Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо көрүнүштөрүн текшерүү, лицензиялык талапка жооп бербеген ЖОЖдордун жабылышы бул жылы билим берүү тармагындагы урунттуу окуялардан болуп калды.


Ошондой эле мугалимдердин көп жылдан бери токтоп калган чыгармачыл сынактары быйыл кайрадан жанданды. Президент К. Бакиевдин тапшырмасы боюнча билим берүү тармагын реформалоо боюнча улуттук долбоор иштелип чыкты.

Мектепте мыйзамсыз жыйымдар күчөгөн көрүнүшкө айланган


Жалпы билим берүүчү мектептерде ата-энелерден мыйзамсыз акча жыйноо ашынган көрүнүшкө айланып баратканын быйыл күз айларында мамлекеттик органдар жүргүзгөн текшерүүлөр ачык көрсөттү. Текшерүү Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлигинин, Коомдук палатанын жана Коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин биргелешкен комиссиясы тарабынан арыз-даттануулар көп түшкөн жүздөн ашык мектепте жүргүзүлгөн.

Биргелешкен комиссия дээрлик бардык мектептерде коомдук фонддорду, бирикмелерди жана Камкорчулар кеңешин түзүү маселелеринде укук бузуулар орун алып жатканын аныктады. Ата-энелерден мыйзамсыз акча жыйноо өзгөчө Бишкек шаарында күчөгөн көрүнүшкө айланган, мектеп жетекчилери коомдук фонддорго жана бирикмелерге жамынып алып ата-энелерден эч көзөмөлсүз акча жыйноого кынык алышкан. Мындай көрүнүштөр өз кезегинде коомчулукта чоң нааразылыктын чыгышына алып келген.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги ар кандай коомдук фонддордун жана бирикмелердин ишмердигин текшерүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Балдар жөнүндө Кодекстин, Балдар укуктары жөнүндө Конвенциянын, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдын, ошондой эле акысыз жана жеткиликтүү билим берүүнү камсыз кылуу жөнүндө башка укуктук-ченемдик актылардын бузулуп жатканын көрсөттү.

-Арыздануулар түшкөн мектептердин бир катары текшерүудөн өттү. Текшерүүдө чындыгында эле балдардын акысыз билим алууга конституциялык укуктары айрым учурда бузулуп жатканы жана мыйзамсыз акча чогултуу фактылары бар экени аныкталды. Бул биринчи иретте жетекчилердин, билим берүү бөлүмдөрүнүн жеткиликтүү иш алып барышпагандыгы үчүн болуп отурат, - деп коллегия учурунда билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев баса белгилеген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган акысыз жана жеткилең билим берүүнү камсыз кылуудагы өксүктөр, кемчиликтер жана ата-энелерден акча каражаттарын мыйзамсыз жыйноо фактылары Билим берүү жана илим министрлигинин 11-декабрда өткөн кезектеги коллегиясында каралды. Мектептерде окуу-тарбия жана каржылык иштерин уюштуруу ачыкка чыккан одоно мыйзам бузуулар боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы бир катар жетекчилерге катаң чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ата-энелерден ээнбаштык менен акча жыйнаган жана аларды пайдаланууда чектен чыгып, одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн тогуз директорду кызматынан алуу жөнүндө жергиликтүү бийлик башчыларына маселе козголду, министрликтин Мектептер башкармасынын начальнигинен тартып, Ош жана Бишкек шаарынын билим берүү жетекчилерине, он чакты мектеп директорлоруна сөгүш жарыяланды.

Министрлик тарабынан билим берүү органдарынын башчыларына “Билим берүү жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана башка мыйзамдык актыларды кыйшаюсуз аткаруу, мектеп директорлорунун жана ата-энелердин укуктук билим деңгээлин көтөрүү, ата-энелерден жана башка булактардан түшкөн ыктыярдуу каржылык жардамдарды атайын эсепке жыйноо жана анын ишин Камкорчулар кеңешинин көзөмөлүнө алуу боюнча дагы күчөтүлгөн талаптар коюлду.

Мектеп жетекчилери өз кезегинде аларга коюлган күнөөнү моюндабай, ата-энелерден акча жыйноо аргасыз аракет болуп жатканын, мамлекет бөлгөн каражат мектептин жыртык-тешигин жапканга да жарабай жатканын айтып, нааразы болуп жатышат.
Бишкек шаардык билим берүү башкармасынын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева министрлик жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгына макул эместигин коллегияда ачык айтып чыкты. Анын жүйөөсүнө караганда, ата-энелерден каражат тартуунун укуктук механизми иштелип чыккан эмес. Ошондуктан мектептерде фонддор уюштурулуп, сырттан каржылык жардам тартууга аракет кылышууда. Шаардык бюджеттен каралган бир миллиард сом шаардык мектептердин керектөөсүн жаппайт, мектептердин ремонтуна, эмеректерге, окуу китептерге, окуу каражаттарын мындан көп каражат керек. Ата-энелердин жардамы болгон үчүн шаардык мектептерде абал түзүгүрөөк, ошон үчүн билим сапаты жагынан Бишкек шаары алдыда келатат.

Лицензиялык талаптарга жооп бербеген ЖОЖдор жабылууда

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы
Билим жана илим министрлиги жыл этегинде лицензиялык талаптарга жооп бербеген окуу жайларга карата катаң чараларды көрдү. Билим берүү жана илим министрлигинин 18-декабрда өткөн коллегиясы 14 жогорку окуу жайында билим берүү ишмердигин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Билим берүү министрлиги ушул жылы май айында жогорку окуу жайларында билим берүүнүн лицензиялык талаптары кандай сакталып жаткандыгын текшерип чыгып, бир катар окуу жайларда лицензиялык нормативдер бузулуп жатканын аныктаган. Отуздан ашык жогорку окуу жайына кемчиликтерди жоюу жөнүндө эскертүү берилип, аны аткарууга үч ай убакыт берилген. Андан кийин ноябрь айында жүргүзүлгөн текшерүү бир топ окуу жайларында кемчиликтерди оңдоого чара көрүлбөгөнүн көрсөттү.

Ошондуктан министрликтин коллегиясы лицензиялык нормативдерге жооп бербеген 14 окуу жайында билим берүү ишмердигин токтотууну чечти. Мындай окуу жайлардын тизмесинде ЕККУ академиясы, Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча Кыргыз-казак академиясы, Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институту, Кибернетика жана маалымат технологиялары институту ж.б. бар. Министрликтин чечими менен жабылган окуу жайлардагы студенттер башка окуу жайларга которулуп окумакчы.

Ошондой эле 15 окуу жайдын 70 лицензия кайтарылып алынды. Дагы 17 окуу жайында баардыгы 67 лицензиянын күчү үч айга убактылуу токтотулду. Бул окуу жайларында лицензиялык талаптарга жооп бербеген кемчиликтер жоюлганда гана лицензиянын күчү калыбына келет.

Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев коллегияда сүйлөгөн сөзүндө лицензиялык нормативдерди сактоо жогорку билимдин сапатын кармоо гарантиясынын башкы механизмдеринин бири экенин жана окуу жайдын мамлекет жана коом алдындагы абийир көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Ишмердиги токтотулган жана лицензиядан ажыраган окуу жайларынын арасынан бир гана ЕККУнун Бишкектеги академиясы министрликтин чечимин талашып-тартышып, Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине кайрылды. Аталган Академиянын жетекчиси Максим Рыбков Билим берүү жана илим министрлигинин соңку чечими менен макул эместигин мындайча негиздеген:

-ЕККУ Академиясы Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун макулдашуу меморандумунун негизинде иш алып барат. Ал меморандумдун күчү 2006-жылы 2016-жылга дейре узартылган. Биз учурда түзүлүп калган кырдаалга кабатырлануу билдирип жатабыз.

ЕККУ Академиясы магистратура программалары боюнча студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн Борбор Азия, Европа, Орусиядан жогорку квалификациядагы кадрлар тартыларын айтып чыкты.

Министрликтин кесиптик жогорку билим берүү башкармасынын начальниги Канат Садыков “Азаттыкка” ЕККУ Академиясынын дооматтар суу кечпейт деп билдирген. Анткени, аталган окуу жайынын өзүнүн окуу корпустары жок, окуу-материалдык базасы мыйзам талап кылган нормативдерге жооп бербейт экен.

Мугалимдерге моралдык колдоо

Мугалимдердин турмушунда соңку он жылдан бери токтоп калган чыгармачыл сынактар быйыл кайрадан жанданды. Сентябрдын экинчи жарымында уюштурулган сынактар «Мыкты мугалим», «Мыкты мектеп, «Билим берүүнүн башкаруунун мыкты органы», «мыкты спорттук зал», «Мыкты спорттук аянтча» аталыштары боюнча өткөрүлдү.

Президент К. Бакиев "Жыл мугалими" конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырууда
Сынакты уюштурууга мамлекеттен төрт миллион сомдон каражат каралып, жеңүүчүлөргө кеминде 100 миң сомдон сыйлыктар каралган. «Мыкты мугалим» атагын алган мугалимге 150 миң сом сыйлык тапшырылды. Аталган конкурс-сынактардын жеңүүчүлөрү сыйлыктарын 6-октябрда боло турган майрамдык форумда мамлекет башчынын өз колунан алышты.

Мурдагы билим берүү министри, Кыргызстандын Эл мугалими, «Жыл мугалими» сынагынын калыстар тобунун мүчөсү Мукаш Базаркуловдун айтымында мугалимдерге материалдык жактан камкордук жетиштүү болбой жаткан чакта мындай иш чаралардын моралдык колдоо катары мааниси чоң.

Мукаш Базаркулов, совет учурунда мамлекет тарабынан камкордук жакшы болуп, жакшы эмгек акы төлөнүп, отун-суудан каралашып, жеңилдиктер берилип келгенин баса белгилеп, ал түгүл СССРдеги эң жогорку наамга көрсөтүлгөн кыргызстандык мугалимдер болгонун жылуу эскерет.

Кыргызстан эгемен жашоого өткөнү мугалимдерге мамлекеттик колдоо талаптагыдай болбой калды. Отун-суудан жеңилдиктер жоюлуп, эмгек акынын өлчөмү башка тармактагыларга салыштырмалуу төмөн бойдон келатат.

Ошол себептүү мектептерге жаштардын тартылышы солгун, көбүнчө иштеп аткандар эски муундун өкүлдөрү. Пенсияга чыгып иштеп аткан дагы мугалимдер бир кыйла.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жаштарды тартуу максатында «Жаш мугалимдин депозити» программасын ишке киргизген. Сынак менен тандалып алынып, үч жыл катары менен иштеген мугалимдер орточо алганда 75 миң сом өлчөмүндө кошумча акча төлөнүүдө. Бирок бул программа деле мугалимдер тартыштыгын жоюп жиберген жок. Быйыл дагы Кыргызстандын мектептеринде үч миңден ашык мугалим тартыштыгы орун алды.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги быйыл биринчи жолу педагогикалык адистиктерге максаттуу түрдө кабыл алууну баштады. Жергиликтүү бийликтин жолдомосу менен келген жаштар мугалимдик кесипке мамлекет эсебинен окуп, окууну бүткөндө кайра мектепке барып иштөөгө милдеттендирилүүдө.

Улуттук тест сынагы – коррупциядан таза жол

Акыркы жылдары бүтүрүүчүлөрдүн билимин баалоо боюнча өткөрүлүп келаткан жалпы республикалык тест сынагы ар кандай деңгээлде сынга алынып, бул система балдардын билимин баалоонун объетивдүү каражаты болбой жатканы жөнүндө айтылып келатат. Ал түгүл Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө Россияны туурап бирдиктүү мамлекеттик экзамен системасын киргизүү аракеттерин көрүп баштаган. Бирок бул аракеттер каражаттын жоктугунан гана токтоп калган.

Ноябрдын башында Бишкекте жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана тест системасын өнүктүрүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки күндүк форуму өттү. Жыйында Кыргызстанда республикалык тест сынагын коррупциядан таза жол катары сактоо жана аны өркүндөтүү керек деген ой-пикирлер айтылды.

Билимди баалоо жана өнүктүрүү боюнча усулдар борборунун Камкорчулар Кеңешинин өкүлү Жаныбек Оморов тест сынагын сактоо жана өркүндөтүү керек деп айткан Азаттыкка берген маегинде:

-Бул негизинен көз карандысыз тестирлөө борбору аркылуу өткөрүлүп келатканы жакшы натыйжа берип атат, коррупцияны азайтып, айылдан чыккан талантуу балдарга мүмкүнчүлүк берип, окуу жайына өткөнгө көп жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп атат.

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн улуттук долбоору

Президент К. Бакиев 10-июнда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында билим берүү системасын реформалоого карата биринчи кадам катары «Билим берүүнү өнүктүрүүнүн Улуттук долбоорун» түзүүнү сунуш кылып, өз Катчылыгына Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте жумушчу топко тапшырган. Жумушчу топ күзүндө улуттук долбоордун алгачкы планын президентке сунуш кылган. Бирок бул документтин маани-маңызы жалпы элге жана коомчулукка жете элек.

Мамлекет башчысы, бул тармакты көтөрүп өнүктүрүүнү глобалдык атаандаштыктын контекстинде кароо керектигин белгилеп айтып, билим берүү бир гана министрликтин мойнундагы иш эмес, ал жалпы элдик иш деп жар салып, билим берүүнү алга сүрөөгө мамлекеттик структуралардын, бизнестин, улуттук элитанын, ата-энелердин күч-аракеттерин тартуу зарылдыгын билдирген.

Президент тапшырмаларды койгон менен билим берүү тармагында көп жылдардан бери чечилбей келаткан кейиштүү проблемалардын жону дагы эле жукара элек. Мугалимдердин, окуу китептердин тартыштыгы, бюджеттик каражаттардын каатчылыгы, билим сапатынын төмөндөө тенденциясы бул тармактагы курч маселелер катары дагы бир жаңы жылдын энчисине өтүп жатат.

Азаттыктын архивинен: "Ыңгайсыз суроолордо" - билим берүү көйгөйү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG