Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова өткөн айда Жалал-Абатта болгон антитеррордук операцияда жоочулар өлтүрүлгөнүнөн шек саноодо. Буга байланыштуу укук коргоочуну “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Атайын кызматтардын маалыматы боюча, июнь айынынын этегинде Сузак, Өзгөн райондорунда Өзбекстан ислам кыймылынын жана “Ислам жихади” уюмунун өкүлдөрү деп шектелген согушчандар тобу жок кылынган эле Бирок сиз ошол окуяда жок кылынгандар террорчулар экенине шегиңиз барын айтып жатасыз. Мындай тыянакка келишиңизге эмне түрткү берип атат?

- Чындыгында эле ошол биринчи маалымат кетип, жоочулар менен беттешүүдө кыргызстандык атайын бөлүмдүн бир кызматкери каза болду, бир нече жоочандар жок болунду дегенди укканда биз деле ыраазы болгонбуз. Мен чынында ыраазы болгом, биздин атайын кызмат ушундай бир иштерди алып барып атканына. Ал эми түштүк аймагында атайын командировкада жүргөндө мага башка бир картина ачылып атат да. Ошол учурда бир үй-бүлөнүн эки баласы, 1965-жылы жана 1967-жылы туулган балдары өлтүрүлгөн экен. Сатыбалдиев Абдукарим жана Сатыбалдиев Абдыкамат дегендер. Алардын бирөөсү Абдысаматтын келинчегин бүгүн камап салышыптыр. Ал эми Абдукаримдин келинчегин алып барып суракка алышып кайра коё беришиптир.

Мен уккан кулагыма ишенбестен бул үй-бүлөгө атайын бардым, барсам жетимиштен ашып калган кемпир-чал тогуз небереси менен отурушат өңдөрү кубарып, бизди көрүп аябай коркуп кетишти, аябай коркуп калышыптыр. Абышка барып эки баласынын өлүгүн көрүп келиптир, буларга балдарынын өлүктөрүн кайра кайтарып берген эмес. Бирок “Итоги недели” деген гезитте жазып атат Өзгөндө акыркы өлтүрүлгөн адам жөнүндө. Ал Сатыбалдиев Баатыр 1977-жылы туулган, анын аялы менен баласы атайын көрсөтмө берди “Азаттыкка” алар Ханабаддан келген Өзбекстандыктар экен деп.

А чыныдыгында эле ошол Өзгөндө акыркы өлтүрүлгөн ошол Сатыбалдиев Абдукарим болуп атат 1967-жылы туулган ошонун аялы менен 16-жаштагы уулун кармап суракка алышыптыр. Ошолор айтып атышат бизден сенин күйөөң Баатыр деп айткының, Баатыр сенин күйөөң деп. Ал жок менин күйөөм Баатыр эмес, менин күйөөм Абдукарим деп айтыптыр. Эми мынакей, ошондон эле ачыкка чыгып атат. Бул окуяны уккандан кийин мен аябай капа болуп Акыйкатчы менен байланыштым, баш прокуратуранын түштүк аймагы боюнча орун басары Бактыбаев Рыскул мырза менен байланыштым. Алар адамдардын сөөктөрүн кайтарып бербестен көмүп салышыптыр.

- Азиза айым айтсаңыз, кандай кызыкчылык бар коопсуздук кызматында? Эгерде ушул сиз айткандар чын болсо эмне үчүн ушундай кадамдарга барды, эмне үчүн айырма чыгып атат?

- Эми түшүнүктүү болсун үчүн айта кетейин, баягы күйүп кеткен үйдүн ээси дагы Жолдошаалы деген жетим бала болуп атат да. Ал баланын да ата-энеси каза болуп калган экен, өзү жалгыз жашап жүрүптүр, жашы жыйырмаларга чыгып калган. Ал баланын да дайыны жок болуп атат бүгүнү күндө. Атайын кызматтар аны да кармап кетиптир, ал дагы кыргызстандык эле жана ошол жөнүндө дагы жоочулар ошол жреде жашап турган деген маалымат берип атат. Коңушулары болсо ошол баладан башка эч адамды көргөн эмеспиз деп айтышкан. Эми бул жерде мен тигиндей-мындай деп анык айтышым кыйын. Ошол сиз берген суроого бүгүн УКМК жооп бериш керек да, эмне себептен өзбекстандыктар деп туруп биздин кыргызстандык эле жарандарды атып салып, алардын сөөгүн ата-энесин сыздатып бербей атышат? Эмне себептен алардын аялдарын алып барып камап салып атышат, эмне себептен тогуз баланы жетим калтырып атат?...

Бирок мен ойлойм, мына 25-26-майдагы Ханабаддагы окуяда Өзбекстан тарап бизди күнөөлөп чыккан Кыргызстандан келген деп. Бул балким ошолорго карата жооп болгондур, балким чынында эле кандайдыр бир террористик кыймылды байкагандыр, бирок эмне себептен кыргызстандыктар жабыркап атат деген суроо ачык боюнча калып атат.

- Сиз далилдей алдыңызбы, курал-жарактар табылганы анык бекен ошол жерден, кимдир бирөөлөр көрүшүптүрбү?

- Курал-жарактарды табылганын, же болбосо өлгөндөрдүн сөөгүн, же болбосо каза болгон атайын кызматтын жоокеринин аты-жөнүн билген бүгүн эч ким жок. Биз ошол күйгөн, операция өткөргөн үйгө атайын барып ичине кирип бүт баарын карап чыктыканыбызда, же коңшулар тарабынан, же башка адамдар тарабынан бир дагы гилза, бир дагы патрон таба алган жокпуз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG