Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстандагы балдардын билимге болгон укугун камсыздаган мыйзамдар толук кандуу иштебейт. Өлкө аймагындагы 31 мектептеги билим берүүнүн абалы менен таанышып чыккан депутаттык комиссия ушундай жыйынтыкка келген. Балдардын билимге болгон укуктарын чектеген фактыларды аныктаган комиссия мүчолөрү 16-мартта буга байланыштуу парламенттик угуу уюштурат.

Депутат Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, Кыргызстанда билим берүү тармагына ички дүң продуктунун (ИДП) 3% гана сарпталат. Бул сумма жалпы мамлекеттик чыгашанын 11% гана түзөт. Орто билим берүү тармагына каржылык жактан жетишсиз колдоо мектептерде кошумча төлөмдөрдү шарттаган. Комиссия ачыктагандай Кыргызстанда окуучулар укугу ириде мектердеги төлөмдөр аркылуу тебеленет.

Бишкектеги № 13 мектепти мисал тарткан депутат айым Гүлжамал Султаналиева окуу жай жетекчилиги балдардан төлөмдөр аркылуу 10 млн. сом каражат топтогонун билдирет. Мамлекеттик казынадан бул мектептин каржылык муктаждыктарына баш-аягы 9 млн.сом каралган. Бул айрым мектептерде администрация ата-энелер капчыгынан мамлекет казынадан мектеп үчүн бөлчү каражаттан ашыра сумманы кагып алып жатышат дегенди түшүндүрөт. Мындай көрүнүш өзгөчө Бишкек шаары жана Чүй облусуна караштуу аймактагы мектептерде көп орун алууда.

Таласта мектептерде балдардын билим алуусуна чоң кедерсин тийгизип жаткан маселе – рэкетчилик экени аныкталган. Өткөн жылы Таласта 9-класстын окуучусу Саадабай уулу Нурак мектепги ур-токмоктун курмандыгы болгон. Өлкөнүн түштүк аймагында мектептердеги эң негизги көйгөй – жоолук салынган окуучу кыздардын мектепке киргизилбей жатканын атаса болот. Чүйдө балдарды тестирлөө аркылуу мектепке кабыл алуу балдардын билимге болгон укугун чектеп жатат дейт укук коргоочулар.

- Деталдуу түрдө изилдегенге аракет кылдык. Себеби эртең билим берүү тармагын каржылоону карай турган болсо, кандай мүчүлүштүктөр бар экенин билишсин деген таризде.

Балдар укуктарын коргоо лигасы бүгүнкү күнү мектеп үчүн окуучулар киреше булагы катары кабылданып калды деп билдирет. Лига жетекчиси Назгүл Турдубекова барган сайын билим алган балдар саны суйулуп жатканын билдирет.

Сабатсыз муун келатабы?

Өткөн жылы эле Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү мектепке 40 миң бала барбай, көчөдө калганын аныктаган. Укук коргоочу Кыргызстан Балдар укуктары боюнча эл аралык Конвенциянын алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат деген пикирде.

- Эгер бала мектеп талап кылган акчаны алып келсе, ал бала мектептин кишиси болот, эгерде окуучу жакыр, жетишпеген үй-бүлөдөн чыгып, бул төлөмдөрдү алып келе албай калса, анда ага ошого жараша мамиле жасалат.

Андыктан укук коргоочу Назгүл Турдубекова мектептерде балдарга өз укуктарын үйрөтүүчү сабактарды киргизүү демилгесин көтөрдү.

- Балдар да, ал турсун алардын ата-энелери да өз укуктарын билишпейт. Коргой да алышпайт. Азыр коомдо маргиналдашуу жүрүп жатат. 15-16 жаштагы балдар жазганды-окуганды билбей калууда.

Андыктан комиссия мүчөлөрү мектептерде Камкорчулар кеңешин түптөп, аларга мектеп мүдүрүнө талапкерлерди тандоо, шайлоо укугун берүү сунушун берип жатышат. Укук коргоочулар муну менен мектептердеги каржылык маселелердин ачык айкындуулуугу камсыздалмак деген үмүттө.

"Азаттыктын" архивинен: Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG