Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Кылмыш жолуна түшкөн өспүрүмдөр эмнеге көбөйдү?


Нарын облустук укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун күчөшүн талкуулады.

Нарын облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Асан Кенжебаевдин маалыматы боюнча жаш өспүрүмдөрдүн укук тартибин бузгандыгы көбөйүүдө:

-Бүгүнкү күндө инспекциясынын эсебинде ар кандай укук тартибин бузган 346 өспүрүм каттоодо турат. Алардын 267си мектеп окуучулар. 2009-жылдын 9 айында орто мектептерде 490 жолу кеңешме өткөрүлгөн. Бирок жүргүзүлгөн иш-аракеттерге карабастан 9 айда өспүрүмдөр тарабынан 44 кылмыш катталып, жасалган кылмыш иштер былтыркы жылдын 9 айына салыштырганда 11 кылмышка көп болду. Бул кылмыштардын 28 жалгыз, 9 кылмыш өспүрүмдөр тобу тарабынан жасалган. Ал эми 1993-жылы туулган Нарын шаарындагы Э.Ыбраев атындагы орто мектептин окуучусу Абдрай кызы Жанара эки окуучу кызды опузалап, алардан жалпысы 400 сом акча алгандыгы аныкталган. Бул кылмыш боюнча КРнын КЖКнин 170-беренеси менен кылмыш иш козголуп, шаардык сот тарабынан 1 жыл 6 ай сыноо мөөнөтү берилген.

Жыйынды алып барган губернатор Өмүрбек Суваналиев мындай кейиштүү балды айткандан иш жылбастыгын белгиледи:

-Силер себептерин айтып жатпайсыңарбы. Мындай моделдерди айтканда кантип иш жылсын. Мына жакындагы окуя - олимпиадалык резерв мектебиндеги балдардын чатагы жакынкы КМШ мамлекеттерине чейин айтылууда. Бул деген жеткен чегине жетти дегендик да.

Генерал-губернатордун баамында учурда уюшкан кылмыш топтору менен ички иштер кызматкерлери аралашып калган. Натыйжада аларды көргөн балдар термин сөз менен айтканда «блатной» болгулары келишет.

-Идеологиялык жактан жаш балдарды сурасаң, алар каалагандай жашайм, үстүнөн кароочу болом дешет. Анткени алар көргөнүн жасагылары келишет да. Мына жакында Камчы Көлбаев атасына ат чабыш кылып атат. Бүт Кыргызстан көрүп жатат. А ИИМ көк бөрүдөн ал жерден утуш алып жатат Мерседес-500. Уялбайбы. Макул бул республикада. А бизде облуста болсо чоң жыйын өтүп жатса, Ат-Башыда соттолуп эң жогорку жаза алып атууга кеткен Лимонти силер менен аралашып жүрөт. Эмнеге келет райондун акими. РИИБ началниги ким? Ал жерде спорттук жай ачылып жатса. Тигилер келип байге тапшырышса…,- деди губернатор.

Ат-Башы РИИБ жетекчиси:

-Биз район аймагынан чыгарып жибердик.

Губернатор:

-Сен камап салбайсыңбы. Анан ушунун баарын көргөн жаш өспүрүмдөр «блатной» болгулары келишет да.

Ат-Башы районунун акими Конокаалы Мааткабыловдун пикири башкача.

-Мен ойлойм, көйгөй деген бүтпөйт. Жашоо уланып жатат. Көйгөй деген качан адамдын ичер суусу түгөнгөндө бүтөт. Ага чейин көйгөйдүн чыкканы чыккан. Бирок биз аны колдон келсе азайтканга аракет кылышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG