Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Жалал-Абаттын Ноокен районундагы Чек айылына Өзбекстан бир тараптуу чек ара бекетин орноткондугу белгилүү. Кыргыз бийлиги бул боюнча Өзбекстанга нота жөнөткөн, бирок өзбек тараптан расмий жооп боло элек. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Азаттыктын” түз обосунда ушул жагдайга байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Чек айылындагы кырдаал боюнча кабарыңыз болсо керек. Мына ушундай окуялар кайталана берсе кошуналар менен жаңжал күчөп кетиши ыктымал, азыр биз коркунучтуу баскычта турабыз деп айрым саясатчылар айтып жатышат. Бул кырдаалды сиз кандай баалап жатасыз?

- Чек айылынын маселеси бул азыркы саясаттын өзгөрүшүндө болуп отурат. Анткени бир-эки жолу өзбек мамлекетинин жетекчилери сөз айтышкан, өйдө жактагы мамлекеттер өз билгениндей ГЭСтерди куруп, сууну бууп коюп атат деп. Мына ошондой дооматка Алматыдагы жыйында президент Курманбек Бакиев ачык-айрым эсеп саны менен баарын айтып бергендиктен ошондон кийин болуп аткан окуя десек болот. Экинчи жагынан, Өзбек мамлекетинин уламдан-улам бир жолу ЖККУ деген уюмга кирип, кайра чыгып, ЕврАзЭШке кирип, кайра чыгып, Америкага барган сайын жакындап баратканынын себеби да ошондон болуп атат. Анткени ары жагында Чек айылына жасалган иш стартегиялык саясатка айланып кетчүдөй болуп турат. Ноокен районунун маселесин баарыбыз билебиз. Стратегиялык бул маселе 90-жылкы Ош окуясына окшоштурууга барат дагы, кийин биз жердештерибизге туура эмес мамиле кылгандыктан аскерибизди киргиздик дегенге чейин барууга жол ачылып атат.

- Азыркыдай маселеде Кыргызстан чек ара коопсуздугун кантип сакташ керек негизи?

- Биз айтышыбыз керек, өз алкымына алы жетпеген кээ бирөөлөр учурунда учактардын баарын, замбирек, танктардын баарын сатканын билебиз. Ал “Канат” деген программа болгон. Ошол эле маалда Акаевдин доорунда Кыргыз мамлекетинин куралдуу күчтөрүн алсыратып, сатып жиберген адамдар да болгон. Мына акырында биздин армиябыз куралсыз, алсыз болуп, аскер жетекчилигине кандайдыр бир таанылбаган адамдар келип, аскердик жолду бөгөп жаткандыгын биздин кошуналар жакшы билет. Ошондуктан бүгүнкү күндө аскер күчүн топтоп, аларды машыктырып, даярдоо үчүн ал жерге накта элин сүйгөн кадыр-барктуу аскер башчыларын алып келиш керек. Өз аскеринен акча аяган, душмандын курсагын тойгузат деген илгертен бери келаткан сөз бар.

- Кечээ “Азаттыкка” чек ара маселелери боюнча жогорку бийликтеги жооптуу кызматкерлердин бири Чек айылындагы окуяны жергиликтүү бийликтин маселеси, маселе жеринде чечилиш керек деген сөздү айтты. Сиз ушуга кошуласызбы, жергиликтүү бийликтин орду канчалык чек ара маселесинде?

- Бул маселе 17 жылдан бери келатат. Анткени бул адамдар өзүнүн жоопкерчилигин, мамлекеттик бийликтин маңызын түшүнбөйт. Чоң мамлекеттин өкүлдөрү кол салып атса жергиликтүү айыл өкмөтү кантип чечет, эмне кылып чече алат. Бул эмне атасы баласын окуткандай болуп, баласы атасын окуткандай болуп атат да. Ошондуктан Кыргызстандын чек арасына Конституция боюнча шек келтирүүгө эч кимдин укугу жок. Ал ыйык чек деп эсептелет. Кыргыздын ар бир ташы үчүн жооп бериш үчүн бизде тышкы иштер, коопсуздук, коргоо жана башка министрликтер бар. Ошонун баары президентке өзүнүн сунушун киргизип туруп, анан жооп кайтарыш керек болчу. Биз андай жолдон баш тартышыбыз керек. Биз сүткорчулук, кандайдыр бир саясий шуркуялыктан улам элибизди алсыратып, элибизди кордотуп атабыз. Бул саясаткка туура келбейт.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG