Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Мадамин Каратаев: Автокырсыктан кайтыш болгондор тааныла элек


Мадамин Каратаев Бишкектеги өлүккананын жанында чогулган адамдар менен.
Мадамин Каратаев Бишкектеги өлүккананын жанында чогулган адамдар менен.

Автокырсыктан каза болгондордун сөөгү экспертизалык иликтөө үчүн чет өлкөгө жиберилиши мүмкүн. Мындай маалыматты "Азаттыкка" саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

-Сиз эртеден бери өлүкканада жүрүптүрсүз, судмедэксперттердин акыркы маалыматтары кандай?

-Судмедэксперттердин акыркы маалыматы боюнча үч адамдын сөөгү, үч боор табылды. Үч адам келген моргго. Алардын ким экенин таанышка бизге рентген дагы башка нерселер дагы жооп бербеди азырынча. Ошондуктан биз азыр күтүп атабыз, ДНКсын Казакстанга изилдөөгө жиберебиз.

-ДНК Кыргызстанда жүргүзүлбөйбү?

-Кыргызстанда жүргүзүлбөйт. Москвада бар жана Казакстанда, анан Иран, Турция сыяктуу башка мамлекеттерде бар. Бизге Казакстан жакын.

-Экспертиза канча күнгө созулушу мүмкүн?

-Эми тезирээк аракет кылабыз. Бирок он күн, он беш күнгө созулушу мүмкүн.

-Буга чейин стоматологдор да экспертиза өткөрүптүр, андай кандай жыйынтык чыкты?

- Стоматологдор көрдү, бирок ал жерде мурдакы түшкөн кагаздары керек болуп калды да аларга, далилдеш үчүн. Түшүндүңөрбү? Ошондуктан алардыкы да так болбой калды.

-Ооба, бирок медициналык карточкалары болот да. Жакында эле тишин оңдотуп салдырыптыр деп жатышат.

-Эми көп нерсе күйүп кеткен. Бул жерде аварияда, трамвада баары ошондой сакталып калбайт да. Сиздер да туура түшүнгүлө. Күйүп кеткен да.

-Ошол күйүп жаткан адам, белгилүү дарыгер Эрнест Акрамовдун айтымында жан талашып кыймылдап, чыгууга аракет кылат. Бирок ошол өлүктөр отурган бойдон калыптыр. Ошол чынбы?

-Мен аны билбеймин. Себеби, бизге моргго алып келгенден кийин билдик. Ал каяктан, кандай болуптур, кайерде отуруптур, бул суроону тергөө органдарына берсеңиздер болот. Аны мен билбейм.

-Ошол эле Эрнест Акрамов Садыркуловдун өтүндө үч таш бар эле дептир. Ошол үч таш табылыптыр. Ушунун негизинде кандайдыр бир жыйынтык жасаса болобу?

-Эми ал үч таш мындай да. Эми бизде көбүнчө бир 80 пайыз адамдарда хронический холецистит бар да. Эми ал жерде үч таш табылды, бирок үч таш бар эле десе Акрамович, анда үч таш бар мына көрдүм деп айтканын мен билбейм. А бирок үч таш чыкты деп эле Медет Садыркулов деп айтканыбыз туура эмес болот го.

-Мадамин мырза, туугандары эмне деп жатышат?

-Эми туугандарына баарыбыз боорубуз ооруйт. Туугандары ишенбеске аракет кылып атат. Туугандары ДНК менен тактап бергиле, жардам бергиле деп атат. Биз эми азыр Казакстанда тийиштүү органдар менен байланышып ошолордон жардам сурап, анан кийин ДНКсына изилдөө өткөрөбүз деп турабыз.

-Демек бул жыйынтыктар бир-эки үч жуманын ичинде чыгат турбайбы. Ага чейин эч нерсе айта албайсыз?

-Ооба ошого чейин, эртерээк чыкса биз кабарлайбыз.

XS
SM
MD
LG