Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

“Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келаткан казакстандык бир саясатчы менен журналист мекенине кайтарылды. Ушул өңдүү буга чейинки бир катар фактылар боюнча укук коргоочулар кабатырланып, президентке кайрылышты.

Кечээ кыргызстандык чегарачылар “Казакстан” социал-демократиялык партиясынын мүчөсү, саясий технолог катары таанымал Марина Сабитова менен журналист Виктор Ковтуновскийди өлкөгө киргизбей коюшту. Муну чегара кызматы “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамды бузду деп негиздеди.

Аталган журналист менен саясатчы Кыргызстанга “Ата Мекен” партиясынын чакыруусу боюнча келатышкандыгы маалымдалды. Партиянын өкүлү Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар эми он жылга чейин Кыргызстанга кирүүгө акысы жок:

- Эч кандай түшүндүрмө да, расмий кагаз да берген жок колго. Болгону “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде 2019-жылга чейин кирүүгө болбойт деп телефонограмма жиберип ийишиптир.

Чегара кызматынын басма сөз катчысы Үсөн Полотов бул факт боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:

- Күн сайын ушундай багыттама келип турат (ориентировка), ошого жараша автоматташтырылган паспорттук текшерүү системасы бар да бизде, булардын фамилиясы түшкөн болсо компьютер ошо замат көрсөтөт бул кишиге кирүүгө тыюу салынган деп. Жанагы багыттама Улуттук Коопсуздук комитетинен келип түшкөн экен. Ошого ылайык биздикилер аларды киргизбей коюуга укугу бар.

Бул окуянын алдында акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар президентке кайрылуу жолдошуп, Кыргызстанга белгисиз себептер менен журналисттерди, укук коргоочуларды киргизбей коюу өнөкөткө айланып баратканын белгилешкен. Маселен, 30-апрелде украиналык медиа-эксперт Евген Глибовицкий, 22-апрелде “Мемораиал” укук коргоо уюмунун башчысы Виталий Понамарев, былтыр октябрда норвегиялык Хельсинки комитетинин башчысы Ивар Дале киргизилген эмес.

Мындай фактылар эми президенттик шайлоо алдында көп кырдуу чечмеленип жатат. Биринчи кезекте Кыргызстан тараптан жасалган мындай чектөөлөр алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырылып, калыс ою бар байкоочулардын жолу тосула баштады деген пикирлер айтылууда. Саясат таануучу Марс Сариев муну кошуна өлкөлөрдүн таасири менен байланыштырды:

- Россиядагыдай, мүмкүн Өзбекстанга жакын башкарууга оңтойлуу моделдеги, “кожо көрсүн” (фасад) демократия курулуп атпайбы. Маселен, чет мамлекеттен келген байкоочулар, укук коргоочулар өздөрүнүн калыс оюн айтат да. Аларды четтетип атат.

Марс Сариевдин баамында президент Курманбек Бакиевдин талапкердиги үчүн учурда Кыргызстанда саясий технологдор батыл иштеп жатышат, ошол эле мезгилде мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалануу аракетин жасаган оппозиция тоскоолдуктарга кабылууда.

Ал эми укук коргочу Азиза Абдырасулова чектөөлөрдү жеке эле шайлоонун таасири деп санабайт. Анын болжолунда Кыргызстанды жабык өлкөгө айланып баратат жана ага ШКУ, ЖККУ өңдүү уюмдар таасир этүүдө:

- Шайлоонун тиешеси жок. Акырындык менен жамааташ өлкөлөрдүн бийликтерине жакпаган адамдарды (персона нон-град) Кыргызстан киргизбей коюп атат. Акырындык менен бул чектөөлөр жабык өлкөгө айландырып баратат.

Катарына Азиза Абдырасулова кирген укук коргоочулар өз кайрылуусунда журналисттер менен укук коргоочулар БУУга мүчө мамлекеттер ичинде өзгөчө коргоого алынгандыгын Кыргызстандын президентине эскертишти.

Кыргызстанга укук коргоочуларды, журналисттерди киргизбөө фактыларынын мыйзамдык жана саясий өңүтү боюнча түшүндүрмө берүүнү Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкова ылайык көргөн жок. Муну аталган фактылар боюнча маалыматы болбогондугу менен түшүндүрдү. Коопсуздук комитети баштаган тиешелүү тараптар болсо коомчулук үчүн бул багытта билдирүү тараткан жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG