөнүндө айтчу болсок, анын өзүнүн тандап алган жолу болуш керек. Анын эки чен-өлчөмү бар. Биринчиси, мурунку Манас доорунан келаткан жөрөлгө. Ошол Манаста деле бир орунга атаандаш үч адам көрсөтүлгөн. Экинчиси, азыркы алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу. “Орусия менен Казакстан антип атат, минтип атат”, деген тууроодон баш тартышыбыз керек.

- Гүлнара айым, Орусия Конституциясын өзгөртүү чын эле В.Путин үчүн жасалып жаткан камкордукпу, аны дагы бир ирет президенттикке алып келүү аракети деп ойлойсузбу?

Гүлнара Дербишева: - Мен Мамлекеттик Думанын чечимин туура деп ойлойм. Алар бул маселени үч окууда карап, президенттин сунушун оң чечип беришти. Аркыл сөздөр айтылганы менен мындай пикирге Орусиянын элинин өзү келди, ошондой чечим кабыл алышты. Бул өзү бышып жетилген маселе болуш керек. Мен анан бул жерде Топчубек мырзанын бир сөзүн колдоп кетким келет. Биз ар бир өлкөнүн жакшы тажрыйбаларын сөзсүз эске алышыбыз керек. Ошентип, бирок өз жолубузду тандап кетишибиз керек. Мына бизде парламент менен президент беш жылдык мөөнөт менен иштеп жатышат. Ушул эң туура. Ошондуктан биз Орусияны туурабай эле алдыга карай жылып кетишибиз керек. Анткени беш жылда жыйынтык чыгып калат. Депутаттар менен президенттин кандай иштегени билинип калып жатат. Бул президент үчүн да ыңтайлу мөөнөт. Анын кантип иштегенине эл баасын берет.

- Топчубек мырза, Орусиянын Конституциясы 15 жылдан кийин өзгөртүүгө туш келди. Бизде болсо бир жылга жетпей эле Башмыйзам өзгөртүлүп келди. Бизде аны дагы өзгөртүү зарылдыгы жокпу?

Топчубек Тургуналиев: - Бир чындыкты айта кетиш керек. Алдыңкы өлкөлөрдө өтө олуттуу маселелер, анын ичинде президент менен парламенттин иштөө мөөнөтү элдик референдум аркылуу чечилет. Орусияда болсо муну В.Путин жетектеген “Единая Росссия”, ага баш ийген Мамлекеттик дума эле чечип койду. Муну эл чечкен жок. Аны элден сураган деле жок. Менин пикиримде мунун мамлекеттик бийликти ээлеп алуунун бир түрү деп айтса болот.

Мөөнөт демекчи, ал 4, 5, 6, 7 жыл боло берет. Бирок мен 6, 7 жылга каршымын. Бул карындашымдын бир айтканын туура көрөм, 4 жыл, ашып кетсе 5 жыл жетет. Мынакей 1993-жылкы Конституцияны А.Акаев 4 жолу өзгөрттү. Ал өзү 5 жолу Конституцияга кол койду. Ал эми 2005-жылдан бери бул Курманбек Бакиев болсо 3 Конституцияга кол койду. Оппозиция талап кылганда мурдагы жылы 9-ноябрдагы, кийин 30-декабрдагы Конституцияга кол койду. Кийин өткөн жылкы референдумда, октябрдагы Конституцияга да кол койду. Бизге окшогон авторитардык-мафиялык өлкөдө президент 6 жыл болсо элдин шору шорподой кайнайт го. Ошончо жыл күтүп олтура береби?

АКШда мөөнөт 4 жыл. Ошондон ашпаш керек. Бир жаман киши келип калса элдин эле шору. Анан алар 2-мөөнөткө шайланабыз деп чыгышат да. К.Бакиев бүгүнкү күнү айлана-тегерегине С.Балкибеков, М.Садыркуловду чогултуп алды. Ошолор баш ийбей калды. Мен Таластагы жыйында айттым. Президент “3-ноябрдан тарта жарык өчүрүүлөр толук токтотулат” деген. С.Балкыбеков болсо “кышында да жарык өчүрүлөт, тиги февралда Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн” деп атат. К.Бакиевдин бирден-бир тарыхый катасы – шылуундарды жанына топтоп алганы. Президенттик бийлик да бөлүнүп-бөлүнүп кетти. Революцияга чейин да, кийин да мен К.Бакиевге көкүрөгүмдү тосуп жүргөм. Мен абдан жаңылган экем. Мобу өткөн күздөгү референдум, парламенттик шайлоодон кийин менин үмүтүм биротоло өчтү.

- Гүлнара айым, Орусия президентинин мөөнөтүн 6 жылга өткөрүү жолоюна КМШнын башка өлкөлөрү да өтүшү мүмкүнбү? Казакстан мурда эле өткөн, Өзбекстандыкы белгилүү.

Гүлнара Дербишева: - Менимче бул биринен экинчисине уланып кетиши мүмкүн. Анткени Орусия лидер өлкө. Биз көп уюмдарга мүчөбүз. Орусиянын жолун кичине, кембагал өлкөлөр улантып кетиши мүмкүн. Мен бул жерде Топчубек мырзага бир суроо бергим келип турат: “Топчубек мырза, мына сиз А.Акаевди убагында колдоп, кийин көңүлүм калды деп атасыз. Азыркы президентти да колдоп, азыр аны да жактырбай калыпсыз. Минтип көңүлүңүз кала берсе дагы бир жаңы президент келсе деле көңүлүңүз калбаш үчүн эмне кылышыңыз керек?”

Биздин парламентте эл өкүлдөрү отурушат. Орусиянын Мамлекеттик Думасы эл менен кеңешпей Конституцияга өзгөртүү киргизгенин айтып атасыз. Бирок депутат болгондон кийин ал элдин өкүлү. Анын берген добушу - элдин добушу. Мисалы, биздин парламент 300 жакын мыйзам кабыл алды. Туруктуу иштеп калдык.

- Топчубек мырза, конституциялык реформа Кыргызстан үчүн көнүмүш. Орусиянын артынан бизде да ошондой аракет жасалышы мүмкүнбү?

Топчубек Тургуналиев: - Кыргызстанда Орусиянын оозун карап турган бийлик үстөмдүк кылууда. Орусияны туурап мынабу карындашым мактап аткан “акжолчулар” эртең эле “Конституцияга өзгөртүү киргизебиз”, деп чыгышы мүмкүн. Бизде кошоматчылык менен дүжүрлүк менен күн көргөндөр А.Акаевдин заманынан бери коомдун бир катмары болуп кеткен. Башка бирөөлөр жолоюна түшүшүн жакшы көрүп Орусиянын жетекчилиги биздин жетекчиликке сунуш кылышы мүмкүн.

Анан Гүлнара айым, сиз “элдик өкүлбүз”, деп айтпай деле койсоңуз болмок. Себеби “Акжол” чындык, демократия жолу менен жеңген жок. Сиздер бурмалоо жолу менен бийликке келдиңер. Менин оюмча, “Акжол” 20-25% тегерегинде добуш алгансыздар. Орусияда болсо элдин өкүлүбүз деп “Единая Россия” олтурат. Бирок Орусия, Казакстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстианда мурдатан эле авторитардык диктатура, үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат.

- Эми жыйынтыктасак. Гүлнара айым, конституциялык реформа Кыргызстанга келиши мүмкүнбү?

Гүлнара Дербишева: - Жакынкы арада андай бизге келбейт. Биз мына бир жыл болду туруктуу иштеп жатабыз. Анын кереги да жок.

- Топчубек мырза, сиздин пикириңиз.

Топчубек Тургуналиев: - К.Бакиевди 2010 –жылы шайлайбыз дегендер чыгууда. 2005-жылы 10-июлда К.Бакиев таза шайланган. Шайлоочулардын 90% жакыны чын жүрөктөн добуш беришкен. Анын ичинде мен дагы. Эгер бурмалоо жолу менен аны экинчи мөөнөткө калтыруу мүмкүн болсо анын бери жанындагы М.Садыркуловго окшогондор Конституцияны өзгөртүүнүн кереги жок деп ынандырышы мүмкүн.

Эгер бурмалоо жолу менен да мүмкүн болбой калса К.Бакиевди эч ким шайлабайт. Мен ачык эле айтып коюшум керек. Мен элди аралап жүрөм го. Анын баарынын мойнун толгоп, мынабу “акжолчулардын” мойнун толгоп, мажбур кылат. Ошондой система түзүлүп калды. Кыскасы, азыркы К.Бакиев бийлиги кандай болгон күндө да 2-мөөнөткө калуунун амалын издеп жатат. Мен айтып жатпаймбы, парламент спикери Баткенге барып үгүттөгөнүн. Ошол Баткендегилер 96% добуш беришкен. Азыр ал добуш жок. Баткендик туугандарымдын 80-90% К.Бакиевдин бүгүнкү башкаруусуна каршы. Эгер биз К.Бакиевге окшогондордун бийлигин узартуу аракети менен жүрө берсек Кыргызстанды опурталдуу жолго алып барып коебуз.

Гүлнара Дербишева: - Топчубек мырза, сиздин ой-пикириңизди сыйлайм. Бирок кээ бир ой-пикириңизге макул эмесмин.

Топчубек Тургуналиев: - Сиздин жанагы сурооңузга жооп бербей калыпмын. Ооба, А.Акаевди да, К.Бакиевди да ачык колдогом. Себеп дегенде 1990-жылы 26-майында Кыргызстан демократиялык кыймылынын жыйынын Кыргыз драмалык театрында уюштурганда А.Акаев келип сүйлөгөн. Түгөлбай ата, башкалар, баарыбыз аны чакырганбыз. Ал эгер мени президенттикке койсоңор жыргатам деп сөз берген.

К.Бакиевди да биз 2004-жылдын 9-сентябрында 9 партиянын жетекчилери ортого алып, “Курманбек мырза, биз сизди сүрөп, колдосок, Кыргызстанды оң жолго салып, акыйкат жолу менен алып кетесизби”, десек, көз ирмебей туруп макул болгон. Сөз бериштен мурун мынабу ыйман, акыйкат, демократия деген адамдын жан дүйнөсүндө болуш керек экен. Ал А.Акаевде да, К.Бакиевде да жок болгон экен. Жөн эле кур эле убадасын берип жүргөн экен.

- Урматтуу меймандар, келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG