Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Алишер Саипов атындагы сыйлыктын жаңы лауреаттары


Алишер Саипов атындагы сыйлыктын лауреаты "Азаттыктын кабарчысы Жанар Акаев (оңдо)

Алишер Саипов атындагы сыйлыктын лауреаты "Азаттыктын кабарчысы Жанар Акаев (оңдо)

Ош шаарында Алишер Саипов атындагы сыйлык быйылкы лауреаттарына тапшырылды.

Жалал-Абат шаарындагы "Справедливость" («Акыйкат») укук коргоо уюму, «Медиа-инкубатор» коомдук фонду жана Москвадагы «Fergana.ru» маалымат агенттиги ушуну менен экинчи жолу Алишер Саипов атындагы сыйлыкты 35 жашка чейинки жаш журналисттерге ыйгарып келет. Уюштуруучулар быйыл сыйлыкка «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевди, «Ачык өрөөн» телерадиопрограммасынын редактору Айбек Хамидовду, «Борбор Азия азаттыгынын үнү» порталынын кызматкери Илья Лукашовду татыктуу деп табышты.

- Жалпыга маалым, соңку жылдары өлкөдө сөз эркиндиги жоголуу чегине жетип калды. Журналист болуу өтө опурталдуу кесипке айланып олтурат. Бирок ошого карабастан «Азаттык» үналгысынын кызматкерлери өмүрүн тобокелчиликке салып угармандарын сапаттуу жана ишенчиликтүү акыркы жаңылыктар менен камсыз кылып турушат. Мына ошол ар кандай окуяларды калыс, коркпой чагылдыргандыгы жана өз жумушуна берилгендиги үчүн «Азаттыктын» кабарчысы Жанарбек Акаевге Саипов атындагы сыйлыкты ыйгарууну ылайык таптык, - деди «Акыйкат» укук коргоо уюмунун координатору Абдымалик Шарипов сыйлыкты тапшырып жатып.

Жооп иретинде лауреаттардын атынан сүйлөгөн «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаев Алишер Саипов атындагы сыйлык жаш журналисттерге чоң жоопкерчиликти жүктөгөндүгүн белгилеп, төмөнкүдөй оюн бөлүштү:

- Бул мага күтүүсүз сыйлык болду. Саипов атылгандан бери жаш кабарчылар саясий темадагы курч макалаларды жазып же өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн коркуп калышты. Ошон үчүн ушундай сыйлыктар аларга дем байлатып, бир топ илгерилөөгө шыктандырат деп үмүттөнөм. Ошентсе да, жалпы журналисттер коомчулугу, айрыкча түштүктүк кесиптештерим бүгүн маркумду жоктоо митингин өткөрүп, Алишерди өлтүргөн же аны атууга буюрган адамдарды таап, жазалоону бийликтен талап кылышса жарашмак. Себеби кылмыштын бети ачылбай, тескерисинче, күн өткөн сайын унутулуп баратат.

Мындай пикирди кубаттаган белгилүү журналист Алмаз Исманов ошол эле учурда Кыргызстанды сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн сабына кошпой тургандыгын, массалык маалымат каражаттарын жана алардын өкүлдөрүн кысмактоолор убактылуу көрүнүш экендигин ачыктады:

- Ырас, шайлоонун алдында сөз эркиндигин кысмактаган же чектеген убактар болот. Мунун бардыгы президентти тандоого байланышкан саясий өнөктүккө байланыштуу.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири - «Медиа-инкубатор» коомдук фондунун директору Абдумомун Мамараимовдун айтышынча, Алишер Саипов атындагы сыйлыктын алкагы бара-бара кеңейиши күтүлүүдө.

- Быйыл караштырып көрдүк. Түштүк аймагынан сыйлыкка татыктуу жаштарды табуу оңойго турбайт экен. «Сыйлыкты каржылоого салымыбызды кошолу» деп кызыккан кишилер пайда болууда. Буюрса, эмдиги жылдан республикалык сынак жарыялайбыз. Андан ары Борбор Азия деңгээлине чыгабыз деген ниетибиз бар, - деп маалымдады Абдумомун Мамараимов.

Антсе да, маркум журналисттин атасы Авас Саипов «Азаттыкка» курган маегинде уулунун өлүмүн Ташкен бийлиги уюштургандыгын, ага Кыргызстандын атайын кызматы жардамдашкандыгын улам-улам кайталап келатат.

- Өзбекстан президентине кат жолдогом, - дейт Авас Саипов улутуна. – Элде айтылат го, «бир нерсени сурасаң, унчукпаса, демек, макул болгону» деп. Кудайга шүгүр, Ислам Каримов мойнуна алды. Болбосо, эринбей жооп жазат эле го.

Ошол эле учурда маңзатка көзөмөл жүргүзүү агенттигинин басма сөз катчысы Кумар Чалдаңбаев 7-апрелде Баткенден баңгизат менен кармалган жарандын жанынан тапанча табылгандыгын, аны ички иштер министрлигине караштуу эксперттик-криминалисттик борбордон текшертишкенде ал куралдан журналист Алишер Саипов атылгандыгы аныкталгандыгын маалымдады.

26 жаштагы журналист Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташкан. Акыркы жылдары өзбек тилинде «Саясат» гезитин чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарындагы кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG