Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Окуу китептерге ижара акы кайра киргизилиши ыктымал


Кыргызстанда мектептер китеп менен 62 пайыз гана камсыз болгон. Мектепте окуучуларга жетпей калган айрым китептерди ата-энелер өздөрү таап сатып берүүгө мажбур. Ушул тапта адистер китеп тартыштыгын азайтуунун бирден бир жолу катары окуу китептерге кайрадан ижара акы алуу керектигин айтып жатышат. Анткени мамлекеттин бөлгөн каражаты мектептерге зарыл китептердин жарымын гана чыгарууга араң жетет.

Китеп алар менен аны кайра-кайра барактап, эски-жаңысын текшерип кирүү өзгөчө биринчи класстын балдарына мүнөздүү көрүнүш. Быйыл биринчи класска барып, окуучу атка конгон Азиза да мектептен алган китептерин минтип санап берди:

-Бизге матем, адеп, алиппеден китептерди берди. Мен жаңы китептерди алдым. Бирок матемден алган китебим эски экен. Анан адеп китеби жок экен. Үйдөн эжем алып берди. Башка балдарга да эски китептерди алды. Бирок алар билбей калышты аны.

Борборубуздагы мектептердин биринде иштеген китепканачы Айзада Жапарованын айтымында, азыр мектепте математика, адеп алиппе китептери жетишсиз, ал эми колдо бар китептердин, өзгөчө алиппе китептеринин абалы начар. Анткени бул китепти окуучулар эң көп пайдаланышат. Китепти балдарга тегиз таратып берүү да өзүнчө көйгөйгө айланат. Анткени баары эле жаңы китеп алгысы келет. Бул учурда баарына тең мамиле кылуу үчүн кичинекей балдарды чучукулак карматып алдоого туура келет:

-Мына өзүңүз деле карап көрсөңүз. Алиппе китептери аябай бат эскирет. Ушул биринчи класстын китептерин керек болсо үч жылда бир жолу жаңы чыгарып турсак жакшы болоор эле. Анын үстүнө китептердин сырткы мукабалары да жупжука. Анан мектепке жаңы келген балдарга эски китепти берсең, алгысы келбейт. Аларды алдап, чучукулак карматып жатып беребиз. Антпесе балдар таарынып да калышат.

Кыргызстанда 1996-2006-жылдары китептер мектеп окуучуларына ижарага берилчү жана китеп ошол ижарадан түшкөн каражатка чыгарылып келген. 2006-жылдан баштап ижара акы төлөө жоюлуп, өкмөт ушул кезге чейин жыл сайын китеп чыгарууга 100 миллион сомдон каражат бөлүп келет. 2009-2010-окуу жылы үчүн 26 наамдагы 1 млн 333 миң китеп басылып, мектептерге таратылган. Ал эми быйыл 38 наамдагы 1 млн жети жүз миң китеп чыгарууга даярдалып, алардын үстүндө тендерден уткан 3 басмакана иштеп жатат.
Бирок бул дагы азыркы китеп тартыштыгын жое алчудай эмес. Анткени толук китеп менен камсыз болуу үчүн жылына 2 жарым 3 миллион нускада 60-80 наамда китеп чыгышы керек. Буга 200 млн сом талап кылынат.

- Музыка боюнча 1-7-класска чейин китептер такыр жок, көркөм өнөр предмети боюнча жок, 11-класс үчүн орус адабияты китептери жок, 7-11-класс үчүн англис тили китептери такыр жок,-дейт Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кенжекан Усупова.

Ушул тапта Билим берүү министрлиги бул көйгөйдү чечүүнүн жолун карап жатат. Кенжекан Усупованын айтымында, азыр окуучулардын колуна жетишерлик деңгээлде китеп карматуунун бирден бир жолу - бул кайра китепке ижара акыны киргизүү болуп турат. Ушул тапта министрлик ижара акы боюнча жоболорду иштеп жатат. Эгер ата-энелер макул болсо, анын мыйзамдык жагы каралып, бул ыкма эмки жылы кайра киргизилет:

-Бүгүнкү күндө баарын эле өкмөттүн мойнуна түртө бериш, ата-энелердин да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилигин азайтып жаткандай. Окуу китепти сатыш керек же ижарага бериш керек. Ошондо да китептин баркы болот эле. Балдар үйүнө барганда эле эч нерсеге карабай китепти ыргытышат да. Быйылкы китептин кийинки жылы дайны жок болуп калып жатат. Себеби балдар мунун баасын билбей жатат. Ата-энелер да балдарына “китепти тытпа, чийбе,сакта” деп айтпай жатат. Үйдөн да тартия болуш керек да.

Кенжекан Усупова буга чейин китептин нускасын көбөйтүү жолун издейбиз деп, анын сапатына терс таасир тийген учурлар болгонун айтат. Китептин сырткы мукабасы үчүн акчаны үнөмдөп, ага китеп чыгарган менен жука мукаба менен чыккан китептер узак мөөнөткө колдонууга жараксыз болуп калды:

-Ар бир китептен 3-5 сомдон калса, ошондо миллион китептен канча сом үнөмдөлөт. Буга дагы бир китеп чыгып калып жатат. Бул жок дегенде беш жылга болсо да балдарды китеп менен камсыздоо максаты эле. Бул аракет деле жакшы турмуштан келип чыккан эмес да. Жоктун азабынан болуп жаткан иш.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын китепкана фондунда 2005-жылдан баштап, 2010-жылга чейин чыгарылган китептердин саны 6 миллион 182 миңди түзөт. Бул китеп менен 50 пайыз камсыз болгондук дегенди билдирет. Китеп тартыштыгынан 2003-жылкы эскирип калган китептерди пайдалануудан чыгарып салуу мүмкүн болбогондуктан, азыр мындай китептерди кошкондо мектептер 62 пайыз китеп менен камсыз. Китептердин пайдалануу мөөнөтү 5 жылга эсептелген.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG