Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Баткен облсотунун төрагасы бычакталды


Облсот төрагасы Өзгөн аймактык ооруканасына оор абалда жеткирилген.
Облсот төрагасы Өзгөн аймактык ооруканасына оор абалда жеткирилген.

Өзгөндө эмгек өргүүсүндө жүргөн Баткен облсотунун төрагасы Табылды Жусубалиевди белгисиз бирөөлөр Жазы дарыясынын боюнда бычактап кеткен.

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, эмгек өргүүсүндө жүргөн Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Жусубалиевди ушул аймактагы Мырзаке кыштагындагы үйүнөн 24-август күнү саат 11.30 чамасында белгисиз эки адам чакырып, Нива үлгүсундөгү машинеге салып кетишкен. Кечке маал судьяны милиция жана жердештери Жазы дарыясынын боюнан издеп жүрүп табышкан. Үч жолу бычак жеген Табылды Жусубалиев Өзгөн аймактык ооруканасына абдан оор акыбалда жеткирилген.

Адистер белгилегендей, кан көп кеткен жабырлануучу шашылыш операциядан кийин гана аман калды:

- Оорулуу Табылды Жусубалиевдин ичинин эки жерине бычак сайылган. Тамагынан кан кетип, оор акыбалда келген. Тамырларын бууп, ичиндеги кандарын жууп тазалап операция кылдык. Азыркы мезгилде акыбалы дурус, кан басымы нормалдашып калды, тамак ичип атат, - деди Өзгөн аймактык ооруканасынын хирургу Асылбек Чотоев.

Ушуга улай Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмоналиев катталган фактынын негизинде кылмыш иши козголгондугун жарыялады:

- Азыркы тапта адам өлтүрүүгө далалат кылуу жана бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, бул кылмышты ачуу боюнча жана кылмышкерлерди издөө иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Анткени менен Ош облустук жана Өзгөн райондук прокуратурасы кылмыш иши козголгондугу туурасында маалыматты расмий түрдө ырастаган жок.

Ошол эле учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн атын атоодон тайсалдаган өкүлү ушул жылдын 13-августунда Бишкекте белгисиз бирөөлөр Табылды Жусубалиевди барымтага кармап жана уруп, 300 доллар менен 2000 сомун, ошондой эле чөнтөк телефонун тартып алып кое бергендигин, эртеси облсоттун төрагасы Биринчи май райондук милициясына кайрылгандыгын да эске салды. Ошондуктан, азырынча үч версия тең иликтенүүдө. Биринчиси: кылмыш облсоттун төрагасынын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан. Экинчиси: жөн эле чырлашуудан улам бычакташкан. Үчүнчүсү: судьядан акча өндүрүү максатында коркутуп-үркүтүшкөн.

Жабырлануучунун жубайы Эркинбү Саматова өмүрлүк жолдошу гана эмес башка судьялар да өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышканын билдирди:

- Отпускага чыгып, бир жарым ай эс алабыз деп келгенбиз. Үйдөн алып кетип эле ушинтип бычактап атат. Милициянын, элдин жардамы менен таптык. Бир адамга каршы катуу сүйлөчү эмес. Кол тийбестиги бар болгону менен булардын куралы жок, эч ким коргобойт. Эми ооруп калгандан кийин коргоп атат. Өмүрү дайыма коркунучта.

Эркинбү Саматова ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилеринен кылмышка тишелүүлөрдү изин суутпай кармап, эл көзүнчө жазалоону талап кылды. Болбосо, мындай көрүнүш дагы кайталанышы толук ыктымал.

Соттук териштирүүлөргө такай катышып жүргөн оштук укук коргоочу Равшан Гапиров судья Табылды Жусубалиевдин зомбулукка кабылышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышканынан күмөн санабайт:

- Бул кол салуу соттун ишине байланыштуу болушу ыктымал, башка соттор ушундан сабак алыш керек.

Жергиликтүү серепчилер Баткен облустук сотунун төрагасынын бычакталышы Кыргызстан криминалдык өлкөгө айлангандыгынан кабар берип турат деп кабатырланууда. Алардын баамында, мамлекет кол тийгистикке ээ Фемида кызматкерлерин коргоону күчөтпөсө, коомдогу акыбал мындан дагы катаалдашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG