Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Пакистандагы жардыруудан өлгөндөрдүн саны 24 кишиге жетти


Пакистан
Пакистан

Пакистандын расмий адамдары Парачинар шаарынын базарындагы жардыруудан каза болгондордун саны 24 кишиге жеткенин билдирди. Жекшембиге караган түнү оор жараат алган дагы үч киши көз жумду. Шииттер үстөмдүк кылган Куррам чөлкөмүнүн жетекчилик өкүлү Насерулла Хан 21-январдагы теракттан 90 киши жарадар болгонун маалымдады. Алардын 25и Пешавардагы аскердик ооруканага которулду. Колго жасалган жардыргыч жер-жемиш салынган кутуга коюлган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы "Техрик-И-Талибан" уюмунун канаты өзүнө алды. АФП агенттиги уюмдун маалымат катчысынын жардыруу “Башар Асадды колдогон шииттерге сабак болсун” деп уюштурулган деген сөздөрүн келтирет.

XS
SM
MD
LG