Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Акаев: УКМК дарыгерлерден пара талап кылууда


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери Чүйдөгү Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында жайгашкан Курортология институтунун дарыгерлеринен 200 миң сом пара талап кылып жатканын Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев айтып чыкты. Акаевдин айтымында, анын дарегине аталган институттун жамаатынан арыз түшкөн. Анда институт директору Махмуд Султанмуратов жамаатка 200 миң сом чогултууну тапшырган. Муну директор УКМК кызматкерлерине пара катары берилерин түшүндүргөн.

“Аталган маалыматты тастыктаган аудио жазуулар бар жана Султанмуратов өзү да бул факты тастыктады”,-деди Акаев.

Буга байланыштуу депутат УКМКнын кызматкерлерине жана Курортология институтунун директоруна чара көрүүгө чакырды.

Депутаттын айткандары боюнча Улуттук коопсуздук комитети комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG