Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Кандуу окуя боюнча сот кийинкиге калды


"Санпадагы" окуя боюнча айыпталуучулар. 11-ноябрь, 2010-жыл.
"Санпадагы" окуя боюнча айыпталуучулар. 11-ноябрь, 2010-жыл.

Жалал-Абаддагы “Санпа” окуясы боюнча сот иши 23-ноябрга жылды. Ал күнү соттолуучулар акыркы сөздөрүн айткандан кийин сот өкүмү угузулушу ыктымал.

13-ноябрда сузактык 19 айыпталуучуга байланыштуу сот иши Ноокен райондук сотунун имаратында улантылып, жарыш сөздөр сүйлөндү.

Беш айыпталуучуну коргогон жактоочу Абдумиталип Абдулакимов аларды актоо жагын соттон өтүндү. Анын айтымында, соттолуучулардын бардыгына жалпы айыптоо коюлган. Кимди ким өлтүргөнү, айыптуулар кимдин мүлк буюмдарын тартып алганы белгисиз. Жактоочу соттолуучуларга жогорку жаза берүү жөнүндө сураган прокурорлордун өтүнүчтөрүнө каршы чыкты:

- Соттук териштирүүлөрдө булардын айыптары далилденген жок деп эсептейм. Себеби алдын ала тергөөдө жабырлануучулар жана күбөлөр соттолуучулар менен беттештирилбеген.

Актоочу Гүлжан Шайымкулова өз коргоосундагы соттолуучунун жазасын жеңилдетүүнү суранып, калган эки айыпталуучунун күнөөсү далилденбегенин айтты:

- Юсуповду Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-3-пункттары менен айыптуу деп тапсаңыз да, бирок анын алты балалуу жана мурда соттолбогонун эске алып, камакка байланышпаган чара чектесеңиз.

Соттук отурумда жарыш сөз айыпталуучуларга да берилди. Алар өз сөздөрүндө жабырлануучулардан кечирим сурашып, соттон адилеттүү өкүм чыгарууну өтүнүштү. Айрымдары айыптарын мойнуна албай тургандыктарын айтышып, “Санпа” окуясына катышпагандыгын билдиришти.

Акыркы сөз тийген Усманжан Аблазов июнь окуясында чыңалган абалды жеңилдетүү үчүн бийликке жардам бергендигин ортого салып, “Санпа” окуясынын чыныгы уюштуруучулары менен аткаруучуларын таап, жазалоо жөнүндөгү пикирлерди кубаттады. 64 жаштагы соттолуучу акыркы сөзүндө окуяга саясий эмес, юридикалык баа берүүгө чакырды. Ал өзүнүн күнөөлүү эместигин ырастаар мамлекеттик кызматчыларды жана күбөлөрдүн сотко чакыртып келбегендигине нааразы болуп, элди башаламандыкка жана улуттар аралык араздашууга үгүттөбөгөнүн билдирди. У. Аблазовдун белгилешинче жабырлануучулар буйуртма көрсөтмөлөр менен аны “Санпада” болгон деп көрсөтүштү:

- Жол тосуп, ушуну жасаган адамдар – акмактар. Эгер мен мындайын билгенимде өзүмдү атып алаар элем. Мына ушул 18 ге чыга элек балдар курортко кетип жаткан жери жок, прокурор буларга өмүр бою эркинен ажыратууну сурап жатат. Мисалы, бул жерде отургандардын 80 пайызы мылтык ата албайт, мен да ата албайм.

Ушул маалда залдагы жабырлануучулар “жанын жеген касам ичкир, булардын башчысы сен болгонсуң, сенин айыңдан ушулар түрмөдө отурат” деп чуулдашты.

Жабырлануучулар өз талаптарын койду

Соттолуучулар менен алардын жактоочуларынын айткандарына мамлекеттик айыптоочу макул болгон жок. Сузак райондук прокурорунун жардамчысы Өмүрбек Сарыбаев алардын көрсөтүүлөрүн четке кагып, соттон 18 айыптууну үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен алардын өздөрүн өмүр бою эркинен ажыратуу жана ардагер У. Аблазовдун үй- мүлкүн да конфискациялап, аны 25 жылга түрмөгө кесүү сунушун бекитип берүүнү соттон өтүндү:

- Янгибаевдин жанынан ошондо патрон чыккан. Ошол эле мезгилде ал ошол “Санпанын” аймагында жүрөт. Бул жерде он-он беш жабырлануучу соттолуучулардын ар бирин таанып, көрсөтүп отурат. Атабековду ошол жерде Үмөталиев Рысбек көрсөтүп берип ата,т “мен жыгылып калганда бул аткан” деп Лукманжанды көрсөтүп атат. Булардын бардыгынын айыптары толугу менен далилденген. Ошондуктан, урматтуу судья, буларга биз өзүбүз сураган жазаларды берүүңүздү сурайбыз.

Жабырлануучулардын жактоочусу Куралбек Бектемиров прокурордун сунушун кубаттоо менен айыпталуучулардын күнөөсүн бекемдөөгө далилдер ашыкча болгонун билдирди:

- Соттолуучулардын ар биринен кармалганда далил буюмдар чыгып атат. Ок-дары, нашаа, маңзаттар, граната табылып жатат. Ушулардын негизинде айыпталуучулардын күнөөлөрү толук далилденди деп эсептейм. Андан тышкары жабырлануучулардын көрсөтүүлөрү, тергөө материалдары турат. Ошондуктан буларга өмүр бою жаза колдонууңузду сурайм.

Жакындарынан айрылгандар сот залында соттолуучуларга кечирим жок экендигин айтышты. Алар колдоруна “Айыптууларга өлүм”, “Күнөөсүз адамдарды өлтүргөндөр жазалансын”, “Атамды өлтүргөндөргө өлүм! Сот күчүнөн тайбасын” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

Алар соттолуучулардын актоо өкүмүн чыгаруу тууралуу суранычтарына нааразы болушуп, 12-13-июнда кандуу окуя болгон жерде, Сузак районундагы пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында Ош – Бишкек жолун тосушарын билдиришти. Алар айыпталуучулардын бардыгына жогорку жаза берилишин талап кылышмакчы.

Соттук материалдар боюнча 12-13-июнда Ош – Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериш ченинде 9 жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, набыт болгон бир адамдын ким экени таанылбай, эки киши дайынсыз жоголгон.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG