Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

М.Турганбаев: Кооптонууга негиз жок


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев коопсуздукту камсыз кылууда күч структураларынын аракеттери тууралуу “Азаттыкка” маек курду

- Парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразы тараптар митинг жана башка акцияларды уюштурабыз деп кабарлап жатышат. Сиздерде кандай маалымат бар?

М. Турганбаев: Жалпысынан айтканда өлкөдө шайлоо тынч өттү. Эч кандай чыр-чатактар, коомдук тартипти бузуулар болгон жок. Ал эми нааразычылыктар болот деген имиштер айтылып жатат. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө коопсуздук абалы тынч.

- Бирок эл көп чогулган жерлерде жаңжал, тартип бузуу көрүнүштөрдүн орун алышы толук ыктымал эмеспи. Ушундан улам алдын ала кандай чаралар көрүлүп жатат?

М. Турганбаев: Өзүңүздөр билгендей 7-апрелден бери биз милицияны элге жакындаталы, элдик милиция кылалы деп аракеттенип жатабыз. Ошонун бирден-бир жыйынтыгы катары мына онунда элүү миңден ашык элдик кошуун ыктыярдуу түрдө бизге жардам берди. 17-ноябрга чейин коомдук тартипти сактоодо да ушундай тартипте иштейбиз. Ал эми оперативдик маалыматтарды алып караганда, жаңжал же башаламандык болот деген кабарлар жок. Андыктан кооптонууга негиз жок деп ойлойм. Эми бир нерсе болуп кете турган болсо эл менен элди сүйлөштүрүп, маселени тынч жол менен чечүүгө үндөгөн аракеттерди көрөбүз да.

- Сиз азыр Кыргызстандын түштүк аймагында жүргөн экенсиз. Июнь айындагы коогалаң боюнча кылмыш иштерин териштирүү кандай жүрүп жатат? Кандай жыйынтыктар бар?

М. Турганбаев: Мисалы, Жалал-Абад облусу боюнча айта турган болсок, баягы оор кылмыштардын сексендей пайызынын бети ачылган. Издөөдө жүргөн кылмышкерлер бар. Алардын бардыгы изделип, оперативдик иштер жүрүүдө.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG