Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

БИШКЕКТЕ АТАКТУУ ААЛЫМ САЛИЖАН ЖИГИТОВДУ ЭСКЕРИШТИ


Маркум аалым Салижан Жигитов тирүү болгондо, бүгүн 17-мартта 70 жашка толмок ... Ушул күнү кыргыз-түрк Манас университетинде Салижан Жигитовду эскерүү жыйыны болду.

Жыйынды кыргыз-түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы Ильхам Шахун ачып, андан аркы сөзүндө Ильхам Шахун Салижан Жигитовдун көп тараптуу билимгөй инсан болгонун жана анын эмгектери түрк элинин да эсинде сакталарын белгиледи:

Салижан Жигитов өзүнүн пикирлери, көз-караштары жана эмгектери менен дайыма жүрөгүбүздө жашайт.

Кыргыз-түрк Манас университети Салижан Жигитовдун бардык эмгектерин чогултуп жана окумуштуу жөнүндөгү коомчулуктун эскерүүлөрүн, пикирлерин кошуп, илимий академиялык басылма чыгармакчы. Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Карабек Молдобаев Салижан Жигитовдун көп тараптуу мурастарына токтолду:

Салижан Жигитовдун мурасы – кыргыз калкынын, бүт эле Кыргызстандын калкынын бутуна туруп алга жылышында маанилүү булактардын бири болоруна терең ишенем.

Салижан Жигитовдун эмгектери Түркияда да кеңири белгилүү экенин жана айрыкча акындын “Шуулдаба теректерим” деген ыры түрк окурмандарына да терең таасир эткенин айтты атайын Түркиядан келген адабиятчы Хусейин Өзбай. Ал эми Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Сейфуллах Чевик Салижан Жигитовдун өрнөк болор жагын белгилеп айтты:

Бул киши эч коркпогон, көңүлүндө эмне болсо ачык сүйлөгөн адам эле. Элдин келечеги жөнүндө,кыргыз балдары тууралу эмне ойлосо, ошонун баарын эч кимден коркпой коомчулуктун алдында ачык сүйлөдү. Бул биз үчүн абдан маанилүү өрнөк.

Жыйындын жүрүшүндө Салижан Жигитовдун ар кайсы жылдардагы сүрөттөрү маркум Асанкалый Керимбаевдин обонундагы “Шуулдаба теректерим” деген ырынын коштоосунда чоң тасмада көрсөтүлдү.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдразаков өз сөзүндө “Салижан Жигитов өзүнүн ар тараптуу изилдөөчүлүгүнүн натыйжасында дайыма коомдун келечеги жөнүндө ойлончу” деди:

Кыргыз элинин келечеги тууралуу ой дайыма Сакемдин көкүрөгүндө жүрдү...

Салижан Жигитовдун шакирттеринин бири белгилүү мамлекеттик ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Салижан Жигитовдун – сынчылыгына, акындыгына, публицисттигине, изилдөөчүлүгүнө токтолуу менен аалымдын башка илимдерди да мыкты билгенин белгиледи:

Салижан Жигитов адабиятчы гана эмес, философияны, социологияны, психологияны, эстетиканы, парапсихологияны ошондой эле нейролингвистиканы жакшы билген, жана бул билгендерин өзүнүн эмгектерин жаратууда колдоно билген сейрек окумуштуулардан болгон.

XS
SM
MD
LG