Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кантип сактап калабыз?


“Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу үчүн” кыймылы 14-майда форум өткөрүп, кыймыл жетекчилигине Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы М. Ниязовду дайындашты. Ага айрым партия, элчилик жана ЕККУ өкүлдөрү да катышты.

Кыймылдын лидери Мирослав Ниязов форумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан эгемен өлкө болуп, туу, герб, гимн сыяктуу мамлекеттик символдорду кабыл алган менен мамлекеттүүлүктү сактап калууга акыркы 15 жылда аракет көрүлбөгөнүн белгиледи. Ал ушул тапта түзүлгөн кыраалдын себебин таап, ошону менен күрөшүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанды кандайдыр бир чакырыктар, мыйзамдар эмес, мыкты кадрлар оңдой алат.

Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстан парламенттик башкаруу формасына даяр эместигин, убактылуу бийлик мурдагы бийликтин кетирген катачылыгын кайталап жаткандыгын айтты:

- Эң биринчи коопсуздук, саясий стабилдүүлүк - бул жалпы элдин максаты. Баарыбыз чогуу стабилдүүлүккө аракет кылышыбыз керек. Убактылуу бийликтин ушуга тажрыйбасы, эрки жетеби-жетпейби, мен азыр айта албайм.

М. Ниязов кыргыз мамлекетинин жоголуп кетишине алып бара турган коркунучтар тооруп турат деп эсептейт:

- Албетте бүгүнкү кырдалда ошондой көрсөткүчтөр бар. Кырдаал күндөн күнгө күчөп кетип атат. Баш аламандык болот, бир топ күчтөр бийликти алмаштырып турган бул Кыргызстанда тартип жок. Убактылуу бийлик кандай аракеттерди кылбасын, ушундай баш аламан кырдаалда эч бир демилге өтпөйт.

“Акыйкат үчүн” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов мамлекеттин келечеги жоголуп баратат деген пессимист ойлорго кошулбайт. Ал бардык саясий күчтөрдүн лидерлери чогулуп, тынчтык, стабилдүүлүк маселелерин талкуулоо аракеттери көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

- Албетте маселе кыйындап бара жатат. Бирок мен мамлекеттүүлүгүбүздү жоготпойбуз деп терең ишенем. Анткени Кыргызстанда түндүктүн эли түштүксүз жашай албай турганын, түштүк эли түндүксүз жашай албайт турганын жакшы түшүнөт. Убактылуу өкмөт болсо тынчтыкты сактап калыш үчүн чечкиндүү кадамдарды көрүш керек. Ошондой эле булардыкы, тигилердики, бакиевчилер деп бөлбөш керек. Албетте, үй-бүлөгө мыйзамсыз кызмат кылган адамдар мыйзам жолунда жазасын алыш керек.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев өз кезегинде Кыргызстан мамлекети жоголбой турганын, аны 7-апрелде жаштар далилдегенин белгиледи.

- Кыргызстанды сактоону Мирослав Ниязов айтпай эле койсун. Муну ачык эле айтам. 7-апрелде бул маселе эң орчундуу болуп турганда ал киши үйүнөн чыкпай жатып алган. Кыргызстанды сактоо жөнүндө сөз кылганы уят иш. Экинчиден, Кыргызстанды сактап калуучу, өлкөнү көтөрүп кетчү жаштар бар экенин 7-апрель далилдеп койду. Кыргызстан мамлекети жоголбойт. Бир гана маселе – укуктук тартип орнотуп, стабилдүү абалга келишибиз керек. Күзүндө шайлоону жакшы өткөрүп, эл ишенген саясий күчкө же күчтөргө бийликти бекем беришибиз керек. Алардан элге берген убадасын катуу талап кылышыбыз керек. Ошондо Кыргызстан мамлекет катары андан ары уланат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, мурдагы спикер Адахан Мадумаров соңку кадрдык туура эмес саясаттан ушундай абал түзүлдү деп белгилейт:

- Менин кайрыларым, элдин баары биримдикте, тынчтыкта болуп, бардык күчтү келечек үчүн жумшаш керек. Акылдашып, макулдашуубуз керек. Бүгүнкү күндө заманыбызда эч болбогондой биримдик талап кылынууда. Мен уктум, кээ бир кишилер сүйлөшкөнү кетиптир. Мына ошол кишилер кайсы бир күчтөрдүн таасирине берилип кетпей, мамлекеттин биримдиги, бүтүндүгү, элдин келечеги үчүн аракеттениш керек. Ыйман, биримдик, ынсап мына ушулардын негизинде аракет болуш керек.

XS
SM
MD
LG