Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын кабыл алды. Бул документте эл аралык терроризм, диний экстремизм, экологиялык, суу-энергетикалык жана социалдык проблемалардан чыккан ички карама-каршылыктар, маңзат соодасы, көмүскө экономика менен коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген факторлор катары белгиленген

Маалыматка караганда Улуттук коопсуздук концепциясын курамына министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү кирген атайын комиссия бир жылга чукул аралыкта иштеп чыккан. Коопсуздук Кеңештин отурумун алып барган президент Курманбек Бакиев Концепцияны улуттук кызыкчылыктарга төп келген документ катары баалады.

Атайын комиссия иштеп чыккан долбоордо эл аралык терроризм, диний экстремизм, экологиялык, суу-энергетикалык, социалдык проблемалардан келип чыккан ички карама-каршылыктар, маңзат соодасы, көмүскө экономика менен коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген өңүттөр катары белгиленген. Кыргызстан аймагында ар кандай коркунучтар бар экендигин танууга болбой тургандыгын 11-февралда журналисттер менен жолугушууда президент Курманбек Бакиев да белгилеген:

- Кыргызстан аймагы көптөгөн блоктор менен мамлекеттердин кесилишинде турат. Ошондуктан ар кандай коркунучтар бар. Аларды танууга болбойт. Мисал катары айта турган болсок дүйнө жүзүндө болуп аткан окуялар буга далил. Мына Сербияда болгон окуя, акыркы кезде Грузияда болгон окуялар. Бул коркунучтар кандай коркунучтар экенин биз жакшы билебиз. Ошол коркунучтар биздин аймактык бүтүндүгүбүзгө, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарыбызга доо кетирилбес үчүн чаралар көрүлө баштады.

Аймактык бүтүндүккө коркунуч келгтирген жагдай катары1999-жылкы Баткен окуясы айтылып келатат. 2001-жылы иштелип чыккан Улуттук Концепция дал ушул окуядан кийин эл аралык терроризмден, сактануу, экономикалык, экологиялык коопсуздукту сактоо максатында түзүлгөн деп билдирди “Азаттыкка” ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысы Болот Жанузаков. Анын айтымында ыктымалдыгы бар тышкы коркунучтардын мүнөзү андан бери өзгөргөн жок:

- Чоң өзгөчөлүк деле жок. Бүгүнкү негизги өзгөчөлүк өлкөбүздүн ичиндеги мамлекеттин коопсуздугуна таасири тийе турган нерселерден сактап калуу болуп турат.

Жанузаков энергетикалык кризисти жөнгө салууну, элдин турмуш-тиричилигине кам көрүүнү, ички саясаттын туруктуулугуна жетишүүнү улуттук коопсуздукту сактоонун көрүнүштөрү деп эсептейт.

Турмуш-тиричиликтин начардыгынан улам эл азыр өзүн дин аркылуу сооротуп жатканын президент Курманбек Бакиевдин пикирине көз карашын айтып жатып укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди. Президент Коопсуздук кеңешинде жарандардын башка диндерге күч менен кирип жатышын жай баракат карап турууга болбой турган олуттуу маселе катары баалаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Президент мектептерден мечиттерге каттагандардын санынын артып жаткандыгына тынчсызданды. Укук коргоочу болсо бул маселени бийлик дал ушул социалдык-экономикалык жагдайды жөнгө салуу аркылуу чечип, дин мамлекеттен ажырагандыгын унутпашы керек деди:

- Диний агымдарга өтө эле кийлигишип, дин менен мамлекетти бириктирип койдук. Керек болсо диний майрамдарды президенттин жардыгы менен бекитип калдык. Качан айттап, качан орозо тутууну да ошентип аныктап калдык. Коопсуздук кызматкерлери, 9-бөлүм, милициялар, прокурорлор бүгүн казияттар менен, имамдер менен, мечиттер менен биргелешип иштеп калышты.

Маалыматка караганда президент ички-тышкы коркунучтардан өлкөнү коомчулук менен мамлекеттин биргелешкен аракеттери гана сактап каларын отурумда баса белгиледи.

Анткен менен Улуттук Коопсуздук концепциясынын мазмуну коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө жете элек. Ага жараша бул документ ар кыл өңүттө чечмеленүүдө. Маселен, укук коргоочу Азиза Абдырасулова жаңы концепция азыркы бийликтин саясатына акаарат кылууга жол бербей турган дагы бир курал болуп калышы мүмкүн деп болжоду.

Коопсуздук Кеңешинин ушул эле күнкү отуруму айлана чөйрөнүн абалын жана экологиялык коопсуздукту камсыздоонун чараларын талкуулады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG