Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Улуттар уюмунун экономикалык кризис шартында чөлкөмдүк кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйын 12-ноябрда Бишкекте өттү.

Экономикалык кризистин салакасы Борбор Азия республикаларына аркыл тийди. Дүйнөлүк экономикалык карым-катышка кыйла аралашып калган Казакстанда анын кээри кадимкидей сезилсе, Ооганстан, Түркмөнстан, Өзбекстанда өнүккөн өлкөлөрдүн шайын оодарган кризис анчалык деле байкалган жок. Анын себеби бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикалык карым-катышка жакшы аралашпаганына, кийинки экөөнүн өзүмчүл башкаруу системасына байланыштуу экени көпчүлүккө дайын.

Казакстандагы экономикалык изилдөөлөр институтунун жетекчи орунбасары Айгүл Токсанованын ырасташынча, кризис Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү биртоп окшоштуктарды ачыкка чыгарып койду.

- Бул албетте, товарлардын базар баасынын түшүп кетиши, жумушсуздук, эмгек миграциясынын азайышы, инфляциянын көтөрүлүшү, энергетикалык кризис.

Чын-чынына келгенде, кризис чөлкөм үчүн жаңылык деле эмес. Үчүнчү жылга бараткан кризис Борбор Азияда алгач азык-түлүк каатчылыгынан чыккан. Андан соң каржылык кризис каптады. Минтип соңундагы экономикалык кыйынчылык табигый байлыктарын дүйнөлүк базарга алып чыгып соодалап, бутуна кадыресе туруп калган байчыкма республикаларды, алардын катарындагы карамай менен газга чукак өлкөлөрдү бир катарга коюп, чоң сыноодон өткөрүүдө. Анан да электр энергиясына бай деген Кыргызстан, Тажикстан эки жылдан бери энергетикалык каатчылыкка кабылып, жарыгын маал-маал өчүрүшкө мажбур болуп отурат.

Улуттар уюмунун улуттук координатору Нил Уолкер жылдын жаан-чачындуу болушунан быйыл Кыргызстандын Токтогул суу сактагычында мурдагы жылдан арбыныраак суу топтолгонун маалымдап, анткен менен өлкөнүн энергетикалык кризистен чыгышына бул жагдай таасирин тийгизе албастыгына басым жасады.

- Бирок бул мурдагы жылдардагы деңгээлден 20% төмөн. Бул Токтогул суу сактагычы коопсуз иштөөсү үчүн 20% суу жетпейт дегенди туюндурат. Анан да табияттын ырайымы Тажикстандагы Нурек ГЭСине да жардамын тийгизди,- деп айтты Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Нил Уолкер Борбор Азияда энергия баасы бир жыл аралыгында 52% көтөрүлгөнүн, коңшу өлкөлөр ортосунда суу-энергетикалык проблемаларды жөндөө аракетинен азырынча майнап чыга электигин белгиледи.

Улуттар уюмунун башкатчысынын орунбасары Ноэлин Хейзер экономикалык кризистен чыгуунун кыйынчылыктарына токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында биргелешип аракеттениши керектигине токтолду. Анын айтуусунда, ортолук экономикалык проблемаларды биргелешип чечүүнүн жолдорун издөө зарыл.

- Өткөн жумадагы Бишкектеги энергияны үнөмдөөгө арналган жыйын чөлкөмдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун негизин түздү.

Н.Хейзер козгогон проблема Ооганстан үчүн да өзгөчө маанилүү экенин Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Энатулла Набиел да белгиледи.

- Ооганстан - Борбор Азия республикаларынын жакын коңшусу. Бул чөлкөмдүн транспорт катнашы, энергетикалык ресурстарын ташып өтүүгө ыңгайлуу кыска жолдо жайгашкан.

Экономикалык кризистин жаалы бираз кайтып, чөлкөмдөгү карым-катнашты жакшыртуу зарылдыгы айкындалууда. Ортолук карым-катыш бекем жолго коюлбаса Борбор Азия республикалары ар бири өз алдынча экономикалык кризистен чыга албастыгын Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Акылбек Жапаров да ырастады.

- Байлар, колунда барлар ого бетер алдыга озуп кетип, кедейлер менен колунда жоктор таптакыр талаада калып калбастын тегерегинде биз бүгүн сүйлөшүп жатабыз,- дейт Акылбек Жапаров. Анын ырасташынча, кризистен биргелешип, чогуу-чаран чыгышы керек.

- Ошо колунда барлар кантип колунда жокторго же болбосо биздин мамлекеттер жаңы бутуна туруп келаткан өлкөлөрдү жөлөп-таяп, мындан ары кантип колдоп кетебиз деген суроолор жеке эле биздин мамлекетте турбаса керек.

Жыйында эларалык уюмдар жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөргө экономикалык колдоо көрсөтүшү керектиги айтылды. Андай колдоого жетиш үчүн Борбор Азия республикалары батыл экономикалык реформаларды жасап, ортодогу тоскоолдорду жоюунун жолдорун издеши абзел. Экономикалык кризистин чоң сабактарынын бири ушул болууда.
XS
SM
MD
LG