Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Ак-Сууда "башка динге өткөн" деген аялдын сөөгү жерге берилди


57 жаштагы Бурулуш Мамбетованын сөөгү Теплоключенко айлындагы эски көрүстөндөн алысыраак жерге 23-октябрда коюлду. Бул тууралуу Ак-Суу районунун имамы Асантур Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди.

Баптист делген Бурулуш Мамбетованын сөөгүн мусулмандардын көрүстөнүнө коюуга жергиликтүү диний кызматкерлер уруксат бербей коюшкан. Маркумдун туугандары райондук акимчиликке кайрылышкан. Акимчилик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Муфтияттын облустагы өкүлдөрү менен кеңешип, маркум аялдын сөөгүн коюуга жер бөлүп беришкен.

Өткөн аптада Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда баптист аял каза болуп, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам сөөгү эки жолу казылып алынып, акыры үчүнчү жолкусунда жашыруун жерге берилген.(AsM)

XS
SM
MD
LG