Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:53

Журналист А. Саиповдун өлүмүндө саясий себептерди жокко чыгарган билдирүү менен ИИМ бир жагынан өзбек бийлигине жүгүнүп, экинчи жагынан оппозицияны коркутуп-үркүтүүгө өттү, деп билдирди “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдрасулова “Азаттыкка”.

- Өткөн жумада ички иштер министрлиги Алишер Саиповдун өлүмүндө саясий себеп жок деген билдирүү менен чыкты. Сиз муну кандай кабылдадыңыз, кандай логика жатат бул жерде?

- Канчалык саясий себеп жок дегени менен Алишер Саиповдун өлүмүнүн аркасында анын журналисттик кесибин аткаргандыгына байланыштуу себеп турат. Алишер Саиповдун гезити өзбек тилинде чыгып, Өзбекстанда таркатылып турган. Ал гезиттерде Өзбекстандын диктатурасын, ошол эле убакта Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушун сындап келген материалдар байма-бай жарык көрүп турган. Ошондуктан Алишер Саиповдун өлүмүн эң коркунучтуу, көңүлүбүздө эң оор калган буюртма өлүмдөрдүн бири деп эсептейбиз.

- Бул иште өзбек бийлигине кеткен шек бар эле башынан. Анан расмий бийлик кечээ күнү ошол шекти алып, аны бирок ички оппозицияга карай ыргытып койду, мындай айтканда. Ушул өзгөрүү эмнеден кабар берет?

- Бир жагынан өзбек бийлигине жагынуу, жүгүнүү - кыргыз бийлигинин илгертен жасап келатканы. Экинчи жагынан, бир ок менен эки коенду атып атышат, өзбек бийлигине жагынып, анан көрүнүктүү оппозиция лидерлерине каршы жасалган аракет болуп атат. Жаагын жап кылуу үчүн бизде бизнесмендердин бизнесин тартып алат, бизнеси жок болсо, бала-чакасына, үй-бүлөсүнө коркунуч келет. Бүгүнкү күндө көрүнүктүү оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловго карата ушундай саясат жүрүп атат деп эсептейм.

-Жергиликтүү укук коргоочулары декабрь айында улуттук конференция чакырып, анда адам укуктарына байланыштуу маселелерди талкуулаганы жатасыздар. Негизги койгон темалар, маселелер кайсылар болот?

- Негизинен биз үч теманы тандап алып атабыз. Адам укуктарынын баардык багыттарынан артка кеттик. Эң биринчи, шайлоо системасы, шайлоодогу шайлоочулардын укуктарынын бузулушу. Экинчиси, өз оюн эркин билдирүү маселеси. Бул журналисттерге, сөз эркиндигине карата, эркин жыйындарга карата болгон мамилени талкууласакпы дегенбиз. Ал эми үчүнчү багыты болсо, жарандардын бакубат жашоосуна болгон укугу. Кыргызстанда канчалык деңгээлде жарандардын бакубат жашоого болгон укуктары иш жүзүнө ашып атат, экономикалык, энергетикалык кризис кандай болуп атат. Азырынча ушулардын үстүндө иштеп атабыз.

-Ушул талкууларга катышкан акыйкатчы расмий бийликке канчалык таасир эте алат деп ойлойсуз?

- Бул жерде акыйкатчы эмес, бул укук коргоочулардын коомдук кеңеши уюштуруп атат. Ал эми укук коргоочулардын коомдук кеңши акыйкатчынын алдында болгондуктан, ал катышпай койбойт. Биз аны мажбурлап эле катыштырабыз. Бирок акыйкатчы өзү макулдугун берип, ушул иш чараны жүргүзүүгө аракет жасап атат. Экинчи жагынан, акыйкатчы албетте аздык кылат. Биз бул иш чарага президенттик администрациядан, бардык аткаруу структураларынан катышса дегенбиз. Адам укуктары кайсы жаатта бузулуп атса, ошол жааттарды чакырабыз деген пландарыбыз бар.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG