Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Убактылуу өкмөт элге жана дүйнө коомчулугуна жасаган кайрылуусунда түштүктөгү трагедияны террордук диверсия деп атап, бийликтен кулатылган “үй-бүлө” өз элине каршы ондогон жалдангычтарды жибергенин белгиледи.

Жалдангычтардын арасында чет элдиктер бардыгы ишара кылынганы менен алардын улуту, жарандыгы айтыла элек. Бул боюнча алгачкы маалымат коңшу Тажикстандын нааразылыгын жаратты.

Түштүктөгү кандуу окуялардын азасы басыла электигине карабай коомчулук улут аралык тополоңду уюштурууга сырттан жалданган деген адамдардын ким экендиги ачыкталуусун да күтүүдө. Алдын ала айтылган расмий маалыматка караганда, массалык тополоңго катышы бар деген шек менен кармалган 26 адамдын бирөөсү Өзбекстандын жараны. Ал көзгө атар деп болжолдонууда. Бул тууралуу 17-июндагы пресс-конференцияда убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров айтты.

Тажик тараптын нааразылыгы

Ал эми тажик тараптын нааразылыгын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин ушул аптада жаңы дайындалган биринчи орун басары, азыр Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболовдун билдирүүсү жараткандай. Маалымат агенттиктери 14-июнь күнү ага шилтеме жасап тараткан билдирүүдө “ар кайсы жерде айнеги караңгыланган автоунаалардан эки этностун өкүлдөрүн бирдей атып кетип жатышкандыгы, булар Тажикстандын жашоого каражатсыз калган жарандарынан атайы куралган топ экендиги” көргөзүлгөн эле.

Бул сөздөргө оболу 15-июнь күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги реакция жасаган. Тажик Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө “Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн жетекчилиги өкмөттүн айрым мүчөлөрү менен кызматкерлеринин негизсиз жана жалаа жапкан билдирүүлөрүн токтотууга кудурети жетет”,- деп белгиленет. Ошондой эле документте террорчулар Борбор Азия аймагынын чегинен тышкары, “ал-Каиданын” лагерлеринде даярдыктан өтөрү, бирок арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары бардыгы, алар тигил же бул өлкөгө бүлүндүргүч иш-аракеттерди аткаруу үчүн жиберилери айтылган. Мисал катары жакында Душанбе – Хожент кан жолунун боюнда эки террорчу, Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарынын мурдагы эки тургуну жок кылынгандыгы келтирилген.

Тажик Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн кийин 16-июнда өлкөнүн коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хайриддин Абдурахимов парламентте сүйлөгөн учурунда буларга токтолду:

- Кыргызстандын коопсуздук кызмат жетекчисинин орун басарларынын биринин тажик жарандары катышкандыгы жөнүндөгү сөздөрү боюнча биз кечээ бул мекеменин башчысына (Кыргызстандын) жана Өзбекстанга кат жөнөттүк. Эгер тажиктер болгон болсо, алар тууралуу маалымат берүүнү сурандык. Кокус андай эмес болсо, алар массалык маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурашы керек.

Факт бар, бирок далил азырынча жок

“Азаттык” радиосунун кыргыз, тажик, өзбек редакцияларынын кабарчылары 16-июнь күнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызмат жетекчисинин биринчи орун басары, Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболов менен байланышканда ал буларга токтолду:

Кубатбек Байболов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 10-июнь, 2010-жыл.
- Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кайсыл бир сөздөрдү төгүндөгөндүн ордуна чынында ошондой сөздөр болгон-болбогонун билип коюшу керек. Мен андай нерселерди айткан эмесмин. Кайдан алышты?

Анткен менен Кубатбек Байболов анын бул сөздөрү түштүктө улут аралык араздашууга алып келген кан төгүүгө четтен жалданган адамдардын аралашкандыгы боюнча фактылар жок дегендикти билдирбесин кошумчалады:

- Качан бизде жетиштүү негиздер, далилдер болгондо бул тууралуу бүткүл дүйнөгө билдиребиз. Фактылар бар, бирок далилдер азырынча жок. Билдириш үчүн биз али колубуздагы материалдардын үстүнөн иштешибиз керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында, жергиликтүү жана эл аралык коомчулук чет элдик жалдангычтар жөнүндөгү маалыматка тергөөнүн материалдары далилдери менен кошо жарыяланганда гана ынанат. Эгер андайлар чын эле келген болсо, айланадагы эле өлкөлөрдөн:

- Булар топ-топ болуп кирсе көрүнүп калышмак. Акырындык менен кирип, элдин арасында, жашырына турган үйлөрдө бекинип жатышса керек да.

Убактылуу өкмөт 16-июнь күнү Кыргызстан калкына жана дүйнөлүк коомчулукка тараткан кайрылууда “болуп өткөн трагедиянын түпкү себеби - кулатылган кландын Кыргызстандан куулган өкүлдөрү тарабынан алдын ала уюшулган жана ишке ашырылган террордук диверсиясы” деп атады. Кулатылган “Үй-бүлөнүн” өкүлдөрү биздин элге террор жарыялады жана алар кандай чагымга болбосун даяр”, -деп айтылат кайрылууда.

Жаныш Бакиев Тажикстанда жашырынып жүрөбү ?

Жаныш Бакиев.
Анализдер түштүктөгү кан төгүүдө Жаныш Бакиевдин изин көргөзүп жаткандыгын 15-июнь күнкү пресс-конференцияда “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов белгиледи.

Айрым талдоочулар Жаныш Бакиевди Тажикстанда жашырынып жүрөт деп эсептешет. Ушул аптада жаңы уюшулган Коопсуздук кеңештин катчысы болуп дайындалган Алик Орозов өткөн айдын соңунда “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде мына ушундай жоромолун айткан эле:

- Мен мындай анализдеп көрсөм Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга же Европага чыгып кетсе кармалып калышы мүмкүн. Тажикстанда анын өзүнүн наркотикалык каналы бар. Андыктан ал жактагы наркобарондор менен сүйлөшүп чыгып кетиши мүмкүн. Эң ыктымалдуусу ушул.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Жаныш Бакиев Тажикстанда жашырынып жүрөт, же ал жакта эмес деп эсептелинген күндө деле Кыргызстандын түштүгүндө от күйүп турушунда наркобизнеске тартылгандардын кызыкчылыгы чоң:

- Анткени бүт күч органдары ушуну менен алектенип калат да, наркозаттар эч тоскоолдуксуз ташылып өтө берет. Ооганстандагы бейстабилдүүлүктүн негизги шарты ушул да. Алардын наркосоодагерлери Тажикстанга (өнөктөштөрүнө) да жардам берип жатышпайбы.


Орозбек Молдалиевдин болжолунда да, Жаныш Бакиев Тажикстанда эле жашырынып жүрүүсү мүмкүн. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ушул аптадагы билдирүүсүнө караганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Кыргызстанга түштүктөгү жаңжалдын уюштуруучуларын табууда жардам көргөзүү жагы да макулдашылган.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов ЖККУнун алкагында көргөзүлүүчү жардамдарды дагы бир сыйра тактоо үчүн 16-июнда Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келди. Ал Москва сапарынан соң “Азаттыкттын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Кыргызстандын расмий органдары азыр маселен мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев бул өлкөдө жүрөт деп так айта албайт. Эгер ЖККУнун өлкөлөрү кылмышка шектүү бул адамды издеп, табууда Кыргызстанга жардам көргөзсө, өлкөдө кырдаалдын турукташуусуна кошулуучу салымдардын бири болмок.

Душанбелик журналист, “Азия-Плюс” маалымат агенттигинин редактору Марат Мамадшаевдин айтымында, алар мурдараак Жаныш Бакиев боюнча суроону Тажикстандын күч органдарына жолдоп, терс жооп алышкан:

- Биз бул суроону расмий органдарга, Ички иштер министрлигине жана башка күч структураларына жолдогонбуз. Алар Бакиев Памирде жок деп айтышкан. Бул канчалык чын мен баа бере албайм.

Тажик журналисти Мамадшаев кошумчалагандай, Тоолуу-Бадахшан же Памир ал жерден башка жакка чыгып кетүүнү көздөгөндөр үчүн туңгуюк өрөөн болгондуктан, Кыргызстанда издөө салынган Жаныш Бакиевди өзүнө көп деле тартпашы мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандын түштүгүнөн түшүп жаткан маалыматтарга караганда жана окуянын күбөлөрүнүн басма сөзгө чыгып жаткан көрсөтмөлөрүн эске алганда, Марат Мамадшаев Ош менен Жалал-Абадда жалдангычтар аракеттенген деген ырастоолорго кошулууга болот деп эсептейт:

- Булар турмушу болбой калган, бирок шериктештиктин, а түгүл планетанын тигил же бул аймагында согуштук тажрыйбадан өткөн адамдар.

Эгер жалдангычтар чын эле кармалып, алардын жарандыгы, улуту жакын арада жарыяланып калса, түштүктөгү окуялар боюнча коомдук, өзгөчө эл аралык коомдук пикирге олуттуу таасир көргөзүүсү мүмкүн. Андыктан саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, фактылар болсо бул ишти көп кечеңдетпөө керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG